Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Алып баруучу Жанара Атабекова: "Жоолук салынуу 5 жылдан берки арзуум болчу"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 12 август 2020

Жанара Атабекова белгилүү теле жана радио алып баруучу. Ал бул кесипте 15 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип келет. Жакында эле Жанара айымдын журналист курбулары аны менен биргеликте түшкөн сүрөтүн интернетке жүктөшкөн. Анда алып баруучуну ислам эрежелерине ылайык салынган жоолугу менен көрүүгө болот.

Биз Жанара айым менен байланышып, “ислам баалуулуктары”,” жоолук салынуу менен алып баруучулукту бирге алып кетсе болобу?” деген темаларда маек курдук.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Жанара эже. Элге аты чыгып калган инсандардын жашоосундагы жаңылык көбүн кызыктырат. Сизди жоолукчан көрүп, биз бир жагынан кубансак, экинчи жагынан, мындай кадамга кантип келгениңиз кызыктырды.

- Валейкум ассалам. Негизи мен башынан эле жоолукка жакынмын. Башымды жаап жүргөнгө аракеттенчүмүн. Баш-аягы 8 жылдан бери намаз окуйм. Жоолук салынуу көптөн берки арзуум эле. Айрым жагдайлардан улам бул кыялымды орундатууга батына албай жүрдүм. Кесибим алып баруучулук болгондуктан ушул жагы көп ойлондурду. Адатта, телевидениеге жоолук салынып чыгууга уруксат берилбейт. Бирок, ага карабастан, ислам эрежесине ылайык кийинүү ниетимди жоготпой, тескерисинче курчута бердим. Оюмду жолдошум менен бөлүшүп, андан колдоо таптым. Бул менин жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыккан каалоо болгондуктан, аны улам кийинкиге калтыра бербейин деп чечим кабыл алдым. Максатыма жетип алганыма кубанып, “акыры мен муну жасадым, сөзүмө турдум” деп азыр өзүмдү жеңил сезип, бактылуу болуп жүргөн кезим. Туура жол көрсөткөн Жаратканга чексиз мактоолор болсун!

- Сиздин мындай өзгөрүүңүздү чөйрөңүздөгү адамдар кандай кабыл алды?

- Чөйрөмдө менден мындайды күтпөгөндөр көп эле болду. Бирок, экинчи жагынан, “Жанара качан жоолук салынат деп ойлоп жүрдүм эле” дегендер да бар экен. Жакын туугандарым, досторума күтүүсүз болду окшойт. Терс пикир деле уккан жокмун. “Аа, ушундай болуп калдыңбы? Сөзсүз ушинтиш керек беле?”- деп таң калуу сөзүн айткандар болбой койгон жок. Негизи, жоолук салынганымды коомго чыгаргым деле келген эмес. Досторум: “Балким башкаларга дем берип, үлгү болосуз”,- деп чогуу түшкөн сүрөтүбүздү интернетке жүктөп коюшуптур. Ошентип, көпчүлүгүнө билинип кетти.

- Кесип тууралуу сөз болуп калды. Чын эле кээ бир жерлерде кыздарды жоолугуна карап жумушка албай койгон учурлар кездешет. Бул көрүнүшкө сиз кандай карайсыз?

- Көп айымдар жоолук салынгысы келет. Бирок алар мен сыяктуу жумушун жоготуп алуудан коркушат. Мен мындай учурларды көп эле угуп жүрөм. Жоолук себептүү айымдарды чектеп койгонду мен туура эмес көрүнүш катары баалайм. Баш мыйзамыбызда ар бир жаран дин тутуу эркиндигине укуктуу экендиги көрсөтүлгөндөн кийин жоолук салынган кыздарды дискриминациялоо туура эмес болуп калат. Эгер журналистика тууралуу кеп кыла турган болсок, бул кесипте сенин кандай кийингендигиң эмес, а чындыкты айтуу- анын негизги талаптарынын бири. Ал эми чындык менен жоолуктун бири-бирине кандай карама-каршылыгы бар? Эгер өз кесибиңде мыктысы болсоң ага жоолуктун кедергиси болбошу керек. Профессионалдуулугуңду өстүрүп, ошол эле учурда өз принциптериңден да кайтпай максатка жетсе болоруна ишенем.

