Баткендеги чек ара жаңжалы чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү аркылуу өттү. Алардын бири – сүрөтчү, дизайнер Мадина.
“Мен жаңылыктардан Баткендеги чек ара жаңжалында каза болгон 12 жаштагы Мадина тууралуу укканымда жүрөгүм ушунчалык ооруду. 2 күн ыйлап, өзүмө келе албай жаттым. Мадинанын жаркын элесине арнап, “Айгүл кыз” деген жоолукту даярдадым. Жоолукка атайын кездемеге арналган боек менен Баткенде өскөн, сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн колго тартып чыктым. Жоолукту сатыкка чыгарып, андан түшкөн каражатты Баткендеги жабыр тарткан мекендештериме жөнөтүүнү чечтим”,
- дейт 24 жаштагы Усенова Айдана.
Айдана кичинекей кезинен бери сүрөт тартууга кызыгат. Муну байкаган анын ата-энеси кызынын өнөрүнүн өркүндөшүнө түрткү болуп, аны көркөм сүрөт мектебине беришкен. Андан соң ал Улуттук көркөм сүрөт академиясын аяктаган.
Айдананын айтымында, ал “Умма” журналынын кайрымдуулук акцияларын көптөн бери көрүп, сырттан байкап жүргөндүктөн, өзгөчө ишеним артат. Ал “Айгүл Кыз” жоолугун сатып алган кардарларына акчаны дароо журналдын кайрымдуулук эсебине которууну өтүнгөн. Ошентип, Айдана өзүнүн чыгармачылыгы менен колунан келишинче Баткен элине жардам көрсөтө алды.
“Акция азыр дагы уланып жатат. Келечекте бул жоолукту сатып алууну каалагандар болсо мен буйрутмаларды кабыл алууга даярмын. Азыр мен жалгыз болгондуктан бардык буйрутмаларды аткарууга үлгүрбөй жатам. Ошондуктан, өзүмө сүрөтчү ыктыярчыларды издеп жатам. Канчалык көп буйрутма алсак, ошончолук Баткенге жардам көрсөтө алабыз”,
- деп сөзүн жыйынтыктады Айдана.
Башка макалалар