Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Эртугрул" тасмасынын оюнчусу Меликшах Өзен Бишкекте: "Өзүмдү бир туугандарымдыкына келгендей сезип жатам"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 25 июнь 2021

Бизге дүйнөнүн ар тарабынан: “Дирилиш Эртугрул” тасмасын көргөндөн кийин мен Исламды кабыл алууну чечтим. Мусулман болуш үчүн эмне кылышым керек?”- деп жазгандар көп болду дейт аталган тасмада Эртугрулдун жакын аскерлеринин бирин ойногон Меликшах Өзен. Олуттуу тарыхый тасмада роль жараткан бул актер Рамазан айында Бишкекте конокто болуп, Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгы уюштурган кайрымдуулук акцияларына катышты. “Умма” журналы да мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, “Дирилиш Эртугрул” сериалынын актерун маекке чакырды.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Меликшах мырза. Кыргызстанга кош келдиңиз! “Дирилиш Эртугрул” тасмасы өз мекенинде гана эмес, дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде чоң популярдуулукка жеткенин биз жакшы билебиз. Кыргызстанда да аталган тасманы чыдамсыздык менен күтүп көргөндөр арбын. Биз үчүн бул тарыхый тасманын актеру менен Бишкекте жолугуу абдан кубанычтуу окуя болуп турат. Кыргызстанга жасаган зыяратыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Валейкум ассалам. Меймандостугуңуздар үчүн чоң рахмат. Бизге, “Эртугрулдун” актерлоруна, Түркиянын дин иштери боюнча башкармалыгынан Рамазан айында кайрымдуулук акцияларына катышуу сунушу түштү эле. Мен буга кубана макул болдум. Учурда Эртугрулдун 2 актеру Африка өлкөлөрүндө жүрөт. Ал эми мага Кыргызстанга келүү буюруптур. Бул үчүн өзүмдү абдан жолдуу сезип турам. Анткени мен бул жерде Ата Журтумдамын. Кырызстанга алгач ирет келсем да, бул өлкө менин жүрөгүмдө өзгөчө орунду ээлейт деп айтар элем. Анткени биздин түпкү тегибиз ушул жерлерден чыккан. Ошондуктан, өзүмдү туугандарымдыкына келгендей эле сезип турам.

%article_title%

- Кыргызстанга келгениңизге 1 жумадай болуп калыптыр. Кайсы жерлерге барганга үлгүрдүңүз?

- Мен Кыргызстанга, башта айтканымдай, кайрымдуулук иштерине кол кабыш кылуу үчүн келдим. Бишкекте болдум, андан сырткары Ош, Өзгөнгө барып келдик. Жардамга муктаж үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен жолугуп, аларга жардамдарыбызды тараттык. Балдар менен пикир алышып, ойнодук. Бул- өзгөчө ырахат. Албетте, Кыргызстандын кыдыра турчу жерлери көп. Бирок 1 жумада баарына жетишпейсиң. Убактыбыз жетишинче кыдырдык дей алам.

- Биздин тамак-ашыбыз жактыбы? Өзгөчө көңүлүңүздү эмнелер бурду?

- Мен этти жакшы көргөн адам катары эти бар тамактарды кандай болсо да ылгабай жей берем. Сонун кымыз ичтик. Албетте, кымызды мурда деле ичкем, бирок бул жактын кымызын башка жактыкы менен салыштырып болбойт, даамы бир өзгөчө. Кыргызстандын эттери аябай таттуу. Бул малдардын таза, табигый чөптөр менен азыктанганы үчүн болсо керек. Бешбармактын даамы дагы деле оозумдан кете элек. Оштун атмосферасы, абасы сонун экен. Ушулар эсимде калды.

%article_title%

- Кубанычтабыз. Эми сөз нугун сиздин чыгармачылыгыңызга бурсак. “Эртугрул” сиз роль жараткан канчанчы тасма болду?

- Профессионал актер катары буга чейин 5 фильмде образ жараттым. Ал эми “Эртугрул” сыяктуу тарыхый тасмага алгач ирет катыштым. Тарыхый тасмада иштөө башкаларга салыштырмалуу алда канча татаалыраак болот. Болгон күч-араткетибизди жумшадык. Тарыхый тасмада ойноп, азыркы жана келечек муун үчүн жакшы өрнөк көрсөтүү мен үчүн чынында чоң сыймык болду. Мусулман катары өз баалуулуктарыбызды, түрк эли катары патриоттуулук сезимдерин жеткирүүгө себепчи болгонубуз мага чоң ырахат алып келди.

- Меликшах мырза, сөзүңүзду улай, бул тарыхый тасманы жана андагы баалуулуктарды көрөрмандар кандай кабыл алып жатат?

- “Дирилиш Эртугрул” жалпы Түрк дүйнөсүнүн ойгонушуна себепчи болду деп ишенимдүү айта алам. Азыр, мисалы Түркияда жаш балдар арасында супермен, спайдермен, темир адам сыяктуу каармандар эмес, Эртугрулдагы каармандар алардын сүймөнчүлүгө ээ болуп, мына ушуларга алар окшошкусу келип жатат. Мен жашаган жерде балдар ойноп жатканда бирөөсү Эртугрул болот, дагы башкасы Меликшах, Бамсы болушат. Мага келишип, “Меликшах ага, бизге кылыч кармаганды үйрөт”- деп калышат. Биз келечек муунубузга тасма аркылуу тарыхыбызды айтып берип эле койбостон, алардагы ата-мекенине, динине болгон сүйүүнү да ойготуп жатабыз. Бул - абдан сонун көрүнүш. Бизди Америкада жашаган ахыска түрктөрү конокко зыяратка чакырып калышты. Ал жерде чоңунан тарта кичинесине чейин “Эртугрулду” көрүшөт экен. Алардагы динине жана улуттук баалуулуктарына болгон сыймыктануу сезимин көрүп кубандык. Дагы бир маанилүү жагдай- тасма аркылуу Ислам динин баалуулуктарынын жайылып жатканы. Атеисттер болобу, башка ишенимдин өкүлдөрү болобу, тасмадагы мусулмандардын өзүлөрүн алып жүргөнү, бири-бирине жасаган мамилесин көрүшүп, аларда динибизге болгон кызыгуу, жакындоо сезимдери пайда болгонун өз көзүбүз менен көрүп келе жатабыз. Түркияда да: “Биз да мусулманбыз, анда эмнеге намаз окубайбыз?”- дешип, тасмадан кийин 5 убакыт намаздарын тургузгандар көп. Социалдык тармактардан да жазгандар көп болот. Мага көбүнчө Россиядан: “Мен мусулман болууну каалайм. Ал үчүн эмне кылышым керек?” – деп жазып жатышты. Убактымдын жетишинче каттарга жооп берип, видеобайланышка чыгып, колумдан келген жардамды бергенге аракет кылдым. Тасманын ушундай жемиштерин көрүп, өзгөчө ырахат алып жатабыз. Сезимдерди сөз менен жеткирүү кыйын, албетте.

%article_title%

- Абдан сонун. Эми тасмада ойногон ролуңуз тууралуу да айтып берсеңиз. Чыныгы жашоодогу сиз менен фильмдеги образыңыздын окшоштуктары барбы?

- “Дирилиш Эртугрулда” баш каарман Эртугрулдун жакын аскерлеринин бирин ойнодум. Тасмадагы ал аскердин аты да Меликшах. Каарманымдын аты эле эмес, заты да мага окшош. Андыктан, өзүмдү эле ойнодум деп да айтсам болот. Каарманым Меликшах - башкаруучусуна толугу менен берилген, анын буйругунан чыкпаган аскер. Тасмада аскердердин өз лидерине болгон сыйы, толук моюн сунуусу мыкты көрсөтүлгөн. Аскердин ролун ойноодо, Кудайга шүгүр, көп деле кыйынчылык чеккен жокмун. Азыр 40 жашка келип калдым. Жашоо образым деле тасмадагы аскерлердикине окшоп кетет. Төрөлгөнүмдөн бери ат үстүндөмүн, кылыч кармоо өнөрү боюнча да убагында устаттардан сабак алгам. Өзүм ансыз деле тоону жакшы көрөм. Тоого чыгып, 2-3 күн түнөп калган күндөрүм да болгон. Аттарга жакынмын, 6 атым бар.

%article_title%

- Быйылкы Рамазан айы тууралуу да айта кетсеңиз. Сиздин орозоңуз кандай өттү?

- Мен 17 жашымдан бери бүгүнкү убакка чейин жыл сайын үзбөй орозо кармап келем, кудайга шүгүр. Албетте, эч бир Рамазан бири-бирине окшобойт. Жыл сайын Орозо айынын даанышмандыгын жон-териң, аң-сезимиң менен баамдайсың. Бул жылкы Рамазан да жакшы өттү. Кыргызстанга келүү да буйруп, кайрымдуулук иштерине катышканым үчүн кубанып турам. Мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдар менен жолукканда алардын ыраазычылыгын жүзүндөгү таттуу жылмаюусунан байкайсың. Ошол кездеги бактылуулукту дүйнөнүн эч бир тили түшүндүрүп бере албайт. Муну менен бирге мойнуңдан чоң бир жүк түшкөндөй болот. Жардамга муктаждарга аз да болсо колдоо көрсөтө алганың кандай сонун. Бул үчүн Аллахка чексиз мактоолор болсун!

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз, Меликшах мырза. Сизди кайрадан Кыргызстанда күтөбүз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43