Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кыргызстандык Мухаммедали Умаров Дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду алды

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 25 март 2021

17-февралда Иран мамлекети уюштурган Дүйнөлүк Куран жарышында кыргызстандык 22 жаштагы Мухаммедали Умаров 3-орунду алды. Жарышка жалпысынан 46га чукул өлкө катышып, пандемияга байланыштуу конкурс онлайн форматта өттү. Мекендешибиз Мухаммедали Умаров Ыйык Куранды жатка айтуу жана Куран тафсири деген категорияда катышкан.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Мухаммедали мырза. Жеңишиңиз кут болсун! Конкурс кандай өттү? 46 өлкөнүн ичинен 3-орунга илинем деп ойлодуңуз беле?

- Валейкум ассалам. Чоң рахмат. Конкурс жакшы өттү, атаандаштык да, албетте, күчтүү болду. Мен Куранды жатка айтуу жана Куран тафсири деген категорияда катышкам. Куран тафсири тест түрүндө болду. Чынын айтсам, орунга илешпей калдым го деп ойлогом. Анткени Куран тафсиринен туура эмес жооп бердим деген күмөн саноолорум бар болчу. Конкурстун жыйынтыгы чыкканда өзүмдү 3-орундан көрүп, абдан сүйүнүп кеттим. 1- орунду Иран өзү, 2-орунду Египет алды.

- Бул Куран жарышы тууралуу кандайча угуп калдыңыз?

- Негизи жарыш онлайн эмес, кадимкидей эле өтмөк. Былтыр апрель айында Иранга бармакмын. Бирок пандемига байланыштуу ушундай болуп калды. Бул конкурска Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы аркылуу катыштым. Алгач Кыргызстанда карылар арасында жарыш болду. Бул жарышта мен Ирандагы конкурска катышууга жолдомо алдым.

%article_title%

- Буга чейин да жарыштарга катыштыңыз беле?

- Ооба, катышкам. Индонезия, Түркия, Кувейт, Дубайдагы конкурстарга барып келгем. Мындан 6 жыл мурун Түркияда КМШ өлкөлөрүнүн арасында уюштурулган жарышта 30 пара боюнча 3-орунду алгам. 2016-жылы Дубайда өткөн конкурста 92 мамлекеттин арасынан 13-орунга илешкем. Бул мен үчүн жакшы көрсөткүч болгон. Кувейтте конкуренция катуу болгондуктан 78 мамлекеттин арасында 18-орунга илештим. Ал эми Индонезиядагы жарышта орун ала албадым. Буга чейин мына ушул конкурстарга катышып, тажрыйба топтой алгандыгым Ирандагы конкурста 3-орунду алышыма таасир этти деп ойлойм.

- Мухаммедали, айтсаңыз, Куранды толугу менен канча жашыңызда жаттап бүттүңүз?

- 11 жашымда толук жаттап бүттүм. 4 жашымдан баштап атам Куран жаттатып, үйрөтүп баштаган. Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылында “Аль-Акса” деген медресе бар. Ошол жерде окугам. Түшкө чейин мектепке, түштөн кийин медресеге барып окучумун. Ойногонго көп убактым деле болчу эмес. Эки жерде окуп жетишкенге аракет кылдым, буга атамдын жана мугалимдеримдин салымы чоң. Куран жатташыма чоң түрткү болгон атама жана устаттарыма терең ыраазычылыгымды билдиргим келет.

- Куран үйрөнгүсү, жаттагысы келгендерге кандай кеңештерди айтат элеңиз?

- Куран, илим үйрөнөм деген адам, биринчи кезекте, ниетин оңдоп, аны ар дайым таза кармоого аракет кылуусу зарыл. Анан илим алып жаткан адам алгач илим алуунун адептерин үйрөнүүсү керек. Устаз менен кандай мамиледе болуу зарыл, кайсы убактарда окуп, кайсы мезгилде эс алган жакшы, буларды билип алса жакшы болот. Ал эми Куран жаттайм деген адам эң негизгиси режимди сакташ керек. Күндө окуп, күндө жаттап туруу абзел. Ошондо жыйынтык сонун болот. Ал эми ортодо үзүп, кийинкиге калтыра берсе каалагандай жыйынтыкка жете албайсың. Дагы бир жагдай, жакшы устаз керек. Тажвид илимин мыкты билген, сага колдоо көрсөтүп турган.  

- Куранды жатка айткан кары катары бул нерсенин жоопкерчилигин да жакшы сезсеңиз керек?

- Албетте, жоопкерчилик өтө чоң болот. Жөнөкөй адам жаңылыштык кетирсе анча билинбей калат. Бирок молдо, же кары күнөө кылса, ал дароо башкаларга тарап кетет. Ошондуктан, мен бул жоопкерчиликти ар дайым сезип жүрөм.

- Куран бул кандай китеп?

- Куран – берекелүү китеп, бизди жоктон бар кылган Аллах Тааланын Сөзү. Эчтекең жок жакыр жашасаң да Куран себептүү жүрөгүн ар дайым бейпилдикте, тынчтыкта болот. Аллах Таала Куранда Өзү айткан, ыйман келтирген инсандын жүрөгү зикр менен тынч болот деп. Ал эми Куран- зикрлердин эң күчтүүсү.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
5 декабрь 2021г.
Багымдат
06:35
Күндүн чыгуу
08:16
Бешим
12:52
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48