Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кадыр Маликов: “Зомбулукка кабылган аялдын күйөөсүн кечирген тосмо арызын кабыл албоо керек”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 15 июнь 2020

Социалдык тармактарда тараган үрөй учурган видео үй-бүлөлүк зордук-зомбулук темасы боюнча кызуу талкууга жем таштады. Ал видеодо Сузакта моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга күйөөсү башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Бүгүн ал аял күйөөсүн кечиргендиги тууралуу тосмо арыз жазганы белгилүү болду.

null

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликов аял күйөөсү тараптан зомбулукка кабылгандан кийин кайра сотко аны кечиргендиги тууралуу жазган катын кабыл албай турган мыйзам долбоорун колдорун билдирди:

“Мен Жогорку Кеңештин депутаты көтөрүп чыккан мыйзам долбооруна өзгөртүүнү толугу менен колдойм. Ал азыр коомдук талкууга коюлду. Анда жазылгандай, үй-бүлөлүк зомбулук актысы катталат да, андан кийинки жабырлануучунун өзү, же туугандары жазган кечирүү каттары кабыл алынбайт. Менимче, бул- эң туура чечим. Анткени, көбүнчө мындай каттар аялзатына жасалган психологиялык, моралдык басымдардан улам жазылат. Аялдын өзүнүн эле туугандары “Элге шерменде болбогула”, “ушунча жыл чогуу жашадыңар, күйөөңдү камап салса уят эле болдуңар” деген сыяктуу сөздөрдү айтышып, аялын “күйөөсүн кечиргендиги тууралуу” кат жаздыртышып, арызын кайра алдыртышат. Мындай окуялардын 99%ы ушундай жол менен аяктап, зордук-зомбулук жазасыз, үйдүн ичинде эле калып жатат. Жазасыз калган зомбулук күчөгөндөн күчөй берет да”,- дейт Кадыр Маликов.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган 6145 учур катталган. Бул көрүнүш коомдун терең руханий деградацияга түшкөнүнүн белгиси экенин Кадыр Маликов фейсбуктагы баракчасында жазып бөлүштү. Диний аалымдын пикирин толугу менен беребиз:

“Биздин аялдар дагы канча кыйналышат?

Күйөөсү аялын мыкаачылык менен кордоп жатканы тартылган видеону көргөнүмдө кандай капаланганымды, ачууланганымды сөз менен жеткирүү кыйын.

Мындай окуя эжеси, карындашы, кызы бар ар бир адам менен кайталанышы мүмкүн. Анткени биздин коом төмөндү көздөй тереңдеп эле кетип бара жатат.

Чынын айтканда, биз канчалык бул теманы телеканал же социалдык тармактан талкуулабайлы, баары бир, аялдарга, балдарга болгон зордук-зомбулук күчөгөндөн күчөп эле бара жатат.

Бийик трибуналардан биз улуттук ар-намыс, патриоттуулук, карт тарыхтуу эл экенибизди айтып келебиз. Коомдо педофилия күчөп, энелер балдарын ажаатканага калтырып кетип жатса, балдар ата-энелерин карылар үйүнө таштап жатса, күйөөлөрү аялдарын мазактап жатса, анда ошол бийик трибуналардан айтып жаткан сөздөрдүн баары - бош сөз.

Бүтүндөй калктын терең руханий деградациясы тууралуу сөз кылуубуз керек. Биз азыр буга чейин өзүбүз айтып мактанып келген улуттук духу, айкөлдүгү, эр жүрөктүүлүгү жок башкача эл болуп калдык.

Эгерде элибизде намысты коргоо деген түшүнүк болгондо эркектер аялдарын мазактабайт эле, педофилия болбойт эле. Анткени муну жасай тургандар өч алуудан же таш бараңга алынып калуудан коркушмак.

Мамлекет тараптан зомбулукка каршы катуу чараларды көрбөй жатабыз, мыйзамдар иштебей жатат. Көчөлөрдө коопсуздукту сезе албайсың.

Диний кызматкерлер эркектердин аялдарына, балдарына, ата-энелеринин астындагы мамилеси үчүн Аллах Тааланын алдындагы милдети тууралуу максаттуу тарбиялоочу жана агартуучу ишти аткара элек. Аксакалдар соту сыяктуу каада-салттар да иштебей калды.

Эгерде коом оңолбосо, Аллах бул коомго катуу сыноо жибериши мүмкүн, же аны башка элге алмаштырып коет”,- деп жазат Кадыр Маликов.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49