%article_title%

- Көп жылдан бери жашооңузда ислам баалуулуктары негизги ролду ойнорун айттыңыз. Бактылуулукту исламдан табышыңыздын себеби эмнеде?

- Бактылуулукту издөө өзүбүздүн ким экенибизди, жашообуздун маңызын аныктап алуудан башталат деп ойлойм. Биринчиден, менде башынан эле ислам динине болгон жакындык бар. Курандан бардык суроолоруңдун жообун тапса болорун, ислам таза дин экендигин сезчүмүн. Экинчиден, жашообуздагы айрым кыйынчылыктар Аллахты көбүрөөк эстөөгө түртөт. Менде да ушундай болду. 2-кызым убактысынан эртерээк төрөлүп калып, өпкөсү жакшы ачылбай, бир топ кыйналдык. Ошондо Жаратканга жалынып, кызымды бутуна тургуза көр деп аябай сурандым. Аллах тилегимди орундатып, кызымды айыктырды. Сыноолор артта калып, жеңилдик келгенде намаз окуп баштадым.

- Жашооңузду ислам эрежелерине тууралагандан кийин сизде кандай өзгөрүүлөр болду?

- Динибиздин баалуулугун, жашообузга тийгизген пайдасын айта берсек, сөз түгөнбөйт. Мисалы, намазды алсак. Намаз адамды тазалыкка жана убакытка так болууга тарбиялайт. Мындан тышкары, дене боюбуздун саламаттыгына да чоң пайдасы бар. Жакында эле белимде грыжа бар экени аныкталды. Доктур мага белди ийип турган абалда көбүрөөк туруу абдан пайдалуу экенин айтты. Ал эми биз намазда руку абалында дал ошентип турабыз да. Сажда абалында болсо кан айлануу жакшырып, кыр-аркадагы сөөктөр калыбына келери, кайра өйдө турганда булчуңдардын иштеши жакшы ишке ашарын окумуштуулар илимий түрдө далилдеши. Демек, намаз – бул ден соолук. Мындан тышкары, исламдагы орозо кармоо, сабырдуу болуу, каниет кылуу сыяктуу жактарын айта берсек сөз түгөнбөйт. Исламдагы баалуулуктар бизди руханий, интеллектуалдык, эмоционалдык жана физикалык жактан өстүрүп, эң бир сонун таризде тарбиялайт. Биз болгону бул баалуулуктарды коомго туура жеткирүүгө аракеттенишибиз керек деп ойлойм. Мен эл арасында жүрүп, азыркыга дейре “рекет” деген сөздү түшүнбөгөндөр бар экенин билдим. Илим алуудагы китептерди арабчадан кыргызчага нукура, жеткиликтүү, жеңилирээк кылып которгонго аракеттенсек жакшы болот деп ойлойм.

- Коомдо жоолук салынгандарды арабдашып кетти деп айткандар да арбын экенин билебиз. Сиз бул ойго кандай карайсыз?

- Мен элибиздин баалуулугун сыйлап, ал үчүн күйөм. Өзгөчө, тил маселесинде. Тилибиз бааланбай, туура эмес сүйлөнүп жатса ичим ачышат. Жоолукка келсек, анын улуттук баалуулугубузга каршы келе турган эч нерсеси жок. Ата-бабаларыбыз илгертен эле кыздарын чоочун көздөрдөн жашырып келген. Азыркы биз салынып жүргөн жоолук элечектин азыркы жашоо темпине ынгайлаштырып, жөнөкөйлөштүрүлгөн эле формасы деп эсептейм.

- Окурмандарыбызга кайрылууңуз?

- Азыркыга чейин жоолук салынгандарды элге кошулбай түнт болуп жүргөн, өзүн көп нерседен тыйган адамдай элестеткендер бар экен. Мен жоолук салынган эже-сиңдилериме, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, исламды айланабыздагыларга жумшактык, кооз жүрүм-турум, терең билим, адеп-ахлак менен жеткирүүгө чакыргым келет. Анткени көбү биз аркылуу динибизге баа берип, бүтүм чыгарышат.

- Маегинизге рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 сентябрь 2020г.
Багымдат
5:19
Күндүн чыгуу
6:54
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:56
Куптан
20:28