Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Республикалык китеп окуу конкурсунун жеңүүчүсү Баястан: “Молдо болгонума сыймыктанам”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: КМДБ / Жарыяланды: 17 март 2021

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети тарабынан 13 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан республикалык деңгээлдеги “Билимдүүгө дүйнө жарык” аттуу китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрү 13-март күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда белгилүү болду. Аталган жарыш 4 категория боюнча уюштурулган: мечит имамдары жана диний кызматкерлер үчүн “Фикх” китеби, диний окуу жайлардын мугалимдери үчүн “Усул хадис” китеби, диний окуу жай студенттери, бүтүрүүчүлөрү, теологдор үчүн “Усул фикх ” китеби. 26 жаштагы Марат уулу Баястан диний окуу жайлардын мугалимдери арасындагы жарышка катышып, жалпы 50 суроонун баарына туура жооп берип, баш байгени жеңип алды. Ал “Усул хадис” китеби боюнча билимин сынады. Аталган китеп хадис илимин туура түшүнүүгө багытталган. Биз жеңүүчү менен илим алуу темасында маектештик.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Баястан. Сыйлыгыңыз кут болсун! Конкурстан жеңгениңизди жарыялаганда кандай сезимдер болду?

- Валейкум ассалам. Чоң рахмат. Албетте, кубандым. Бирок төбөм көккө жетип, өтө деле сүйүнгөн жокмун. Анткени эң чоң сүйүнүч менен кубаныч Акыретте болот эмеспи. Баарынан да мен устаздарымдын кубанганына себепчи болуп калганыма ичим жылыды. Тиккен дарагың мөмө байлап жатса кандай жакшы. Анын сыңары, устаздарым мен үчүн абдан кубанычта болушту. Менин жеңишим- устаздарымдын, ата-энемдин, туугандарымдын да жеңиши.

- Кайсы окуу жайды аяктадыңыз эле. Азыр кайда иштейсиз?

- Мен алгач Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылындагы “Абдраим кары” медресесинде илим алып, андан соң, ошол эле жактагы “Имам аль Бухари” ислам институтун кызыл диплом менен аяктагам. Бул институтта 3 жылдай сабак берип иштедим. Азыр Ошко келип, Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы “Абдужапар” ислам институтунда мугалим болуп иштейм. Хадис, Акыйда, Куран тафсиринен сабак берем. Ыйык Курани Каримди жатка билем.

- Ислам динине, илимге болгон кызыгууңуз кандай башталды эле?

- Атам айылдын имамы болгон. Ошондуктан, бул нерсеге үй-бүлөмдүн таасири бар деп айта алам. Мектепте 10-класста окуп жүргөндө жашоомдо чоң бурулуш болду. Мектептеги абал жакпай, жүрөгүмө жат болуп баштады. Билесиздер, бул убакытта сабакка анча көңүл бурулбай, балдар кыздарга кызыга башташат эмеспи. Мен 10-класстан кийин мектепти таштап, медресеге 1-курска тапшырып кеттим.

- Сиз жашооңузду илим алуу жана илим таратууга арноону чечипсиз. Бүгүнкү күндө молдолор жакшы акча табат деп айта албайбыз. Анын үстүнө коомубузда айрым адамдар “молдо” деген кишилерге “билимсиз, артта калган адам” дегендей мамиле кылышат. Бул нерселер сизди ойлондурабы?

- Мен молдо болгонума сыймыктанам. Албетте, молдо болуп, байып деле кетпейсиң. Бирок бул нерсенин да берекеси бар. Аллах Таала күтпөгөн жерден ырыскыларды жаадырып коет. Мисалы, мен китеп окуу конкурсунда 1-орунду алып, чүчүкулакка катышууга жолдомо алдым. Чүчүкулакта да менин атым чыгып,“Кут” курулуш компаниясын жапжаңы бир бөлмөлүү батири мага насип болду.

null

- Медресени аяктап жатканда мени менен бирге окугандардын айрымдары ишкерчилик жолду тандап кетишти эле. Менде “баарыбыз кетип калсак, анда динге, медресеге ким кызмат кылат?” деген ой болуп, ушул жолду улантууну тандагам. Буга такыр өкүнбөймүн. Ал эми “молдолорго” карата айрымдарынын пикирлери тууралуу айта турган болсом, элдин сөзүнөн Аллах Таала, Анын пайгамбарлары да аман калган эмес экен. “Аллах Тааланы жок” деп, же Ага шерик кошуп, пайгамбарларга жалаа жаап, айтор кандай гана сөздөр болду. Эгер акыйкатты билсең, ошол жолдо болсоң, кимдин эмне дегени сени тынчсыздандырбашы керек. Аракет кылып, алдыга жүрө берүү зарыл. Жерде адамдардын арасында канчалаган атактуулар бар, бирок аны асман элинин (периштелердин) бири да билбейт, ал эми жерде адамдар арасында такыр билинбегендери да бар, бирок аларды асмандагы периштелердин баары тааныйт. Биз экинчисиндей болууну каалайбыз.

- Баястан мырза, айтсаңыз, илим алуу оңойбу?

- Илим алуу – оңой эмес. Өтө эле оор деп дагы чочутуп жибергим келбейт. Бирок бул жолдо сабыр менен чыдамкайлык керек. Устаздарыңдын жакшы көрүп, сени жакшы болсун деп айткан урушуна да чыдоо зарыл. Дүйнөдө кандай гана абройлуу, аты чыккан университеттер болбосун, ал жерлерде адамдын сөзүн изилдешет. Ал эми медреселерде Аллах Тааланын жана адамдардын мырзасы пайгамбарыбыз Мухаммеддин ﷺ сөзү изилденет. Устаздарыбыз бизге: “Силер улуу окуу жайга келдиңер. Илим- бул нур. Нур күнөөкөр адамга жукпайт. Андыктан, такыбачылыкты бекем кармагыла. Ойлорду таза сактоо керек, көздү арамдан коргоо зарыл, таза, күмөнсүз азык-заттар менен тамактануу керек. Силер “Пайгамбардын мураскору болуу” деген улуу жолдо бара жатасыңар”,- деп көп айтышат. Бул дүйнөдө элдердин таразасы сырткы дене-мүчө, байлык-бийлик менен өлчөнөт эмеспи. Ал эми илимдин кадыр-баркы бул дүйнөдө өтө деле билине бербейт. Булардын кадыры акыретте билинет. Дагы бир маанилүү жагдай, илим алууда үй-бүлөңдүн сени түшүнүп, колдоосу чоң дем-күч берет экен. Мен эрте эле үйлөнгөм. 3 уул, 1 кыздын атасымын. Жубайым мага бул жолдо аябай чоң жардам берди. Үйдөгү анча-мынча жетишпестик, көйгөйлөрдү айтпай, “баары жакшы, сиз окуй бериңиз” деп колдоп турду. Ага абдан ыраазымын.

%article_title%

- Азыркы жаштардын кандай глобалдуу көйгөйлөрү бар деп ойлойсуз?

- Мен жаштар бул жашоого келген максатын толук тактап алса, пайгамбарыбызды ﷺ таанып алышса жакшы болмок, жашоосун кыйрата турган жаман жоруктарга бармак эмес деп ойлойм.

- Көпчүлүгү: “Молдолор дин илиминен тышкары дүйнөлүк билимдерди да бирдей алып кетишсе”,- деген тилекте. Сиз буга кандай карайсыз?

- Мен бул пикирди эң сонун кабыл алам. Молдо ар тараптуу, күчтүү илим-билими менен айырмаланган адис болуусу керек. Оратордук чеберчилиги, адамдардын психологиясын түшүнгөн жөндөмү болсо ар кыл катмардагы адамдарга акыйкатты туура жеткире алат. Мен дагы ар тараптуу өнүккөнгө өзүмдү шыктандырып турам. Учурда англис тилин үйрөнүп жатам. Көп тил билгим келет. Ошондой эле, “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” деген макалга амал кылып эмерек жасоо боюнча курсту аяктап алгам. Учурда Ош технологиялык университетинин информатика бөлүмүндө 1-курста окуп жатам. Мындан ары өсүп-өнүгүүмдү уланта берем, буюрса.

- Динди жеткирип, даават кылуу иштеринде сиз кандай кемчиликтерди байкайсыз?

- Мен байкаган каталардын бири –бул чет жактан дин илимин алып келген айрым адамдардын ошол жактын элине ылайыктуу маселелерди бул жакка келип дал ошондой түшүндүрүп жатканы. Ушул жерден көп түшүнбөстүктөр чыгып кетип жатат. Илим тараткан адам өтө кыраакы болууга аракеттенүүсү зарыл. Алган илимин, же китептеги жазылган маалыматты түзмө-түз айтып салбай, аны кандай абалда, кайсы элге айтарын тактап алуусу кажет.

- Маегиңизге чоң рахмат. Илимдеги жолуңуз жеңил жана берекелүү болсун!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов