Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Иорданияда Манас айткан Тилекке чет өлкөлүктөр суктанышып, аны көтөрүп алышты

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 19 май 2020

Кыргызстандык Тилек аттуу мырза Иорданияда элибиздин улуттук дөөлөтү болгон “Манас” эпосунан үзүндүнү чет өлкөлүктөргө айтып берип, алардын кызыгуусуна жана чоң алкышына татыган. Бул видео 2019-жылдын апрель айында тартылган. Биздин редакция Кожомат уулу Тилекке байланышып, ошол иш-чара жана анын өзү тууралуу маек алды.

null

- Ассалам алейкум, Тилек! Бул эмне болгон иш-чара эле?

- Валейкум ассалам. Бул 14-15 мамлекет катышкан көргөзмө болчу. Анда ар бир өлкө өз маданиятын тааныштырган. Биз да өз маданиятыбызды тааныштырып, Манастан да үзүндү айтып бердик. “Манас” эпосу тууралуу башында араб тилинде чакан киришүү жасадым. Баарына жакты окшойт. Абдан кызыгуу менен угуп, колдоп турушту. Телефондоруна тартып жатты. Албетте, биздин маданиятка болгон чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусу мени абдан кубандырды.

Негизи Манасты уккан ар бир адам опкоолжуп алат, кыргыз эле эмес, башка улуттун өкүлдөрү да. Маанисин түшүнбөсө да ордунан козголбой берилүү менен угушарын көп эле жерден көрүп, күбө болуп, байкап жүрөм. 500 000 сапты өз ичине камтып, аны кирген суудай күпүлдөп айткан манасчыларга, албетте, таң калбай кое албайсың.

null

- Сонун экен. Өзүңүз Иорданияда эмне иш менен жүрөсүз?

- Мен учурда Иорданиянын Амман шаарында Бүткүл дүйнөлүк ислам университетинде Ханафий факультетинде окуйм. Окуу мөөнөтү 4 жылды камтыйт. 2017-жылдын октябрь айында келгем, 2021-жылы январь айлары менен университетти аяктайм деп турам, Кудай буюрса.

null

- Бул жерге окууга кандайча келип калдыңыз?

- Ар кандай кароо-сынактарда көп эл аралап жүрүп, чоңойгондо ырчы болом деген изги тилегим бар эле. Окууну аяктагандан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырдым. Ал жакта эки жыл окуган соң дин илимин терең окуу талабым, каалоом күчөп, окуумдан өз каалоом менен чыгып кеттим. Андан соң Нарын облусунун казысы, жазуучу, психолог Мамбетасан Ибраев агайга жолугуп калып, ошол кишинин кол алдында окудум. Иорданияга да ал кишинин сунушу жана өзүмдүн каалоом менен келип калдым. Учурдан пайдаланып ата-энеме, агайыма, колдоп-коштогон байкелериме ыраазычылык билдирем!

%article_title%

- Окууңуз кандай анан? Артыкчылыктары менен кыйынчылык тараптарынан да кеп салсаңыз?

- Иордания Шам өлкөлөрүнүн катарына кирип, бул өлкөдө улуу инсандардын изи калган. Буд жактагы окуу мөөнөтүм 4 жылга созулуп, 135 саатты камтып, бакалавриат даражасы берилет. Окуу ханафий китептеринин негизинде жүрүп, башка жактан таасир алууга жол берилбейт. Чет элде, арап коомунда шарият илимин алам дегендерге ушул жакты сунуштайт элем.Кудайга шүгүр, окуудан абдан көп пайда алдым десем жаңылышпайм. Шарияттын негиздери болгон акыйда, фикх, тасаввуф илимдерин кенен түшүнүүгө мүмкүнчүлүк болду. Жакканы - күн сайын жаңы билимге ээ болуп, билген сайын көз ачылып жатканы. Кыйынчылык тараптарынан - транспорт маселеси, кымбатчылыгы. Бирок, албетте, сөзсүз түрдө кыйынчылык аркасында жакшылык бар. Кымбатчылыгы дегенимдин себеби, бир иордан динары биздин акча менен 100 сомго туура келет.

%article_title%

- Сиздин Манас айтууңузга келсек, улуттук адабият, эпос, дастандарга кызыгууңуз күч окшойт?

- Кичинемден эле ар кандай кароо-сынактарга катышып, Манас айтып калчумун. Албетте, куюлуштуруп айта албайм, колумдан келишинче, жаттаган жерлеримди ылайыгы келген жерлерде айтып жүрөм. “Манас” эпосуна, албетте, кызыгам. Бул биздин улуттук дөөлөтүбүз эмеспи. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө эпос тууралуу ар кандай кептер жүрөт. Бир жолдошум университетте окуп жүргөндө манас таануу боюнча агайы мындай дептир: “Биз Манасты жалпылаштырылган фигура катары түшүнүшүбүз керек. Анын ичинде айкөлдүк, гумандуулук, табият менен таттуу мамиледе болуу жана башка ушул сыяктуу элибиздин кан-жанына сиңген сыпаттардын баары бар, демек, Манасты кыргыз эли десек болот". Манас деген адамдын болуп-болбогону тууралуу талкуулар да жүрүп калат го. Менимче, биз бул нерсени талкуунун темасына айлантпай, эпостун ичинен чоң сабактарды алып, аны өзүбүзгө сиңирип, аны кайра келечекке сунуубуз зарыл.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
7 август 2020г.
Багымдат
4:06
Күндүн чыгуу
5:59
Бешим
13:07
Аср
18:09
Шам
20:19
Куптан
21:47