Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Финляндияда жашаган жаш жубайлар Кыргызстандын агрардык секторун өнүктүрүүнү каалашат

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 16 март 2021

Жаш жубайлар Алижон менен Айпери 2 жылдан бери алыскы Финляндия өлкөсүндө жашашат. Азыр алар - 1 кыздын бактылуу ата-энеси. Алижон жыгач уста болуп иштейт, ал эми Айпери бала менен үйдө, онлайн форматта түрдүү сабактарды алып, билим алуусун токтотпой улантууда. Жаш үй-бүлөнүн Кыргызстанды өнүктүрсөк деген чоң кыялдары, биргеликте ойлонуп жүргөн бир нече долбоорлору бар. Чет жакта жүргөн мекендештерден Финляндиядагы жашоо жана келечекке койгон пландар тууралуу сүйлөштүк.

null

- Айпери, ассалам алейкум. Жолдошуң экөөңөр Финляндияга кандайча келип калдыңар?

- Валейкум ассалам. Жолдошум 2014-жылы бул мамлекетке “Work and travel” деген программа менен 6 айга келип, ошону менен жакшы жумуш таап калып калган. Биз 2019-жылы үйлөнүп, ал дароо эле мени дагы бир башка программа менен бул жерге алып келген. Үйлөнгөнүбүзгө да, Финляндияда жашаганыбызга да 2 жыл болуп калды. Ушул жерден наристелүү болдук. Жакын арада жолдошум Финляндиянын жарандыгын алганы турат. Буюрса, бардык сынактарын ийгиликтүү тапшырып алды. Азыркы тапта биз Финляндиянын түндүк тарабындагы Вааса деген шаарда жашайбыз.

null

"Бизди жылуу кабыл алышкандыктары үчүн өзүбүздү өтө деле чоочун сезген жокбуз"

- Чет жерде балалуу болупсуңар. Кыйналган жоксуңарбы?

- Жолдошум тил билгени үчүн өтө чоң деле кыйынчылыктар болгон жок. Төрөгөнгө чейин текшерүүлөрдөн өткөнүм, төрөтүм баары акысыз болду. Эгерде визаң болсо, көп кызматтарынан акысыз пайдалансаң болот экен. Бул жерде мыйзам ушундай. Элдери меймандос, жылмайып жүрүшөт, калп айтышпайт жана убакытка өтө так. Бизди жылуу кабыл алышкандыктары үчүн өзүбүздү өтө деле чоочун сезген жокбуз. Мамлекет элине аябай жакшы кам көрөт. Көп кызматтары акысыз, жумушу жокторго 500-700 евродой жөлөк пул берилет экен.

%article_title%

- Финляндияда элдин мусулмандарга карата мамилеси кандай экен?

- Бул жерде мусулмандардын саны аз. Көбүнчөсүн качкындар түзөт. Финляндия светтик өлкө болгондуктан, ар ким каалаган динин карманат. Эч кандай кысым жок. Элдердин улутка жана динге карата бөлүнбөй, бири-биринин баалуулуктарын сыйлашарын байкадым. Менин жоолугума деле өтө чоң таң калуулар болгон жок. Анткени менден башка жоолукчандар арбын. Сирия, Ирак, Иран, Сомалиден келгендер көп. Тескерисинче, дискриминация болбосун деп, ар кандай социалдык мүнөздөгү баракчаларда, мисалы, баланы туура тарбиялоо боюнча брошюралардын сыртында сүрөттө жоолукчан кыз да болот.

%article_title%

"Финдер кандай жумуш болбосун такыр кечигишпейт"

- Айпери, бул жердеги жашоо, сизди таң калтырып, же суктандырган көрүнүштөр тууралуу да айтып берсеңиз.

- Жолдошум экөөбүз бул өлкөдө ислам динин кармангандар аз болгону менен, элдер мусулмандардын баалуулуктарын карманып жашашарын байкадык. Мисалы, финдердин жашоо образын алалы. Алар эрте турушат, таңкы саат 5-6ларда кыймылдап жүргөнүн байкайсың. Тазалыкка маани беришет. Эшикке таштанды ыргытып, түкүрүнүшпөйт. Бири-бири менен ажылдашып сүйлөшпөйт, алдабайт, оор басырыктуу, адамгерчиликтүү келишет. Соода-сатык кылып жатканда товарынын кайсы бир жеринде кемчилик болсо дароо айтышат экен. Ошонусун жактырдым. Анан биз үчүн дагы бир таң калычтуу жери, финдер кандай жумуш болбосун такыр кечигишпейт. Белгиленген сааттан 1 минута өтүп кетсе, кечикти деп саналат. Бирок кечигип келсең деле сени айыптап, урушуп кирбейт. “Сиз кечиктиңиз. Убактыбыз аз”,- деп айтышат, ошого эле уялып каласың. Бул жерде мен үчүн дагы бир таң калычтуу болгон нерсе, булардын ар бир үйүндө бирден сауна бар. Биз көп кабаттуу үйдө батирде турабыз. Мындай үйлөрдө ар бир подъездинде бирден сауна болот. Сауна, же бизге түшүнүктүү болушу үчүн мончо финдердин маданиятынын жана күнүмдүк жашоо-турмушунун ажырагыс бир бөлүгү экен. Финдердин билим берүү системасынын сапаттуулугу суктандырды. Финдер билимге наристе төрөлгөндөн баштап кам көрө башташат. Мисалы, кызымды төрөгөндө мага кичинекей китепче беришти, “азырынча ушуну окуп тургула” деп. 5 ай болгонубузда дагы 3 китеп алдым. Наристенин өсүп келе жаткан ар бир этабында окуп бересиң дешти. Ал жерде түрдүү өлкөлөр, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү сүрөттөрү менен кызыктуу жазылган. 5 айынан тарта эле кичинекей балага ушундай китепти окуп берүү мага таң калычтуу болду, албетте.

Булардын үлгү ала турчу дагы бир жакшы сыпаты- элдин спортту сүйгөнү. Жаштарынан баштап улгайгандарына чейин активдүү жашоо образын карманып, чуркап, кыймыл-аракетте болгонго күч жумшагандары сүйүндүрөт экен. Жөө басуунун бир түрү болгон “скандинавиялык басуу” менен 80 жаштагылар да алектенишет. Анан булар бир жасап коюп эле токтоп калбай, калтырбастан регулярдуу, системалуу аткарып турушат. Бул адаттары үчүн да алар көп жашаган элдердин катарына кирсе керек деп ойлоп койдум. Аялдары балалуу болгондон кийин өздөрүн таштап койбой, дене-боюна өзгөчө маани берип, билим алуусун улантып, өзүлөрүн карашкандыгы мага дем берди.

"Жолдошум абдан патриот, “Кыргызстанды өнүктүрүшүбүз керек”,- деп көп айтат"

- Буюрса, Финляндияда канчага чейин жашайсыңар? Кыргызстанга келүү оюңарда барбы?

- Биз Финляндияга убактылуу эле келгенбиз. Алдыга койгон пландарыбызды ишке ашырып алып эле мекенибизге кайтабыз. Жолдошум экөөбүз Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө салым кошкубуз келет. Ага азыртадан даярданып жатабыз. Бул жерден иштеп тапкан каражатыбыздын 30 пайызын турмуш-тиричилигибиз үчүн иштетсек, калган 70% ын максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн сактоодобуз. Жолдошумдун Кыргызстанда жерлери бар. Аларды агрардык сектордо иштетип, капуста, кызылча эгип, чет мамлекттерге экспорттоп баштады. Бул ишин өркүндөтүп, өлкөбүздүн агрардык потенциалын колдонуп жумуш орундарын түзүп, дүкөндөрдү ачып, өзүбүздөн чыккан азыктарды чет мамлекеттерге сатууну пландап жүрөт. Жолдошум абдан патриот, “Кыргызстанды өнүктүрүшүбүз керек”,- деп көп айтат. Алдыңа өзүңдү гана ойлогон эле эмес, элиме да пайдам тийсин деген максаттарды коюп жашасаң, анча-мынча сыноолор оор болбой калат экен, көз карашың өзгөрөт.

%article_title%

- Айпери, айтсаңыз, ислам дининин баалуулуктарын карманып жашоо кандай таасирин тийгизет экен?

- Үй-бүлөбүздө диний баалуулуктардын болгону биздин ынтымактуу жана бактылуу болуп жашообузга зор таасирин тийгизди деп айта алам. Жолдошум экөөбүз өз милдеттерибизди так билип, бири-бирибизди толуктаганга аракеттенип турабыз. Мен кайсы бир ишти жасоого үлгүрбөй жатсам, жолдошум жардам бере калат. Мисалы, тамак жасоо, үй жыйноо, бала кароо боюнча. Эгер ортобузда пикир келишпестик орун алса мунун шариаттагы жообу кандай деп изилдегенге аракеттенебиз. Бизге сүйүктүү пайгамбарыбыздын ﷺ жашоо- турмушу – мыкты өрнөк жана эң жакшы жол көрсөткүч. Экөөбүз бири-бирибиздин ар тараптуу өсүп-өнүгүүбүзгө жардам беребиз. Жолдошум: “Өзүң каалаган иш, хоббиң менен алектен”,- деп айтат. Мен окуганды абдан жакшы көрөм. Финляндияга келип, дароо тил үйрөнүү курсуна жазылгам. Азыр украиналык адистерден смм боюнча сабак алып жатат. Муну менен бирге психология боюнча курста да окуйм. Ушул илимди тереңден изилдеп, психологияны исламдын призмасы менен түшүндүргөн адис болууну самайм.

- Азаматсыздар. Ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Маегиңизге чоң рахмат.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов