Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Белгилүү ырчы Айпери Кубик кызы жоолук салынганынын себебин айтып берди

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 26 июль 2020

Мындан 4 кун мурун белгилүү эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы инстаграмдагы баракчасына ислам динине ылайык жоолук салынганы тууралуу чечимин өз аудиториясы менен бөлүшкөн. Биз Айпери айым менен байланышып, бул тууралуу кененирээк маектештик.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Айпери. Ислам дининин парздарынын бирин аткарыпсыз. Жоолугуңуз кут болсун! Бул чечимиңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Валейкум ассалам. Чоң рахмат. Негизи балалыгымдан тартып динден аздыр-көптүр кабар алып чоңойдум. Таенем диндар адам болгондуктан, биз алардыкына барып калганда анын намаз окуп жатканын көрөр элек. Таенем аркылуу Ыйык Курандын сүрөлөрүн, жатарда, тамак ичерде окулчу дубаларды үйрөнгөм. Жашоомдо кандайдыр бир маселелер жаралып калса, бул тууралуу шариатта эмнелер айтылганына кызыгып, ага ылайык маселелеримди чечкенге аракеттенчүмүн. Буга чейин менин жоолук салынуу боюнча терең түшүнүгүм болбогондуктан, бул маселеге анчейин маани бербептирмин. Ислам тууралуу дагы көбүрөөк маалымат ала баштаган соң чечимди дароо жасадым. Кээ бирлер: “Канча жылдан бери пландап, бирок батына албай жүрөм”,- деп айтып калышат го. Менде андай нерсе болгон жок.

- Жакындарыңыз, досторуңуз бул чечимиңизге кандай карап жатышат?

- Көптөрүндө “менин жашоомдо күтүүсүз окуялар болгон го, бир нерседен кыйналган окшойт” деген ойлор бар экен. Кудайга шүгүр, менде баары жакшы. Бул чечимиме сырткы факторлордун эч кандай тиешеси жок. Баары менин ички абалымдан болду. Аллахтын алдындагы парзымды аткарып, Анын ыраазычылыгына жетким келди. Кудайга шүгүр, жакындарымдын баары колдошту. Анткени алардын дин тууралуу түшүнүгү бар жана менин чечимиме сый-урмат көрсөтүшөт. Кайната, кайненем ажыга барып келген адамдар. Алар абдан сүйүнүштү. Жолдошум да аябай ыраазы болду.

- Сиз кантсе да элдин адамы эмессизби? Күйөрмандарыңыз кандай кабыл алды?

- Жоолукту бир жумадай эч кимге айтпай эле салынып жүрдүм. Бир жумадан соң гана социалдык баракчама жарыяладым. Албетте, бир аз толкундануу болду. Бирок ал толкундануу “Эл эмне дейт?” деген мааниде эмес. Анткени мен чечим кабыл алып жатканда бул кадамым Жараткандын ыраазычылыгы үчүн экенин билгем. Ал эми Аллахтын ыраазычылыгы дүйнөдөгү болгон бардык пикирлерден жогору турат эмеспи. Катталуучуларымдын ичинен басымдуу бөлүгү чын жүрөктөн куттуктап, жакшы тилектерин айтып жатышат. Аларга терең ыраазычылык билдиргим келет. Негативдүү пикирлер да болду. Эми ал пикирлер динден түшүнүгү жок, же динге каршы маанайдагы адамдар десек болот. Бир эже мага толтура агрессивдүү каттарды кайра-кайра жазып жатты. “Сиз менден эмнени каалап жатасыз?” деген суроомо так жооп бере алган жок.

- Ал эми чыгармачылык жааты кандай болот?

- Чынын айтсам, бул тууралуу мен такыр эле кабатырланып, ойлонбопмун. Албетте, бир катар нерселерди өзгөртүүм керек. Балким, ишкерчилик жаатта да аракеттеримди жасап көрөм. Бирок чыгармачылыкты толугу менен таштайын деген оюм жок. Кантсе да, ушул убакка чейин топтогон аудиториям бар, 12 жылдан бери чыгармачылык чөйрөдө жүрөм. “Бычак менен алма кесип, же аны менен адам өмүрүн да алса болот” дегендей, мен чыгармачылыкты туура нукта колдонгонго аракетимди жумшайм.

- Бул жаңы образда өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

- Жашоомдогу маанилүү кадамдардын бирин жасаганыма абдан бактылуумун. Жан-дүйнөм тынч. Жоолуктун жоопкерчилиги жана сүрү болорун байкадым. Мурда элдерден “жоолукчан болуп алып, ушундай иштерди жасайт” деген сыяктуу нааразы болгон сөздөрдү угуп калчу элем. Баарыбыз пенде экенибизди унутпашыбыз керек, ар бирибиздин оңдой турчу кемчиликтерибиз бар. Бирок, баарыбир, адамдардын көбү динди анын негизги булактарынан окуп үйрөнбөй, аны кармангандарды карап алып чечим чыгарып коюшат экен. Андыктан, мен бул жоопкерчиликти сезип, мусулман кыздарды уят кылбаганга аракеттенем. Жоолук салынган кыз адеп-ахлак, жүрүм-турум, адамдарга жасаган мамилесинде тынымсыз иштеп, алдыга умтулганга аракеттениши керек экен деген чечимге келдим.

- Айпери, чоң рахмат маегиңизге! Иштериңизге ийгиликтерди каалайбыз!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:19
Күндүн чыгуу
6:54
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:56
Куптан
20:28