Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Микаил Сүрер: "Аллахтын "аш-Шафи" ысымына кызмат кылууга аракет кылып келебиз"

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Өздүк архив / Жарыяланды: 6 июль 2021

Эми Кыргызстанда онкологиялык ооруларды аныктай турган клиника бар. Түркиянын колдоосу менен жакында эле Бишкекте «Turkish Health Clinic» диагностика борбору ачылды. Буга чейин мындай оор илдетке кабылгандар онкологиялык ооруну анын кайсы баскычында экенин аныктоо үчүн эле чет өлкөлөргө чоң суммадагы акчаларын коротуп барып келишчү. Ал эми каражаты жоктор убакытка уттуруп, илдетин оор фазага өткөрүп алышчу. Буюрса, мындан кийин заманбап жабдыктар менен жабдылган, профессионалдар тобунан түзүлгөн дарыгерлер Кыргызстанда рак оорулары менен эффективдүү күрөшүшөт. “Умма” журналы бул борбордун курулушун демилгелеген түрк ишкери Микаил Сүрер менен маектешти. Микаил мырза 2014-жылдан бери Саламаттыкты сактоо тармагына инвестиция салып келет.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Микаил мырза. Мындай маанилүү борбордун курулушу биз үчүн абдан жагымдуу кабар болуп турат. Алгач сиздерге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Кыргызстанда онкологиялык ооруларды аныктай турган клиника ачуу идеясы эмнеден улам жаралды?

- Валейкум ассалам. Негизи мен 8 жылга чукул убакыттан бери Саламаттыкты сактоо жаатында иш алып барып келем. Түркияда мындай клиникалардын саны 200дүн тегерегинде. Алардын ичинде “Emsey Hospital” борбору 2012-жылдан бери калктын саламаттыгына кам көрүп, Түркияда эле эмес, чет өлкөлөрдө да мындай диагностикалык борборлордун курулушуна салым кошуп келет. Мен дал ушул борбордо иштеп жүргөндө Кыргызстандан көптөгөн бейтаптар келерин байкадым. Алардын басымдуу бөлүгү өтүшүп кеткен онкологиядык дарттар менен кайрылышар эле. Негизи эле Кыргызстандан дос, тааныштарым көп. Биз эмнеге мындай деп суроо сала баштадык. Изилдесек, көрсө, Кыргызстанда рак илдеттерин аныктай турган аппарат жок экен. Рак менен күрөшүүнүн бир канча жолу бар. Бирок ошол жолдордун эң маанилүүсү – бул убакыт менен жарышуу. Убакытка уттуруп койбоо керек. Алгач илдеттин кайсы баскычтан экенин так аныктап алуу шарт. Тааныбаган душман менен кантип күрөшкө аттанмак элең? Бул нерсени аныктамайынча дарылоону баштай албайсың. Кыргызстанда онкологиялык ооруларды аныктоочу клиниканын болбогону үчүн көбү убакытты өткөрүп, Түркияга дарттын оор, 4-баскычында келип жатышыптыр. Мындан улам, биз Кыргызстанга диагностикалык борбор курууну чечтик. Негизи, тизмебизде башка да бир катар өлкөлөр бар. Бирок Кыргызстанды алдыңкы сапка чыгардык. Бул – бир жагынан. Экинчи жагынан – кыргыздар биздин бир тууганыбыз. Орток тарых, маданият, тил жана дин бизди бириктирип турат. Андыктан, биз бири-бирибизге жардам беришибиз керек. Буюрса, биздин клиника дарт кайсы баскычта экенин так көрсөтүп, калкка пайдалуу кызмат өтөйт деген ишеничтебиз.

%article_title%

- Абдан жакшы. Борбордо дагы кандай медициналык кызматтар көрсөтүлөт?

- Биздин диагностикалык борбор дартты аныктап эле койбостон, аны кантип дарылоо керек, кимдерге, кайсы ооруканаларга кайрылуу керектиги боюнча маалымат берип, жол көрсөтүп да турат. Мындай оор илдетке чалдыккандарды өз убагында туура адамдардын колуна тапшырып берүү- өтө маанилүү. Мисалы, бир бейтап 1- баскычтагы өпкө рагы менен келди дейли. Дарылоо жолдорунан химиотерапия, радиотерапия, дары алуу, операция сыяктуу бир канча түрлөрү бар. Биринчи жана экинчи баскычта дарылоонун бир канча ыкмасынан бирөөнү тандап алсаң болот. А эгер, рак 4-баскычка өтүшүп кетсе, бул жерде кадамдарды абдан дыкаттык менен жасоо керек болот. Бул баскычта, мисалы, операция кылууга болбойт. Анткени эч кандай натыйжасын бербейт. Радиотерапияны сөөктөрдөгү ооруну азайтуу үчүн алышат. Бейтап, жакшы болуп, оңолуп кетүүсү үчүн эмес, оорусун азайтып жашоо үчүн гана күрөшүп калат. Муну биз “кыйналбаган өлүм” деп коебуз. Биздин максатыбыз - онкологиялык ооруларды болушунча эрте аныктап, адамды айыктыруу үчүн күрөшүү.

%article_title%

- Микаил мырза, айтсаңыз, клиниканы курууга канча убакыт кетти? Медициналык жабдыктар кайдан алынып келди?

- Клиниканы 2 жылдын ичинде куруп бүтүрдүк. Ортодо коронавирус толкуну каптап, мындан сырткары өлкөлөр ортосундагы бюрократия да себеп болуп, узарып кетти. Мындан да эрте бүтүрөт элек. Ал эми заманбап медициналык жабдыктарды Америкадан алып келдик. Негизи, медициналык жабдыктарды мыкты чыгарган саналуу гана өлкөлөр жана компаниялар бар. Алардын арасында Америка да сап башында турат. Ал эми Түркия болсо медицина жаатында алдыда. 2002-жылдан баштап саламаттыкты сактоо тармагы өлкөбүздө тынымсыз өнүгүүнүн үстүндө келе жатат, буюрса. Андыктан, онкологиялык ооруларды дарылоодо Түркиянын тажрыйбасын колдонобуз.

%article_title%

- Сөзүңүздү улай, бул клиникада кызмат көрсөтө турчу эмгек жамааты жөнүндө да айта кетсеңиз. Түркиядан да доктурлар келишеби?

- Албетте, Туркиядан да тажрыйбалуу доктурдарды алып келебиз. Бирок аларды алып келгендеги негизги максат - бул жактагы кыргыз доктурлары менен түркиялык доктурлардын ортосунда байланыш түзүп, билим, тажрыйба алмашуу. Кыргызстандык доктурлар бул ишти мындан ары өзүлөрү, көз карандысыз түрдө алып кете алгыдай деңгээлге жетүүгө шарттарды түзүү. Кыргызстандын алдыңкы медиктерин чогултуп чоң-чоң илимий конференцияларды өткөрүү, саламаттыкты сактоонун жаңы, бийик деңгээлине чыгууга умтулуу.

Онкологиялык оору менен жабыркаган канча деген адамдар бар арабызда. Алардын баарынын эле чет өлкөгө чыгууга шарттары жок. Алар эмне кылышат анда? Акырындап өлүмдү көздөй бет алышабы? Андай болбошу үчүн биз бул өлкөгө билимди, илим адамдарын алып келүүбүз милдет. Албетте, Аллахтын маңдайга жазган тагдыры бар. Убакыт, сааты келгенде баарыбыз бул дүйнөдөн кетебиз. Бирок бул деген ооруп калганда аракетсиз отуруу дегенди билдирбейт да. Аллахтын аш- Шафии деген ысымы бар (Айыктыруучу). Биз Жараткандын ушул ысымынын урматына болгон күч-аракетибизди жумшообуз зарыл.

%article_title%

- Микаил мырза, ал эми диагностикалык борбордун кызматынын акысы канча болот? Кыргызстандын шартына ылайыкташса керек...

- Негизи бир катар өлкөлөрдө диагностикалык борбордун кызматынан пайдалануу баасы 750 доолардан 2000 долларга чейинки сумманы камтыйт. Бул баа өлкөдөн өлкөгө, шаардан шаарга карай өзгөрөт. Бирок ушул нерселерди эске алалы. Мисалы, Кыргызстандан бейтаптар дартты аныктоо үчүн чет өлкөгө чыкканда, жол кире, тамак-аш, мейманкана сыяктуу чоң чыгашаларды да көтөрүшү керек. Дагы бир жагынан, алар ортодо убакыттан уттурушат, жол жүрүү учурунда бейтаптын акыбалы да начарлап кетиши мүмкүн. Ушул шарттарды эске алганда, бул клиника Кыргызстандыктар үчүн бардык жагынан ынгайлуу жана сарамжалдуу кызмат өтөйт, буюрса. Бул айтып жаткандарымды үй-бүлөсүндө, же туугандарында онкология менен ооругандары барлар абдан жакшы түшүнүшөт. Учурда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына караганда, жүрөк ооруларынан кийин эле онкологиялык оору себептүү бул дүйнө менен кош айтышкандар көп экен. Бул сан убакыттын өтүшү менен дагы да артууда. Анткени жашоо сапаты, туура эмес тамактануу, стресс сыяктуу факторлор көбөйүп, адамдын ден соолугуна чоң зыянын тийгизип жатат.

%article_title%

- Микаил мырза, 10 жылга чукул убакыттан бери Саламаттыкты сактоо жаатында экенсиз. Бул тармак сизге кандай турмуштук сабактарды берип келе жатат?

- Мусулман болгондугум үчүн адам өмүрүнүн баасын абдан жакшы билем. Ошондой эле, Кудайдын алдында эсеп бере турчу бир күн келерин дагы жакшы түшүнөм. Саламаттыкты сактоо тармагына адамдарга пайдалуу болуу ниети менен келдим. Бирок жаңы аралаша баштаганда бир кызыктуудай абал болду менде. Кудайга кантип дуа кылышымды билбедим. Эгерде экономикалык жактан карасак, башкалардын оорусу менин кирешем болуп жатат. “О кудай, ишим жакшы жүрүшү үчүн оорулууларды көбөйт”,- деп тилек кылмак белем?

Бир агайыма барып, ушул ойлорум менен бөлүшсөм, ал мындай деди:

Биз “Оо Аллахым, эч бир кулуңду оор дарт менен сынаба, а эгер сынасаң анын шифасын бер” деп дуа кылып суранабыз деди. Мына ушундай ишеним жана тилек менен ушул тармактагы ишимди баштадым эле. Биз себепчи болуп, адамдар илдеттеринен айыгып жатса, сүйүнүп, бактылуу болуп жатышса аябай кубанабыз. Адамзатка пайдалуу болуу кандай сонун ырахат. Бул ишти мен ибадаттын бир түрү катары көрөм. Аллах ыраазычылыгы үчүн, анын аш-Шафи ысымына кызмат кылып жатабыз деп эсептейм.

%article_title%

- Маегиңизге терең ыраазычылык билдиребиз, Микаил мырза. Жараткан сиздерди Өзү колдоп, жакшы иштерге себепчи болуп жүрө бериңиздер.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43