Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жоолук салынгандыгы үчүн 24 саат бою көзөмөлгө алынган Үпөл кантип Россиядагы академияны кызыл диплом менен аяктап, жаңылыш ойлорду бузду?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 18 декабрь 2020

Ислам кызы Үпөл – Россия Федерациясынын Д.К. Беляев атындагы Иваново мамлекеттик айыл-чарба академиясынын бүтүрүүчүсү. Үпөл 1-курстан соң жоолук салынганда айрым мугалимдер ага экзаменден баа койбой, “Сен биздин мыйзамдарды сыйлабайт экенсиң”,- деп жагымсыз мамиле кылышкан. Группалаштары болсо “Бизди жардырып ийбейсиңби? Ушул жерден тирүү чыгабызбы?”,- деп аны террористке теңешкен. Үпөл 24 саат бою көзөмөлгө алынып, телефонуна чейин текшерилип турган. Бирок бул сыноолор Үпөлдү сындырып койгон жок. Каарманыбыз окууну кызыл диплом менен аяктап, академиянын окутуучулары жана студенттерине ислам дини менен мусулмандар тууралуу чыныгы картинаны ачып берген. Бүгүнкү күндө Үпөл Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде бөлүмдүн жетектөөчү адиси болуп иштейт.

%article_title%

- Ассалам алейкум Үпөл. Кайсы мектепти аяктадыңыз эле? Россияга окууга кандайча кетип калдыңыз?

- Валейкум ассалам. Мен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынан болом. Камбаралы Ботояров атындагы орто мектепти аяктагам. Кичинемден эле окууга абдан кызыгам. Окуучулук кезде жогорку окуу жайын чет өлкөдөн бүтүрүп келүүнү кыялданчумун. 11-классты аяктап жатканда Россиянын окуу жайларына тапшыруу конкурстары болуп жаткан эле. Күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. Апал деген эгизим экөөбүз экзамен тапшырып, өтүп кеттик. “Сиздер өттүңүздөр, куттуктайбыз! Кыргызстандык студенттердин арасынан эң жогорку баллды сиз алыптырсыз”,- дешти. Чет жерге чыгып, дүйнө таанымымды кеңейтип, билимимди күчтөндүрүп, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салым кошсом деген ниет менен окууга сапар алдык. Өзүм айыл жергесинде чоңойгон үчүн жерге, өсүмдүктөргө жакынмын. Ошондуктан айыл-чарба тармагын тандап, ландшафттык дизайн бөлүмүнө тапшырдым.

%article_title%

Россияда, өзгөчө Москвада, мусулман кыздарды жеңил ойлуу деп кабыл алышарын байкадым

- Окууңуз тууралуу айтып берсеңиз? Оңой эле болдубу, же кыйналдыңызбы?

Менин окуу жайымда билимге жана аракетке чоң маани берилет экен. Кичинемден чет тилдерге кызыкканым үчүн орусчадан көп деле кыйналган жокмун. Сабактарды бат эле түшүнүп кеттим. Бул жактан да: “Кыргыз мектепти бүтүп келипсиң, орусчаны жакшы түшүнбөй жатасың го?”- деп сурап жатышты. Жаңы барганда мугалимдерим, группалаштарым атымды айта албай кыйналышты. “Упал”, “Упыл” деп жүрүштү. Атым менен да көбүнүн эсинде калдым деп ойлойм (күлүп). Сабактарды кунт коюп угуп, түшүнгөнгө болгон аракетимди көрдүм. 5 күн, саат 8 ден кечки 5ке, кээде, 7ге чейин окучубуз. Негизги окуумдан тышкары кызматкерлерди башкаруу деген курска жазылып, ал жерде 1 жыл окудум. Ошентип, эртең мененки 8ден түнкү 10го чейин сабакта болгон күндөр өттү. Дем алыш күндөрү бир аз каражат таап алайын деп жумушка кирип алгам. Кыргыз эженин колунда тигүү жаатында иштедим. Ал эжеге абдан ыраазымын, мага чоң колдоо көрсөттү.

%article_title%

- Бул жерден сизге жоолук салынуу идеясы кандайча келди?

- Кичинемден дин тууралуу айтылган таалимдерге барып, аябай таасирленчүмүн. Өзүм да дүйнө, жашоо тууралуу көп ой жүгүртөр элем. Негизи мектепте эле жоолук салынам деген ниетим бар болчу. Бирок директорубуз мектепте жоолук салынганга болбойт деп айтчу. Ата-энем дагы анча колдобойт эле. Россияда, өзгөчө Москвада, мусулман кыздарды жеңил ойлуу деп кабыл алышарын байкадым. Ошондуктан, мен мусулман кыздарды өзүнүн принциби бар, билим, адеп-ахлак жагынан көрсөткүм келди. Убакытты созбой өз каалоомду орундатууну чечтим.

%article_title%

"Жоолук салынганым үчүн 24 саат бою көзөмөлгө коюлдум"

- Сиздин бул кадамыңызга академиядагылар кандай карашты?

- Жоолук салынган соң, биринчи кезекте, мугалимдер тараптан бир катар түшүнбөстүктөр болду. Экзаменге келгенде дагы кыйынчылыктар жаралды. “Койбойбуз буга, биздин мыйзамдарды сыйлашы керек. Жоолук салынбашы керек”,- деп жатышты. Жоолуктун маанисин, эмнеге салынганыбызды түшүндүрүп жатып, акыры ректораттын уруксатын алдык. Академияда 2 жоолукчан кыз бар элек. Бири – мен, экинчиси азербайжандык кыз болчу. Экөөбүз күчүбүздү бириктирип, бизди жоолугубуз менен кабыл алышы үчүн күрөштүк. “Уруксат бербесеңер окубайбыз, которулуп кетебиз”,- деген шарттарыбызды койдук. “Салынып жүрө бергиле, башкысы, туура жолдо жүргүлө”,- деп айтышты. Бирок экөөбүздү тең 24 саат бою көзөмөлгө коюп коюшту, телефонубуз да дыкат текшерүүгө алынды. Группалаштарымдын көбү да жоолукка карата терс пикирде болушту. Айрымдары эч тамашасы жок эле минтип сурашчу: “Сен бизди жардырып ийбейсиңби? Ушул жерден тирүү чыгабызбы?”

%article_title%

- Жоолук салынгандан кийин сиздин терс тарапка өзгөрүп кетпегениңизди байкашкан соң алардын ою өзгөрдүбү?

- Кандайдыр бир деңгээлде бул жактагылардын ислам дини, жоолук тууралуу стереотиптүү ойлорун түшүнсө болот. Анткени алардын практикасында Сирияга кетип калган студенттер да болгон экен. Көбүнүн ислам дини тууралуу маалыматы үстүртөн гана. Өкүнүчтүүсү, террорист деген сөздү укканда алар мусулмандарды элестетишет. Кудайга шүгүр, мен өзүмдүн мисалымда динибизди жакшы жагынан көрсөткөнгө аракеттендим. 4 жыл бою билимге аябай басым жасап, академиянын коомдук иштерине активдүү катыштым. Группанын старостасы болуп, мугалимдер, декан менен аябай жакшы байланышта болдум. Мамилеси абдан катаал, оңой менен баа койбогон агайлар да окууну бүтүп жатканда бизге карата мамилелери жумшарып, ойлору өзгөрүлүп калганы байкалды. Группабызда 2 гана кыз кызыл диплом менен аяктадык. Биринчиси орус кыз болсо, экинчиси – мен. Орустар менин жыйынтыгыма аябай баа беришкен. “Чет өлкөлүк студенттер дагы ушинтип бүтүшөт экен. Аябай аракетчил болушат турбайбы, кыргызстандык студенттерге басым жасайлы”,- деген сөздөрүн угуп, аябай кубандым. Бул жетишкендиктеримдин баары Аллах Тааламдын колдоосу жана ата-энемдин мага болгон ишеними менен орундалды деп ойлойм.

%article_title%

"Кыргызстаныбызды дүйнөгө гүлдөр менен тааныткым келет"

- Өзүңүздүн жон-териңиз менен жоолукка карата дагы кандай стереотиптерди байкай алдыңыз?

- Стереотиптер өтө көп. Жоолукчандар жакшы жерлерде иштей албайт, билимсиз, аракетчилдиги жок болушат, көз караштары кыска деген пикирлер бар. Өзүбүздүн эле Кыргызстанды мисал кылсак болот. Мен окуумду бүтүп, Кыргызстанга келген соң жумушка орношкону аракет кылдым. Жоолугума карап, баш тарткан учурлар көп болду. Россияда окуп жүргөндө да ушундай кырдаал болгон. Германияга практикага баралы дегенде мага: “Жоолугуңду чечесиң, же каласың деп айтышкан”. Албетте, мен жоолугумду чечмек эмесмин.

%article_title%

- Үпөл, учурда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштейт экенсиз. Азыркы жумушуңуз тууралуу айтып берсеңиз?

- Бул жерде иштегениме 1 жыл болуп калды. Биздин бөлүмдүн жумуштары абдан көп. Бирок, кандай болбосун, жетишкенге аракет кылабыз. Менин милдетиме ар түрдүү жыйын, чогулуштарды уюштуруу, башка министрликтер, мекемелер менен байланыш жүргүзүү, министрликке келген каттарды каттоодон өткөрүү кирет. Жумушумдан тышкары ушул эле тармак боюнча магистратурада окуп жатам. Келечекте айыл-чарба тармагына салымымды кошкум келет. Ландшафттык дизайн бөлүмүн аяктаган эмесминби. Биздин милдетке ар кандай архитектуралык имараттарга гүлдөрдү өстүрүп, алардын дизайнын чийип, кыскасы, үйдүн алдындагы бакчаны гүлдөтүү кирет. Жер-жемиштер, декордук, кампа өсүмдүктөрү менен иштейбиз. Күнөскана ачып, гүл өстүрүү маданиятын өркүндөтүүнү каалайм. Гүлдөрдү аргындаштырып, жаңы сортторду табуу мага аябай кызык. Келечекте башка өлкөлөргө Кыргызстаныбызды гүлдөр аркылуу таанытканга аракеттенем.

%article_title%

- Ислам жолунда жашоонун мааниси тууралуу айтып берсеңиз?

- Динибизди практикалоо, биринчи кезекте, жан дүйнөгө тынчтык алып келет. Исламда жүргөнүм үчүн көп нерсеге жетиштим деп ойлойм. Сабырдуулук, чыдамкайлык, чынчылдык, ак ниеттүүлүк, тазалык деген асыл сыпаттарды динибизден алдым. Жашоодо кандай гана кыйынчылык болбосун Аллах Таалага кайрылып, намаз окуганда дуа менен чыгарып алганың кандай жакшы. Бул бизге чоң күч-кубат берет. Жоолук салынарда биринчилерден болуп апам колдоо көрсөткөн. “Мен сага ишенем. Туура жолду тандап жатканыңды билем”, - деген апамдын сөздөрү да менин кайраттуу болушума жардам берди. Азыркы жашоомо, абалыма ыраазымын. Динсиз жашоомду такыр элестете албайм.

- Үпөл, мындан аркы иштериңизге албан ийгиликтерди каалайбыз. Келечегиңиз кең болсун. Маегиңизге рахмат!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 февраль 2021г.
Багымдат
06:07
Күндүн чыгуу
07:42
Бешим
13:14
Аср
17:03
Шам
18:52
Куптан
20:07