Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

7000 студенттен жалгыз мусулман кыз. Айзаданын Америкадагы окуусу

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 21 июль 2020

Кыргызстанда 20-июлдан тартып жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды. Абитуриенттер жашоосундагы эң маанилүү тандоонун алдында турушат. Кесип тандоонун маанилүүлүгү, алдыга так максаттарды коюп, күн сайын тыным албай эмгектенүүнүн жемиши өтө таттуу болорун маектешибиз Айзада Курбанкулова айтып берди.

%article_title%

Айзада 19 жашта. Ал учурда Американын Миннесота штатында IT тармагында билим алат. Мекендешибиз менен чет өлкөдөгү окуу, америкалыктардын жашоо образы жана ислам динине болгон көз караштары тууралуу маек курдук.

- Ассалам алейкум, Айзада. Кесип тандоо келечегиңди тандоого барабар эмеспи. Азыр миңдеген абитуриенттер бул маанилүү чечимдин алдында турушат. Сиз өз убагында кантип чечим чыгардыңыз жана эмне үчүн Америкада билим алуунун чечтиңиз?

- Валейкум ассалам. Мектепте окуп жүргөндө эле чет өлкөгө окууга тапшырам деген конкреттүү максат коюп, колумдан келишинче пайдасыз нерселерге алаксыбай, ушул максат менен жашап, тил үйрөнүү менен тынымсыз алек болдум. Чынын айтсам, менин Америкада окуйм деген оюм жок болчу. Бул жерде билим алуу абдан кымбат деп эсептечүмүн. Ата-энем менин максатымды түшүнүшүп, ар дайым колдоолорун көрсөтүп турушчу. 11-класстын соңунда апам: “Кел, Американы да караштырып көрөлү?”- деп сунуштап калды. Мен да макул болуп, эмне бар, эмне жок, жөн гана байкаштырып, өз күчүбүздү сынап көрөбүз дедим. Ошентип, IT факультетине окууга кабыл алынганым тууралуу кат келди. Бул бизге өтө күтүүсүз болду. Америкада IT тармагын жакшы окутат. Андыктан, биз башка өлкөлөрдү караштырбай дароо документ маселелерин чечүүгө кириштик. Визаны да оңой ала алдык. Максатыма жеткенде келечекке дагы жаңы, мындан да бийик максат коюп, аракеттенүүгө мотивациям күчөдү. Ал эми IT тармагын тандаганымдын себеби, келечекте үй-бүлө куруп, балдар менен отуруп калсам, үйдөн деле программист болуп, аралыктан иштеп, өзүмдү профессионалдык жактан өнүктүрө берем деген ой болду.

%article_title%

- Азыр кайсы шаарда, кандай университетте окуп жатасыз?

- Американын Миннесота штатынын Бемиджи шаарындагы Бемиджи мамлекеттик университетинде билим алам. 1-курсту аяктадым. Дагы 3 жыл окуйм. Биздин окуу жайда 6500 студент билим алышат.

- Студенттердин арасында мусулмандар барбы? Чогуу окугандар, мугалимдер сиздин жоолук салынып жүргөнүңүзгө кандай карашат?

- 6500 студенттин ичинен мен жалгыз мусулман кызмын деп айтсам болот. Бемиджи чакан шаар болгондуктан, мусулмандар дээрлик жок. Албетте, менин мындай кийинип жүргөнүм студенттерди да, профессорлорду да абдан кызыктырат. Бирок алар шарт кесе: “Сен эмнеге жоолук салынасың?”- деп сурашпайт. Мындай суроолордо алар абдан сезимтал экенин, бирөөнү таарынтып албоого чоң көңүл бурушарын байкадым. “Сенин жоолугуң абдан кооз көрүнөт экен. Мен сени таарынтып алгым келген жок. Мага жөн гана абдан кызык болуп турат. Сенин эмнеге башыңа жоолук салып жүрөрүңдү сурай аламбы”,- деп мага көп ирет кайрылышты. Мен аларга динибизде чачты көрсөтпөй жаап жүрүү милдеттүү экенин түшүндүрүп айтып берем. Алар мени угуп отуруп, кызыгып калышат. Негативдүү реакцияларды жолуктурган жокмун.

%article_title%

- Америкадагы билим берүү системасы кандай экен? Мугалимдер тууралуу айтып берсеңиз.

- Америкада техника абдан өнүккөн, көп нерсе онлайн форматта жүрөт. Мисалы, баалар онлайн коюлат. Үй тапшырмалары онлайн тартипте берилет. Бул үчүн атайын студенттик сайтыбыз бар.

Мугалимдердин, профессорлордун студенттерге болгон мамилеси абдан жакшы. Алар окуучулардын суроо берип, өз активдүүлүгүн көрсөтүшкөнүн жакшы көрүшөт. “Менин офистик сааттарым 5тен 7ге чейин. Келип, каалаган түшүнбөгөн сурооңорду бергиле. Мен силерге жардам берем. Өзүңөрдүн да почта дарегиңерди, номерлериңерди калтырып койсоңор болот”,- деп айтып турушат. Студенттер бир нерсе түшүнбөй калса сурай албай уялышпасын деп ар дайым буларды эскертишет. Мен алардын офистик сааттарына көп барып турчумун. Анткени кээде тапшырмаларды түшүнбөй калар элем. Профессорлор отургузуп алып, баарын түшүндүрүп беришчү. Алардын предмети мага маанилүү жана мен аны түшүнгөнгө аракет кылып жатканым үчүн профессорлор сүйүнүшчү. Ошодой эле, Америкада университеттерде коррупция жок. Мындай нерсени байкап калышса, окуудан дароо чыгарып жиберишет. Профессорлорго белек да берүүгө болбойт. Анткени бул пара сыяктуу кабыл алынат.

- Окуудагы алгачкы биринчи жылыңыз кандай болду? Бүтүрүүчү сынактарды жакшы тапшырып алдыңызбы?

- Баары жакшы, Кудайга шүгүр. Кыргызстанда англис тилине көңүл буруп окугандыктан, бул жакта тил жагынан кыйналган деле жокмун. Баардык предметтерден экзаменди “5”ке тапшырдым.

%article_title%

- Азыр жатаканда турасыз да? Коопсуздук жагы кандай?

- Эреже боюнча, бардык 1-курстун студенттери университеттин кампусундагы жатаканда жашашы зарыл. Бул – окуу жайдын талабы. 2-курстан баштап батирге чыгып кетсе болот. Шаардын коопсуз экенин айта алам. Жатаканабыз атайын кароолдо турат. Ар бир 5-10 метрде кызыл баскычы менен столбалар бар. Бир нерсе болсо, ошону бассаң дароо кароолчулар жетип келишет.

- Сиз жашаган шаарда мусулмандар болбосо, демек мечит, намазканалар деле жок болсо керек, э?

- Ооба, жеке мен америкалык мусулмандарды жолуктура элекмин. Бул жакта ислам тууралуу деле көпчүлүгүнүн маалыматы жок. Бирок көбү динибизде чочконун этин жегенге болборун жакшы билишет.

Туура айтасыз, мен жашаган шаарда мечит жок. Бирок башка чоң шаарларда мечиттер бар. Мисалы, Лас-Вегаска барганымда, андагы мечитти көрдүм. Аябай кооз экен. Университетимде да намазкана жок. Бирок окуу жайыбыздын китепканасында 1ден адам кирип окуй турган кичинекей бөлмөлөр болот. Лекциялардын ортосунда намаз убактысы келип калса, китепканага барып окуп келе калам. Бирге окугандар: “Күнүнө 5 жолу намаз окуйсуңбу? Кантип жетишесиң?”- деп таң калып сурашат. Бирок бул мага эч кандай кыйынчылык жаратпайт. Тескерисинче, убакытка так болууга шыктандырат.

%article_title%

- Америкалыктардын аз да болсо Кыргызстан тууралуу кабары бар бекен?

- Кыргызстан тууралуу дээрлик билишпейт. Казахстан жөнүндө аздыр-көптүр маалыматтары бар. Сабакта презентацияларды жасайбыз. Мен Кыргызстан, биздин ажайып жаратылышыбыз тууралуу айтып берип, мекенибизди таанытканга аракеттенем. Менин тааныштарым азыр Кыргызстандын желеги кандай экенин жатка билишет. Америкада тоо деген жок. Саякатка чыгып калганыбызда кичинекей дөбөнү көрүп алышып, “вау, тоолор” деп аябай сүйүнүшөт. Ошондо мен: “Силер Кыргызстандын тоолорун көрө элексиңер да, биздин тоолорубузду көрсөңөр эмне болмоксуңар”,- деп айтып калчумун.

- Жогоруда Лас-Вегаска барганыңызды айттыңыз. Дагы кайсы жерлерде болдуңуз?

- Бул жерге келгенимдеги 9 ай ичинде 11 штатты көрүп келдим. Ар бири өзүнчө мамлекет сымал, аба-ырайы, географиялык өзгөчөлүгү менен айрымаланып турушат. Лас-Вегас, Лос-Анджелес, Голливуд, Нью Йорк, Чикаго, Түндүк Дакота, Түштүк Дакота, Висконсин сыяктуу чакан штаттарда болдум. Лос-Анджелес, Лас-Вегастарда кыш, а Миннесотада жай болбойт. Кышында Лос Анджелес, Лас Вегастарда болуп калдым. Эшикте +25 градус ысык. Ошондой болсо да көчөлөрдө жаңы жылга карата ар кандай декорацияларды жасап коюшат экен. Бирок баарыбир жаңы жылдык атмосфера жок (күлүп). Бул саякаттарымдын айрымдары акысыз болуп, чогуу окугандар менен бирге бардык. Ал эми Нью-Йоркто туугандарым бар. Алардыкына коноктоп барып келдим.

%article_title%

- Америкалыктардын жашоо образынан өзгөчө эмнелерди байкадыңыз?

- Бул жерде тез татым тамактарына басым жасап, ашыкча салмактуулук көйгөй болсо да, мындай көрүнүш менен бирге дени сак жашоо образын кармангандар да арбын экенин байкадым. Элдердин көбү чуркашат, дене тарбиясына көңүл бурулат. Өзгөчө улгайып калган адамдарга суктандым. Биздикилер 50 гө чыкканда “болду, карыдым” деп өзүлөрүн таштап коюшу мүмкүн го. Ал эми бул жакта 90 жаштагылар да спорт залга келип чуркашат экен. Карып калышса да акырына чейин өзүлөрүн кармап, жашоосун, энергиясын 100 пайыз колдонуп калганга аракеттенишет.

Ошондой эле, Америкада ата-энелер балдарын эки жакка чыгарып, эс алдырганга өзгөчө маани беришет. Үй-бүлөсүнө арнаган бир күнү сөзсүз болот. “Мен иштеп жатам, балдарга убактым жок”,- дешпейт. Жаратылышта эс алуу, балык уулоо, башка жерге чакан саякат, кинотеатр, гольф сыяктуу эс алуунун түрлөрүн колдонушат.

- Сизди социалдык тармакта, өзгөчө инстаграм менен ютубда активдүү экениңизди байкадым. Билим алуу, саякат тууралуу блог жүргүзөт экенсиз?

- Ооба, мен маал-маалы менен кызыктуу контент жасаганга аракеттенем. Тил үйрөнүү, максат коюу, билимге басым жасоо, саякат темасында текст, сүрөт, видео түрүндөгү материалдарым менен бөлүшүп турам. Башкаларга да пайдалуу болгум келет. Көбүнчө чет өлкөгө окууга кантип тапшыруу керектигин сурап, кайрылышат. Максатсыз жашагандын эч кандай кызыгы жок. Так максат коюп, ага жетүүгө болгон аракетти жасап, анын жемишин көргөн адам ушундай сонун ырахат алат. Мен өзүм теңдүүлөргө ушуларды айтып жеткиргим келет.

%article_title%

- Күнүңүздү кандай бөлүштүрөсүз? Чет жакта жүргөндө өзүңүздү жалгыз сезген учурлар болобу?

- Жок, Кудайга шүгүр, менде андай деле сезим жок. Аллах Таала дайыма мени менен деген чоң ишенимим бар. Биз кайда болсок да эч качан жалгыз калбайбыз. Анткени биз менен ар дайым Жаратканыбыз. Кыйынчылык учурда диниме бекем болгонго аракеттенем. Бул нерсе мага жардам берет. Адам ишенимин жоготкондо калган баардык нерсесин жоготот, ал эми жүрөктө ишеним бар кезде эч нерседен коркпош керек. Ал эми убакытты туура пайдалануу боюнча айтсам, мен блокнотко алдыдагы аткара турчу иштеримди жазып алам. Мисалы, эртең кандай иштер менен алек болом, кимдер менен жолугарымды сааты менен тактап жазам. План түзгөндө баарын намаз убактыларына ылайыкташтырам. Биз намазды иштерибизге ылайыкташтырбай, иштерибизди намазга ылайыкташтырып түзүшүбүз керек.

- Жоолукту канча жашыңыздан баштап салындыңыз? Бул сиздин жеке чечимиңиз болдубу?

- Мен ислам эрежелери менен жашаган үй-бүлөдө тарбияландым. Ошондуктан, мусулмандар эмнеге намаз окушат, орозо кармашат деген сыяктуу маселелерди кичинемден эле билчүмүн. 4-классымда жоолук салынам деген чечим чыгардым. Апам “кое тур” деди. Бирок менин каалоом күчтүү эле. Мага көчөдө кетип бара жатканда бири-бирин тааныбаган эле жоолукчан кыздардын учурашканы аябай жакчу. 9-классымдан баштап ислам дини тууралуу адабияттарды көп окуп, динимди дагы жакындан үйрөнүүгө аракеттенип баштадым. Улам жаңы маалыматтарды үйрөнгөн сайын мусулман болуп төрөлгөнүмө ыраазы болуп, сүйүнчүмүн.

%article_title%

- Окурмандарга кайрылууңуз барбы?

- Башыбыздагы чектөөлөрдү алып салыш керек деп айткым келет. Көбүбүз кыялдангандан коркобуз. Балким аткарылбай калсачы дейбиз. Биз мындай пайдасыз ойлорго убакыт кетирбей, максатка кетчү жолдо эмгектене беришибиз керек. Ушул кадамдарыбыз бизди бактылуу кылат. Ал эми абитуриенттерге ийгилик каалайм!

- Маегиңизге рахмат. Сиздин окууларыңызга да албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
23 ноябрь 2020г.
Багымдат
06:23
Күндүн чыгуу
08:03
Бешим
12:48
Аср
15:51
Шам
17:38
Куптан
18:53
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Жаӊылыктар