Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Жумагүл 16 жашында кантип ишкерчилик баштап, 10го чукул өлкөгө кийимдерин экспорттой алган?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 14 июнь 2021

Бул айым соода-сатык, тигүүчүлүк жана дизайнерлик тармагын алаканга салгандай мыкты билет. Үй-бүлөдөгү сыноолордон улам ал 15 жашынан тарта базар иштерине аралашып, ага окуу менен ишти бирдей алып кетүүгө туура келген. Талыкпаган эмгек жана адал иштин маңдай тери сөзсүз берекесин берет. 21 жашында өзүнүн жеке кийим тигүү цехин ачып, Россия, Казахстан, Татарстан, Дагестан жана Өзбекстанга “Made in Kyrgyzstan” деген белги менен өлкөбүздө тигилген кийимдерди экспорттой баштаган.

Маектешибиздин аты – жөнү – Нур Жумагүл. 28 жаштагы Жумагүл айым кантип Дордой базары боюнча алгач ирет узун көйнөктөрдү сата баштаганын жана ишкерчиликтеги дагы башка кызыктарды айтып берди.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Жумагүл. Бүгүнкү күндө сиз “Даина” деп аталган бренддин жетекчиси болосуз. Тигүүчүлүк менен ишкерчиликке кантип келип калганыңызды айтып берсеңиз?

-Валейкум ассалам. Кичинемден сүрөт тартууга жана тигүүчүлүккө кызыгам. Бул шык-жөндөм ата-энемден берилген деп ойлойм. Анткени атам тарапта сүрөт тартуу, апамда тигүүчүлүк өнөрү бар экен. Бирок, ошентсе да, келечекте ушул тармак менен кетем деген 100 % ишеним жок болчу. Жашоодогу сыноолор мени ушул жерге чейин алып келди десем жаңылышпайм. Үйдө эң улуусумун. 9-класста окуп жүргөнүмдө атам катуу ооруп калды. Апам болсо кичинекей бала менен үйдө, буга кошумча боюнда бар эле. Атам цех иштетип, өзү базарга да чыкчу. Ата-энем экөө тең үйдө болууга туура келгенде мен үй-бүлөбүзгө жардам бергим келип, базарга чыктым. Башында алар макул болушкан жок, кыйналасың дешти. Бирок менин кичинекейимден айтканымдан кайтпаган тырышчаак мүнөзүм бар. Болбой эле, үй-бүлөнү бирөө багыш керек да деп, базарга чыгып кеттим. Көрсө, сооданын, цех иштетүүнүн түйшүгү абдан чоң экен. Цехибизде 10го чукул адамды иштетчүбүз. Ошол мезгилде мен 9-классты аяктап, И.Арабаев атындагы университеттин алдындагы колледжге тапшырып калдым. Дизайнер, модельер, конструктор тармагын тандадым. Окуудан чыгып, чуркап жумушка барып, 2 жакты тең алып кетүүгө аракет кылып жүрдүм. Ошентип жүрүп, цехти иштетүүнүн ыгын да өздөштүрө баштадым. Бир жагынан мага жакшы тажрыйба болду. Колледжде тикмечиликти окуп, базар менен цехте практика жүзүндө үйрөнүп жаттым. Жумушта ар кандай кырдаалдар болот. Бычмачыбыз ооруп, жумушка чыкпай калган күндөрү кийимдерди өзүм бычып калууга туура келди. 17ге чыкканда, Кудайга шүгүр, атам жакшы болуп, айыгып калды. 18ге чыгып, паспорт алганымда эч кимге айтпай туруп, айдоочулукту окуп, күбөлүк алып алдым. Буга чейин окуу, базар менен цехтин ортосунда троллейбус, маршрутка, такси менен жүрүп, кыйналган күндөр көп эле болду. Машина айдаганды үйрөнүп алган соң ишим жеңилдей түштү. Баары мына ушундайча башталган.

- Ишкерчилик менен чыгармачылыгыңыздын жолу эрте башталган экен. Ошондой эле, эрте турмуш курганыңыздан да кабарыбыз бар. Үй-бүлөлүү болгондон кийин деле ишиңизди таштап койбой, өркүндөтүп кете алдыңыз. Мунун сыры эмнеде?

-Ооба, 19 жашымда колледжди бүтүп, ошол эле жылы турмушка чыгып кеттим. Учурда 2 уул, 1 кызым бар. Жолдошум жана кайын журтум мени түшүнүп, колдоо көрсөтүп турушат. Кайын журтум да ушул тармакта иш алып барышат. Жолдошум Кореяга барып келип иштейт. Биз бири-бирибиздин өнүгүүбүзгө тоскоол болбой, кыялыбыздагы ойлорду ишке ашырууга жардам берип, колдоо көрсөтүп турабыз. Болгон эле сыр - ушунда.

%article_title%

- МашаАллах! Абдан сонун. Кайрадан ишкерчилик темасына келсек, бүгүнкү күндө сиздердин товарлар чет өлкөгө да байма-бай экспорттолот экен. Кандай кийимдерди тигесиздер?

-Башында халат, форма фартук тигип жүрдүк. Убакыттын өтүшү менен узун көйнөктөрдү тиккенге өтүп кеттик. Анткени мен жоолук салынып жүргөндүктөн, ошол учурда өзүмө ылайыктуу кийим таба албай кыйналат элем. Ал учурда жоолук салынгандар да чанда эле. Базарда көбүнчө кыска көйнөктөр сатылчу. Алгач өзүмө узун көйнөк тигип, анан башкаларга да тигүүнү туура көрдүм. Жаңылбасам, Дордой базары боюнча биз биринчилерден болуп, узун көйнөк, юбкаларды чыгара баштадык. Ошондо 21 жашта болчумун. Балам 9 ай болуп торолуп калган. Бир бутум үйдө, бир бутум базарда болуп, максатыма жетүүгө болгон күчүмдү жумшап жүргөн кез эле. Биздин узун көйнөктөр ошондо Тажикстан менен Өзбекстанга аябай жакшы өтүп жатты. Кийинчерээк, Россия, Казахстан, Дагестан, Казандан да сурашып, ал жерлерге жөнөтүп баштадык. Азыр узун койнөктөрдөн тышкары, буйрутмаларга жараша бардык кийимдерди тигебиз.

- Бул- сиздердин үй-бүлөлүк ишиңиздер экен. Ал эми өзүңүздүн жеке цехиңизди качан, кандайча ачып калдыңыз?

-23 жашымда жеке цехимди ачтым. Башында цехти 1 кыз менен баштаганмын. Экөөбүз отуруп тикчүбүз. Бара-бара адамдарды көбөйттүм. Мен базардан келип, ага жардам берчүмүн. Цех ачканга чейин, башынан эле тикмечиликте сапатка өтө чоң көңүл бурабыз. Балким, ошондон улам да чет өлкөдө биздин товарлар жогору бааланат болуш керек. Цехте иштегендерге: “Тигилиштери сапаттуу болушу керек. Эч ким начар кийим кийгиси келбейт. Сапатына караңыздар”,- деп эскертип турам.

-Сиздердин кийимдер “Даина” деген бренд менен сатылат экен. Бул аталыштын мааниси кандай?

-Ооба, бүгүнкү күндө атам экөөбүздүн товарлар “Даина” деген ат менен чет өлкөгө экспорттолот. Сиңдим Даинанын атынан коюлган. Бул сөз жакшылыкка чакырган деген маанини билдирет. Пайгамбарыбызды ﷺ сахабалар “даин” дешчү экен. Биз тигип жаткан узун койнөктөрүбүз аркылуу элдерди жакшылыкка, Аллах Тааланын буйругун аткарууга чакыргыбыз келет. Турмушка чыгып, өзүнчө цех ачканда атам: “Бренддин атын өзгөртсөң болот. Кааласаң, өзүңдүн кызыңдын атынан коюп ал”,- деди эле, мен: “Мага ушул аталыш жагат, кала берсин”,- деп, атамдын батасын, жолдошумдун уруксатын алып, “Даина” деген брендди улантып келе жатам.

%article_title%

-Ишкерчилик жаатта 8 жылдай тажрыйбаңыз бар экен. Бул убакыттагы сыноолор сизди эмнеге үйрөттү?

-Кыйынчылык, сыноолордун артында чоң даанышмандык менен зор жакшылык катылып жатканын үйрөттү деп ишенимдүү айта алам. Кыйын кездердин 1 секундун да артка кайтарбайт элем. Эгер ошол сыноолор болбогондо мен өспөйт болчумун. Бул нерселердин баары биздин ар тараптан өсүүбүзгө, руханий жактан бийиктөөбүзгө, талыкпаган эмгек аркылуу бактылуу боло аларыбызга жардам берет экен. Анан дагы бир өтө маанилүү нерсе- Аллах жолунда кайрымдуулук кылуу жашоонун берекесин 2 эсе көбөйөт экен.

- Жогоруда кантип узун көйнөктөрдү тигип баштаганыңызды айттыныз. Ал эми өзүңүз качан жоолук салындыңыз эле?

-8 жашымда намаз окуп, 10 жашымда жоолук салынгам. Буга бир эженин мага айткан таасирдүү сөздөрү чоң себеп болду. Чоң атабыз да молдо киши эле. 12 жашымда Куран, араб тилин үйрөнүп баштадым. Ошол мезгилде мектепте мен жалгыз жоолук салынчумун. Директорлор урушуп, мага түшүндүрүү иштерин далай жүргүзүштү. Бирок, Кудайга шүгүр, жүрөгүмдөгү ишеним бекем болгондуктан жоолугумду чечип койгон жокмун. Жашоомдогу бардык сыноолордон өтүп, жакшылыкка Аллах Тааламдын гана жардамы, ата-энемдин тарбия, колдоосу менен жеттим. Эч качан өзүм кылдым деп айта албайм.

- Сиз жакында эле “Даина” дизайн борборунун алдында ар тармактуу окуу курстарын ачтыңыз. Ушул тууралуу да маалымат бере кетсеңиз? Окуу борборун ачуу идеясы эмнеден келип чыкты?

-Мен өзүм ар тармактан билим алганга аябай кызыгам. Ар дайым окуу процессинде болсоң, турмушта бул көп нерсеге жардам берет экен. Колледжде окуп жүргөндө кошумча кытай тили курсуна да барып, 2 жыл окудум. Ошол кезде кытай тили боюнча дүйнөлүк тест болуп калып, мугалимдерим катышуумду сунуштап калышты. 3 жолу тең катышып, баарында өтүп кеттим. 1 жыл Кытайга барып, акысыз окуп келүүмө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аябай баргым келген эле. Бирок ата-энем жалгыз жөнөтүүдөн кооптонушуп, жибербей коюшту. Андан кийин эле турмушка чыгып кеттим. Бирок минтип тил үйрөнүп алганымдын соодада пайдасы аябай тийди. Базарда дунган, кытайлар менен мыкты тил табышып кеттим. Дунган менен кытайлардын тили кыргыз, өзбектердикиндей окшош болот экен.

Ушул тажрыйбалар өбөлгө болуп, ар тармактуу окуу курсун ачууну оюмда бышырып жүргөм. Бул дагы буйруп, 27-майда окуу борборубуздун ачылышы болду. Буюрса, бизде ашпозчулук, кондитердик, сулуулук, өзүн-өзү өнүктүрүү, тил үйрөнүү, ыйман сабактары жана башка дагы бир катар тармакты камтыган окуу курстары болот. Негизи, кыздар табиятынан тың келишет деп ойлойм. Жаштайынан кыздар колдон келишинче кызыккан нерселерин үйрөнө бериши керек. Азыр эркекке эле эмес, аялга деле 70 өнөр аздык кылат деп ойлойм.

%article_title%

- Жумагүл, ушул акыркы оюңузду улай, сиз учурда графикалык дизайн менен да алектенет экенсиз...

-Ооба, учурда компьютердик дизайнды өздөштүргөндүктөн, шелкография, сүрөт сайма, жалтырак сайманы да чогуу алып кетип жатам. Дордой базары боюнча буйрутмаларды кабыл алып, компьютерден тиешелүү сүрөттөлүштөрдү даярдап берем. Башка дизайнерлерден ушул жерим менен да айрымаланам го деп ойлойм. Тигүүчүлүккө караганда графикалык дизайндын иши оорураак болот.

- Үй-бүлөлүү, 3 балалуу болуп бул иштердин баарына кантип жетишесиз?

-Жумуштан келип, 3 баламды бала бакчадан алып келгенден кийин, кечинде тынч, өзүмчө отуруп алып жасайм. Албетте, иштердин көптүгүнөн 4-5 саат уктаганга туура келип калат. Бирок өзүм деле көп уктай албайм. Жаңы идеялар, жоопкерчилик эрте ойготуп, энергия берип турат экен.

- Маегиңизге рахмат. Ишиңизди ар дайым ийгиликтер коштосун!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов