Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Гүлнур Асанова: Намаз окуп, жоолук салынгандан кийин жан дүйнөмө тынчтык таптым

Автору: Марат кызы Ширин / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 7 сентябрь 2020

Акыркы күндөрү чыгармачыл чөйрөдө ислам тартибине ылайык кийинип, жоолук салынган айымдар көбөйдү. Жакында алардын катарын таланттуу ырчы жана актриса Гүлнур Асанова толуктады. Биз ырчынын өзүнө байланышып, анын жеке сезимдери, чечими, көз- караштары жөнүндө маек курдук.

null

- Ассалам алейкум, Гүлнур айым. Жоолук салыныптырсыз, куттуктайбыз. Жакында өзүңүздүн Инстаграм баракчаңызга: “Аллахка өзүмдүн бир сөзүм бар эле: “Эгер мен 5 убакыт намазымды тургузсам, анда сөзсүз жоолук салынам”,- деген...”,- деп жаздыңыз. Бул боюнча кененирээк айтып берсеңиз, негизи эле динге болгон кызыгууңуз качан башталган?

- Алейкум ассалам. Чоң рахмат. Мен жоолук салынганымды башында Инстаграм баракчама киргизген жокмун. Интернетке 1-2 жумадан кийин жүктөдүм окшойт. Жоолук салынганымдын себеби убагында Жаратканга: “5 убак намазды тургузуп алсам, жоолук салынам”,- деп сөз бердим эле. Кудайга шүгүр, намазымды тургуздум, анын артынан жоолук салындым. Негизи исламга деген кызыгуум студент кезимде эле бар болчу. Насип экен, Кудай ушул жылды, ушул мезгилди буйруп, жоолук салынып отурам. Быйыл коронавирус менен ооруп калганым, аалымдарыбыздын өтүп кеткени бул жашоо тууралуу терең ойлонуума түрткү болду. “Акыреттеги абалым кандай болот?”- деп тынчсыздандым. Өмүрүмө саресеп салсам, Жаратканым менден ырыскысын аябаптыр. Бир эмес, эки окууну окудум, материалдык байлыктарга ээ болуптурмун. Бирок акыры, чыныгы бактылуулук руханий дүйнөдө экенин түшүнөт экенсиң. Ошондуктан, диниме олуттуу көңүл бурууну чечтим.

Дагы окуңуз:

Белгилүү ырчы Айпери Кубик кызы жоолук салынганынын себебин айтып берди

Алып баруучу Жанара Атабекова: "Жоолук салынуу 5 жылдан берки арзуум болчу"

- Сиз чыгармачылык жаатта эмгектенгенден кийин бул чечимди кабыл алуу бир аз кыйын болсо керек? Эми чыгармачылыгыңызды улантып кетесизби же...?

- Ооба, башында чыгармачылыгым кандай болот деп ойлондум. Бирок ошол эле учурда жашоодогу баалуулуктарды туура коюштурганды билишибиз керек экенин түшүндүм. Мындан ары чыгармачылыкты биротоло таштайм дегенден алысмын. Аны дагы туура колдонсо болот. Себеби талантты да Аллах берген эмеспи. Ошондуктан, адамдарды жакшы жакка үндөгөн чыгармалардын үстүнөн иштегенге аракеттенем. Салттуу музыканы, салттуу кийимдерибизди унутпайм. Мен көп жылдар бою биздин улуттук баалуулуктарыбызды даңазалап келе жаткандардын катарындамын. Бул ишимди мындан ары да колумдан келишинче уланта берем, буюрса.

null
"Бишкек шаарынын Ленин районунун акими пандемия учурда шаардык тургундарга жардам көрсөткөндөргө ыраазычылык кат, диплом тапшырды".

- Сиздин жоолук салынганыңызга жакындарыңыз, досторуңуз тараптан кандай реакция болду? Инстаграмдагы катталуучуларыңыз, алардын ичинен күйөрмандарыңыз кандай кабыл алышты?

- Кудайга шүгүр, күйөрмандарым да, инстаграмдагы катталуучуларым дагы жакшы көз-карашта болушту. Үйдөгүлөр деле каршылыгын көрсөтүшкөн жок. “Жүрөгүң эмнени калап жатса, ошону кылыпсың”,- деди апам. Балким, бул теманы үй-бүлөмдө мурун дагы козгоп жүргөнүм үчүн болсо керек. Тааныштарым: “Мурунтан бери эле сени күтүп жатканбыз, өтө деле таң калычтуу болгон жок”,- дешти. “Сенин кийингениң, жүргөнүң мурун эле динге жакын болчу”,- деп колдоо көрсөтүштү.

- Жоолук салынган алгачкы күнү өзүңүздү кандай сездиңиз?

- Бул жашоодо ар кандай адашуулар болот. Бирок ошону убагында сезип, акыретке даярданып калсак жакшы болот экен. Мен намаз окуп, жоолук салынгандан кийин жан дүйнөмдө тынчтык таптым. Себеби ага чейин жүрөгүм тынчсызданып, уктай албай кыйналып жүргөм. Андан сырткары, акыркы күндөрү таарынчаак да болуп калган элем. Бирок намаз окуп, жоолук салынгандан кийин баарын кечирдим. Ички дүйнөмө тынчтык бербеген нерселер кеткендей болду. Ал тургай, кээ бир адамдардан өзүм дагы кечирим сурадым.

- Ислам эрежерине баш ийип, парздарыңызды аткарып жаткандан бери жашооңузда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

-Менимче, адамдардын баары түбөлүктүү эмес экенине ишенишет. Ошондой болсо да, бул жашоодогу дүйнөлүк кызыкчылыктарга көбүрөөк азгырылып кеткендейбиз. Андыктан, биз ар дайым өзүбүзгө өзүбүз эскертүү берип, жашообузду анализге салганды адатка айландырышыбыз абзел. Убактылуу нерселерге азгырылбай, сабыр кылганды үйрөнсөк жакшы деп ойлойм. Азыр мен дагы илим алып, сабырдуулукту үйрөнүп жатам. Келечекте ушул багытта дагы башкаларга үлгү болуп, жакшы жакка чакырык кылсам деп тилейм. Жоолук салынган сүрөтүмдү киргизгенден кийин 3-4 кыз сүрөттөрүн жөнөтүшүп: “Биз дагы чечим кабыл ала албай, кыйналып жатканбыз. Сизди көрүп салындык”- деп. Аларды көрүп алып мен дагы сүйүнүп, ыйладым. Демек, жакшы ишке себепкер болуп жатам. Азыркы учурдагы негизги максаттарымдын бири жакшылыкка себепкер болуп, сооп табуу болуп калды.

null

- Буга чейин жоолук салынган кыздарды көргөндө сизде кандай пикирлер бар эле? Алар жөнүндө эмне деп ойлочусуз?

- Жоолук салынгандар жөнүндө эки көз-карашта элем. Биринчиси, билимдүү, өз ордун билген мен тааныган эже-сиңдилерге суктанчумун. Экинчиси- мен тааныбаган жоолукчан айымдар. Алар социалдык тармактагы баракчама менин чын жашоомду, ички дүйнөмдү, исламга болгон көз-карашымды билбестен, терс пикирлерин калтырышчу. Мени тааныбай эле өздөрү мен жөнүндө чечим чыгарып коюшчу. Ошондо аябай капа болуп, жоолукчандарга деп пост чыгарганым эсимде. Бирок, азыр ойлоп көрсөм, баардыгыбыз адашуучубуз да. Жоолук салынса эле аны идеалдуу деп элестетпешибиз керек. Баардыгы адашат. Азыр ошол эже-сиңдилерге намазымда ыйман тилеп, эң башкысы жоолукчандардын дагы жакшылары көбөйсө экен деп дуба кылам.

- Маегиңизге рахмат. Жараткан жашооңузду берекелүү кылсын!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
20 октябрь 2020г.
Багымдат
5:47
Күндүн чыгуу
7:21
Бешим
12:46
Аср
16:28
Шам
18:15
Куптан
19:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов