Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Чубак ажы атындагы мечиттин негиздөөчүсү Баяман мырза: "Бул мечитти Чубак ажы өзү ачып бермек эле"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 5 август 2020

Мындан 1 жума мурун, 30-июлда, Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылында диний аалым, кыргыз элинин сүймөнчүгү маркум Чубак ажы Жалилов атындагы мечит ачылып пайдаланууга берилген. Аталган мечиттин негиздөөчүсү Шайлообек уулу Баямандын айтымында, Чубак ажы көзү тирүү болгондо бул мечитти өзү ачып бермек экен.

%article_title%

“25-июлга мечиттин ачылышына Чубак ажыны чакыргам. 10-июлда алдын ала байланышмакбыз. Чалсам албай койду. 11-июлда суук кабарды уктум”,- дейт Баяман мырза.Улуу аалымдын ысымын алган мечиттин тарыхы тууралуу Баяман мырза менен маек курдук.

- Ассалам алейкум, Баяман мырза. Мечиттин ачылышы кут болсун! Мечит куруу демилгеси сизде эмнеден улам пайда болду?

- Валейкум ассалам. Рахмат. Мен өзүм Талас жергесинин кулуну болом. Жеке ишкерчилик менен алектенем. Жалал-Абадга иштерим боюнча, же эс алуу менен барып калчумун. Ошол жердеги балдар айылдагы мечит эскирип, анын ордуна жаңысын куруу тууралуу айтып калышты. Бул мечитке келгендердин саны көп болуп, ага элдин муктаждыгы бар экенин байкадым. Балдар мечиттин курулушуна демөөрчү табышууга жардамдашуумду суранышты.

%article_title%

1 жылдай демөөрчү издеп, такыр таппай койдум. Кийин телевизордон Чубак ажынын сабактарын көрүп калып, андан жакшы иштерди кийинкиге жылдырбоо тууралуу насааттарын угуп, эч кимди күтпөй эле өзүмдүн аракетим менен мечит салууну чечтим. Эл ашар жолу менен кол кабыш кылды. Кийин ажыкебизди шаарга издеп барып, өзү менен жолугуп, мечит салганымды айтып, ага: “Чакырсам келесизби? Өзүңүз ачып берсеңиз жакшы болот эле, убактыңыз болобу?”- деп сурадым. Ал киши тамашалап сүйлөйт эмеспи, “Сен биринчи чакыр да, анан мен барам”,- деп күлүп жооп берди. Ошентип макулдашып, 25-июлга датаны белгилеп, 10-июлда дагы бир ирет алдын ала байланышмакбыз. 9-июлда телефон чалсам алган жок, эртеси күнү эле суук кабарды уктук. Албетте, бардык мусулмандар үчүн оор жоготуу болду. Негизи мечитти кандай атай турарыбыз жөнүндө чече элек болчубуз. Чубак ажы өтүп кеткен соң бул мечитке анын ысымын берүү боюнча каалоом күч болду. Ажыкенин үй-бүлөсү, балдарына чалып уруксат сурадым. Алар макул болушту.

%article_title%

- Мечит канча кишилик? Курулуш иштери тууралуу да айтып берсеңиз.

- Мечит 400 кишилик. Азыркы замандын талабына ылайык бардык шарттар менен курулду. 6 айда салып бүттүк. Машина токтотчу жайы бар. Колумдан келишинче, мечитке эң жакшы, сапаттуу материалдарды колдонгонго аракеттендим. Ичине салынчу килемин Өзбекстандан алдырдым. Өзүмө үй салганда да мынчалык кубанган эмесмин. Мечиттин курулушу аяктаган соң абдан жагымдуу сезимдер болду. Башында 1 кабаттуу кылып эле салмакбыз. Кийин ойлонуп, 2 кабаттуу кылууну чечтик. 1- кабатында даараткана, окуй турчу бөлмөлөр бар. 2-кабатында намаз окулат. Бул жерден илим алган балдардан улуу аалымдар чыксын деп тилек кылабыз.

- Аллах Таала ибадаттарыңызды кабыл кылсын. Маегиңизге ыраазычылык билдиребиз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
26 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:19
Күндүн чыгуу
6:54
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:56
Куптан
20:28
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов