Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Москвада адал тамак жеткирүү кызматын ачкан Нурсултан: “Ишкерчиликти 0дон дагы эмес, жарым миллион сом карыздан баштоого туура келди”

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 23 июнь 2021

19 жашында башына келген күтүүсүз кырсыктан улам Нурсултан Зулпуев жарым миллиондой суммага карыз болуп калган. Кыска убакыттын ичинде бул акчадан кутулуу үчүн ал Москвага жумуш издеп сапар тартат. 2 жылдан соң ал кантип карызынан кутулуп, чоң шаарда адал тамак жеткирүүчү чакан кызмат ача алды? Мындан сырткары, Европа өлкөлөрүн кыдырган Нурсултандын кайсы сапатына немистер таң калышты? Маегибизди соңуна чейин окуңуз.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Нурсултан! Сиз учурда Москва шаарында адал тамак жеткирүү кызматын ачыпсыз. Маегибиз ишкерчилик тууралуу болот. Бирок алгач өзүңүз тууралуу маалыматтан баштасак.

- Валейкум ассалам. Мен Жалал Абаддын Ноокен районунда туулуп өскөнмүн. Токомбай деген кичинекей айылда билим алдым. Биздин айыл- райондун борборунан алыс жайгашкан чакан жер. Билим алууга шарттар жакшы түзүлгөн эмес. Заманбап технологиялар бул жакта турсун катардагы окуу куралдары дагы жетишсиз эле. Айыл жашоосу, көбү билгендей, талаа жумуштары, мал түйшүгү менен өтөт. Чакан айылда жатып дүйнө кыдыруу кыялым күч болчу. Мектепти аяктап, Бишкектеги Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырдым. 1-курстан тарта өзүмө бош убакыт койбой, окуудан тышкары ар кыл курстарга жазылып, чакан ишкерчилик ачууга да аракет кылдым. Чет өлкөдө билим алууну самап, немис тили курсунда окууну баштадым. Мындан тышкары, досум экөөбүз майда-чүйдө жумуштарда иштеп тапкан акча, стипендияларыбызды кошуп, ошондо 12- кичирайондон тез тамактануу жайын ачканбыз. Бул жерди 4 айга чукул иштетип, менде ашкана ишине кызыгуу да пайда болду. Ошол кезде өлкөбүздө саясий кырдаалдар туруксуз болуп, азык-түлүккө болгон баа кымбаттап кетти. Ошентип, чоң мээнет менен ачкан ишибизди жабууга туура келди. Андан соң жайкы каникулда “Саякат жана жумуш” деген программа менен Германияга кетип калдым. Немис тилин 6 айдай окуп, аз да болсо үйрөнүп калган элем. Бул сапарымда жумуш менен биргеликте Европаны да көрүп, дүйнө таанымымды кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

%article_title%

"Немистер: “Тамеки чекпесеңер, сыра ичпесеңер, сүйлөшкөн кызыңар болбосо, силер деги кандай адамсыңар?”- деп таң калышар эле"

- Германияда кандай жумуштарда иштедиңиз? Бул өлкөдөн алган таасирлериңиз менен да бөлүшө кетсеңиз.

- Германиянын 2 шаарында болдум: Бремен жана Берлин. Айылдын бүт тирилигине бышып көнсөм да, Германияда андан оор иште иштеп калдык. Бул дагы да болсо мени күчтөндүрүп, чыйралтты дей алам. Жүк түшүрүү, таңгактоо сыяктуу иштерди кылдык. Немис жана башка улуттагылар менен тыгыз иштешип калдык. Менин боюм 1.80 болсо деле немистердин жанында кичинекей болуп калат экенмин. Алар узун жана сөөк-саактуу келишет. Башында бизди көрүп, аларда: “Булар иш кыла алабы?”- деген ой болуптур. Биз анын үстүнө, Орозо учурунда барып калдык. Ошондой оор учурда тамак, суу ичпей иштегенибизди көрүп, немистер таң калышкан эле. Германия сыранын (пиво) мекени болгондуктан, бизге кээде иш берүүчүлөрүбүз: “Келгиле, ичкиле”,- деп жумушка сапаты жакшы, кымбат сыраларды алып келип калышчу. Биз, албетте, баш тартар элек. Анан алар: “Тамеки чекпесеңер, сыра ичпесеңер, сүйлөшкөн кызыңар болбосо, силер деги кандай адамсыңар?”- деп таң калышар эле. Биз жашоодо башка максаттарыбыз, кызыкчылыктарыбыз бар экендигин айтып берчүбүз. Германияга Куран китебибизди да ала барганбыз. Бош кезде отуруп окуп калганда: “Аа, бул силердин Библияңарбы?”- деп кызыгып сурап калышчу. Мага немистердин адамдын баалуулуктарын сыйлаган сыпаты жакты. Ооз ачкандан кийин ар кандай таттууларды алып келип берип калышчу эле. Мындан тышкары, немистер убакытка абдан так калк келишет. Андыктан, биз да ушул стандартты кармаганга аракет кылдык. 1 жумуш күнүндө 15 мүнөттөн 2 ирет тамактанууга убакыт берер эле. Анын ар бир мүнөтүн пайдалуу жумшаганга аргасыз болчубуз. Түшкү 15 минуталык тыныгууда 1 мүнөттү кийим которууга, 3 мүнөттү даарат алууга, 9 мүнөттү бешим намазын окууга жумшачубуз. Убакыт артып калса тамактанчубуз. Ал эми экинчи 15 минуталык тыныгууда тамактанып жана аср намазын окууга жетишчүбүз.

%article_title%

- Чынында, иш режими абдан тыгыз болчу турбайбы. Анан 3 ай Германияда иштеп мекениңизге кайттыңыз?

- Ооба, 3 айлык каникулум ошентип Германияда өттү. Келип, 2-курста окуумду уланттым. Күндүз окуп, кечке маал такси кызматына жумушка кирип алдым. Мына ушул учурда мен үчүн ошол кездеги чоң сыноого кабылдым. Башка бирөөнүн машинесин ижарага алып, таксиге чыгат элем. Жол кырсыгына кабылып, машине сүзүп алдым. Кудайга шүгүр, эч ким жабыркаган жок. Бирок 2 машине тең жараксыз абалга келген эле. Ошондо мага эмне болгонун ата-энеме дароо айткан жокмун. Эненин жүрөгү назик болот эмеспи, кабатыр кылгым келбеди. 4 айдай ушул иш менен жүрдүм. Машиналарды калыбына келтирип, бардык зыянды төлөшүм керек эле. Окуп жүргөндө 12-кичирайондогу мечитке барып, ал жактагы агалар жамааты менен жакшы элем, досторум да арбын эле. Ушул окуяда кимдин чыныгы дос экенин билдим. Бирөө 10 миң сом, дагы бирөө 1000 доллардай берип отуруп, мени бул кырдаалдан алып чыгып кетишти. Жакын досторум болгон акчаларын, стипендияларынан берип топтоп берген. Ошолорду эстесем азыр кадимкидей ыйлагым келет. Аларга учурдан пайдаланып, терең ыраазычылыгымды билдирем. Ошол учурда мага ар бир сом көздөн учуп, керектүү болуп турган. 4 айдын ичинде Кудайдын жардамы менен эч кимди нааразы кылбай бардык ишти бүткөрдүм. Болгон чыгымды эсептесем, жарым миллиондой сумма болуп кетиптир. Эми бул карызымдан кутулуу үчүн Москвага кетүүгө мажбур болдум. Алгач айылга барып, ата-энем менен жүзмө-жүз көрүшүп, болгон окуяны айтып, алардын баталарын алып, анан Москвага кеттим. Чынын айтсам, ата-энем бул окуя үчүн мени урушат деп ойлогом. Бирок алар түшүнүү менен кабыл алышып, “Эң негизгиси башың аман болсо, калганы баары болот”,- деп жүрөгүмдү тынчтандырышты.

%article_title%

- Ошентип, Москвада мигранттын жашоосу башталган экен да. Жумушту эмнеден баштадыңыз?

- Моквада эжем, жездем, иним бар эле. Алар мага чоң кол кабыш кылышты. Алгач, иш деп эле корүнгөн жумушка кирип кетким келген жок. Аз да болсо өзүмдү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк болгон ишке кирейин деп, балмуздак сатуучусу болдум. Бизде иште телефон колдонууга уруксат берилбейт эле. Андыктан, жумуштагы бош убактымды китеп окуу, ой-тилектеримди блокнотко жазуу, кыялдануу менен өткөрдүм. Балмуздак саткандан да башка жерлерде иштеп көрдүм. Жашоо эмне гана кылдырбайт. Пол жууган да күндөр болду. Жүк түшүргөн, жүк ташыган оор жумуштарды жон терим менен сездим. Ошентип, маңдай тердин аркасында 1 жылдын ичинде, Кудайга шүгүр, карызымдан кутулдум.

%article_title%

- Жакшы болгон турбайбы. Ал эми азыркы ачкан ишиңиздин идеясы сизге кандайча келди?

- Карызымдан кутулам деп жүргөн Москвадагы 1 жылдык убактымда тамак-аш маселесинен абдан кыйналдым. Анткени, биз, мусулмандар ылгабай, баарын эле катары менен жей бербейбиз да. Ал эми Москванын борборунда эмгектенген кыргыздардын 90%ы өзүн мусулманмын деп эсептешет. Баарынын эле үйдөн тамак жасап жегенге шарты дайыма боло бербейт. Мындай көйгөйдү сезгендиктен, адал тамак жеткирүү кызматын ачуу идеясы ойго келди. Эмнеге ашкана, кафе, ресторан, же чайхана ачкан жокбуз? Анткени ал үчүн көбүрөөк каражат керек эле. 4 балаа биригип, атын “tamak_ru” кызматы деп коюп, ишке кириштик. Биздин тамактар, эң негизгиси, адал, экинчиден тоюмдуу, үчүнчүдөн башка жактарга салыштырмалуу арзан, анан жеткирип берүү кызматы менен.

"Өтө чоң акча таап, байып кетпесек да, эң негизгиси, мигрант мекендештерибизди адал тамак менен камсыздап, аз да болсо пайдабыз тийип жатат деген үмүттөмүн"

%article_title%

- Абдан жакшы экен. Бул ишиңиздерди баштоодо кыйынчылыктар болбой койбосо керек...

- Албетте. Ишти жаңы баштаганыбызда башыбыз бир топ эле дубалга урулду. Бир топ акчабызды уткурган убакыттар да өттү. Убактыбызды кетирдик. Чоң мээнет жумшалды. Бирок ак эмгектин акыбети кайтпай койбойт. Кудайга шүгүр, азыркы учурда атыбыз таанылып, кардарларыбыз көбөйө баштады. Зор тажрыйба топтодук. Азыркы ишим өзүмө абдан жагат. Өтө чоң акча таап, байып кетпесек да, эң негизгиси, мигрант мекендештерибизди адал тамак менен камсыздап, аз да болсо пайдабыз тийип жатат деген үмүттөмүн.

- Нурсултан, Москвада 2 жылга чукул жашап, мигранттын жашоосун ичинен көрүп жатасыз. Бул жерде сизди ойго салган маселелер барбы?

- Албетте, бар. Россияда Кыргызстандын эмгекке жарамдуу чоң бөлүгү иштейт. 2 жылдан бери түрдүү көрүнүштөргө күбө болдук. Өз мекениңден алыс, чет жердеги түйшүк жаман. Оор абалда калган, эмгек акысын ала албай алданган, документтерин жоготкон, курулушта иштеп, кулап кеткен, таксиде жүрүп авария болгон, карызга батып кеткен мекендештерибиз да бар. Бул түйшүктөрдү ойлонсоң жүрөгүң зыркырайт. Ар бирине жардам бергиң келет. Азыр көптөгөн мекендештерибиз бул жакта жүрүшөт. Эгерде өз өлкөбүздө жакшы шарттар болгондо алар бул жакка келишпейт эле да деген ой пайда болот. Мындан тышкары, Россиянын жарандыгын алып, бул жерден жакшы орун-очок таап алган мекендештер да бар. Алардын Россияда төрөлгөн балдары көрүнүшү эле кыргыз болбосо, жан дүйнөсү, тили, баалуулуктары орустардыкындай болуп чоңоюп жатышат. Ушул нерселер мени көп ойлондурат. Чоң максаттарымдын бири- бул жакта кыргыздын каада-салттарын, мусулманчылыгыбызды үйрөткөн, өздүгүбүздү сактап калган окуу борборлорун түптөө. Биз, жаштар, аракет кыла берсек, буюрса баары жакшы болот.

%article_title%

"Германияда “Кыргыз жалкоо экен, алсыз экен” дебесин деп ишибизди так жана тез аткарганга аракет кылчубуз"

- Нурсултан, айтсаңыз, чет жерде жүргөндө башка улуттагыларга кыргыз элин, мусулмандарды жакшы жагынан көргөзүү, атын булгабоо деген жоопкерчилик сезимдери болобу?

- Сөзсүз да. Ырамаатылык Чубак ажынын баяндарын угуп жүргөндө, устазыбыз: “Силерди чет жерде Нурсултан, же Айбек катары эмес, бир азиат, бир мусулман катары таанышат. Чет жерде “мусулман”, “кыргыз” деген атты булгабай жүргүлө”,- деп көп айтар эле. Бул жоопкерчилик аябай сезилет. Германияда “Кыргыз жалкоо экен, алсыз экен” дебесин деп ишибизди так жана тез аткарганга аракет кылчубуз. Жоопкерчиликтүү иштегениңдин пайдасы көп болот. Мисалы, Германиядагы Йохан деген иш берүүчүм 1 жылдан соң мага байланышка чыгып, “ Германияга кел, жакшы жумуш бар, мурункудан жакшы квартира, жумуш жана башкада жардам берем, силер мурун ортомчу менен келип, оор шартка туш келгенсинер, бул жолу өзүм жардам берем, жакшы шарттар бар” деп жазып калды. Муну угуп, кадимкидей кубандым. Демек, немистердин талабына жооп бере тургандай иштептирбиз деп. Москвада балмуздак сатып иштеп жүргөндө да коробкаларда ашыкча балмуздактар келип калчу. Ашып калганын менеджерлерге айтканымда, “Муну айтпай эле койбойсуңбу, эч ким деле билбейт го, өзүңө кошумча пайда таап алмаксың”, - деп таң калышчу. Бирок динибизде бирөөнүн акысын жегендик чоң күнөө болот эмеспи. Ушул нерсеге амал кылганга аракет кылчумун. Кийин ал жумуштан кеткен соң да жетекчилер байланышып, “Бизге жумушчу таап бер, сен сунуштаганды алабыз, сага ишенебиз”,- деп улам-улам чалып калышчу. Андыктан, таза иштегенибиз өзүбүзгө эле пайда экен.

- Нурсултан, маегиңизге ырахмат. Ишиңиз илгерилеп, сизди ар дайым ийгиликтер коштосун!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов