Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Өзүн- өзү өнүктүрүүдө эмнелерди эске алуу керек? Эл мугалими Гапыр Мадаминов жооп берет

Жарыяланды: 30 июль 2021

«Бүгүнкүнүн Дүйшөнү» аткан конгон эл мугалими Гапыр Мадаминов тууралуу канча жазсак да сөз түгөнбөйт. Ар жолку маегибизде Гапыр агайдын өзгөчө ойлорун, адамга канат байлап шыктандырган сөздөрүн угуп, жан дүйнөбүз менен акыл куржунубуз байып калат. “Умма” журналы” Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, 3-эксперименталдык гимназиянын директору, ардактуу Гапыр Мадаминов менен чоң форматта 2-ирет эксклюзивдүү маек курду. Кеп нугун илим-билим, жан дүйнө азыгы, бүгункү күндө жаштарды ойлондурган маселелерге арнадык.

%article_title%

- Агай, сизге алгач терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Убактыңызды аябай, 2-ирет журналыбызга чоң форматта маек берип жатасыз. Баткенден борборго кандай иш, пландар менен келип калдыңыз?

- Сиздерге да маекке чакырганыңыздарга рахмат айтам. Сиздердин журналга биринчи интервьюмду бергениме эки жыл болуп калды окшойт. Менин Бишкекке келип калышымдын себеби белгилүү айым Ассоль Молдакматова “Кыргызстандын лидер инсандары” аттуу долбоор жарыялаган экен. Ага ылайык, коомубузга эмгеги сиңген инсандар бир чөйрөдө эс алып, маанилүү маселелер сүйлөшүлдү. Элдин добуш берүүсү боюнча белгилүү режиссерлор, маданият ишмерлери, даарыгерлер тандалыптыр. Алардын арасынан элдин сунушу боюнча мен дагы катышып калдым. Ушул долбоорду уюштурган Ассол Молдакматовага терең ыраазычылыгымды билдирем. Бул иш-чарага катышып, эми Баткенге кетүүгө камданып турганда Чүй, Бишкектеги мугалимдер, активисттер: “Алыстан аз келесиз, келгенге жараша 1-2 күн семинар, жолугушуу өткөрүп берип кетсеңиз”,- деген сунуш түшүп, аларга да катышып калдым.

%article_title%

"Бизде бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдай турган атайын курстар, окутуу борборлору жок. Окуучуларыбыз мектептеги даярдыктар менен эле жогорку баллдарды алып жатат"

- Абдан жакшы, агай. Бүгүнкү күнгө чейин өзүңүз түптөгөн 3-эксперименталдык гимназияны жетектеп келесиз. Мектептеги, окуучуларыңыздагы акыркы жаңылыктардан айтып берсеңиз?

- Кудайга шүгүр, мектебибизде жакшы жылыштар болуп жатат. Алгачкылардан айтсак, бул жылкы Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) окуучуларыбыздын алдыңкы баллы 200дөн ашса, ортоңку баллы 173 болду. Бул боюнча Билим берүү министрибиз президенттик чоң жыйында түпкүрдө жайгашкан гимназиябыз борбордогу алдыңкы мектептерден да жакшы көрсөткүчкө жеткендигин баса белгилеп айтты. Өзүңүздөр билгендей, биздин мектеп татаал жагдай болуп турган жер, Тажикстан менен чек арада жайгашкан. Бизде бүтүрүүчүлөрдү ЖРТга даярдай турган атайын курстар, окутуу борборлору жок. Окуучуларыбыз мектептеги даярдыктар менен эле жогорку баллдарды алып жатат. Мисалга, бир окуучубуз Азамат Бекбоев алтын сертификатка ээ болду. Мындай жетишкендиктерге “Акыл эмгегинин маданияты ”сабагынын негизинде ЖРТ га даярдоо жакшы натыйжасын берүүдө. Дагы бир жакшы жаңылык, окуучуларыбыз республикалык олимпиададан орус тили, биология, тарых сабактары боюнча байгелүү орундарды алып келе жатат. Алыскы мектептен келип мындай орун алыш - биз үчүн чоң сыймык.

%article_title%

- Гапыр агай, сиз жетектеген 3- эксперименталдык гимназиянын эмгек жамааты тууралуу да кабар берип кетсеңиз. Азыр шакирттериңиз көбөйүп, колуңуз кыйла узарып калса керек?

- Негизи биз мектеп- гимназиябызды эски колхоздун конторасында түптөгөнбүз. Контораны мектеп кылып ыңгайлаштырып, окуучуларды окутуп келебиз. Ошондуктан, өсүү мүмкүнчүлүгүбүз бизде чектелүү. Ушуга байланыштуу жогорку жактарга атайын мектеп-гимназия үчүн имарат, жыйындар залы, жатакана куруу боюнча кайрылып жатабыз. Эгер ушул маселе чечилип калса, окуучулардын саны өсмөк. Учурда эмгек жамаатыбызда 20нын айланасында мугалим иштейт, 187 окуучу окуйт.

Шакирттер тууралуу өтө туура айттыңыз. Шакирттердин саны өскөнү биз иштеп чыккан методикалар Кыргызстандын башка аймактарына жайылууда. Маселен, “Эне мектеби” мурда Баткен, Жалал-Абад, Оштун кээ бир аймактарында гана болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстандын 7 дубанына тең кулач жайып, шакирттерибиз онлайн-конференцияларды өтүп жатышат. Мисалга, Таласта Салтанат Бейшенова, Жалал- Абадда Эркингүл, Нарында Жаркынайым, Чүйдө Динара, Кадамжайда Айзада жана башка аймактардагы шакирттерибизден “Эне мектебинен” жүз миңден ашык энелер сабак алды. Мигрант айымдар үчүн Жумагүл жана Маклюба деген кыздарыбыз Москва шаарында “Эне мектебинин” бөлүмүн ачууга жетишти. Ал эми Америка Кошмо Штаттарында Кадича деген кызыбыз да бул иштин учугун улап жатат.

%article_title%

"Өткөнүн билбеген, жалаң гана ийгиликти эңсеген, ийгиликтин формуласын издеген муун өсүп калуусу чочулатат"

- Агай, сиздин мектебиңизден билим алууну каалагандар көп болсо керек. Азыркы учурда балдарды гимназияга кандай шартта алып жатасыздар?

- Кабыл алуу экзамен тапшыруу жана маектешүү аркылуу өтөт. Айрыкча, биздин окуучуларыбыз ЖРТдан эң жогорку баллдарды алгандан тарта мектеп-гимназиябызга окууну каалагандар көбөйдү. Мисалга, 24 окуучу кабыл алуубуз керек болсо, 160 окуучу келет. Бул бир орунга 7,8 окуучу туура келет дегенди түшүндүрөт. Таң калычтуусу, 160 окуучунун кеминде 6оосу гана өз баасы менен өтөт. Мектептерден келген окуучулардын билим деңгээлинин начар болгондугу кыжаалат кылат. Буга мектептеги мугалимдерди күнөөлөгүм келбейт. Азыр бүткүл коом билим сапаты жөнүндө ойлоно турган мезгил келди.

- Жалпы коом билим сапатына көңүл буруш керектиги жөнүндө жакшы белгилеп айтып кеттиңиз. Жакында эле сизди жандап жүргөн Эрлан деген мырза шаарыбыздын көчөлөрүнө чыгып, “Жусуп Абдрахманов ким болгон? Касым Тыныстанов ким?” - деген сурамжылоо кылыптыр. Жакында эле социалдык тармактардан көрүп калдык. Анда Касым Тыныстановду хирург дешсе, Жусуп Абрахмановду музыкант деп жооп берип жатышты. Коомубуздун мындай деңгээлге түшүп калышына эмне себеп болуп жатат? Бул маселени кантип чечиш керек? Кандай ойлойсуз?

- Туура, жаштарыбыздын билим сапаты ойлондурганы бир маселе болсо, ой өрүшүнүн (кругозорунун) деңгээли үстүртөн болуп бараткандыгы - экинчи бир маселе. Сиз айтып өткөн Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов- Кыргызстан үчүн зор эмгек жасаган адамдар. Алардан кийин Исхак Раззаков деген улуу инсаныбыз өткөн. Бул улуу инсанды деле акын беле, же жазуучу беле дегендер чыгып жатат. Бул нерсени жан дүйнөнүн тайкылыгы деп эсептейм. Өткөнүн билбеген, жалаң гана ийгиликти эңсеген, ийгиликтин формуласын издеген муун өсүп калуусу чочулатат. Албетте, ийгилиги жакшы, ишкердиги жакшы, бирок, өтмүштү билбей, жан дүйнө, ыйман азыгын албаган муун өссө, биз коркунучтуу абалга барып калышыбыз мүмкүн. “Умма” журналынын аткарып аткан иштери, менимче, ушул кенемтени толтурууга бир багыт боло алат деп ойлойм. Билим, тарбия берүү - мектептин гана маселеси эмес, ММКлар, саясий, маданий системабыз, ата-эне, үй бүлө жана ошондой эле бүтүндөй коомчулук коңгуроо чалып: “Эй, эсиңе кел, адам ата балдары”- деп эскерте турчу учур келип калды.

%article_title%

"Мен 25 жылдык экспериментимден “Тарбиянын эң чоң маселеси – адамдын өзүн-өзү тарбиялоосу” деген корутунду чыгардым"

- 21-кылымда ааламдашууга туш болгон, маалымат-технологиясынын доорунда жашап жаткан жаштарды түйшөлткөн негизги суроолорду бергим келип турат. Мурда биринчи айылдан экинчи айылга кабар жөнөтүш үчүн бир күн керек болсо, азыр бир континенттен экинчи континентке эки секунддун ичинде байланыша ала турган бир заманда жашап жатабыз. Маалыматтан баш айланган учурда жашап жатабыз. Ушул нерсеге улуу муундун өкүлү катары кандай баа бересиз?

- Биздин азыркы доорду информациялык коом деп дагы атайбыз. Сиздер айткандай, илгери китепканалардан, китептерден айлап-жылдап ала турган маалыматтарды азыр үйдө олтуруп эле заматта таап, билип ала турган болуп калдык. Албетте, бул- жакшы нерсе. Кээ бир социологдор: “Интернетте эң жакшы окутуучу программалар, сайттар бар. Бирок, биздин жаштар ошону ылгап, аңдап өстүрө турган жагы менен убарабы, же болбосо пайдасыз фильмдерди, урду-сокту берүүлөрдү гана көрүү менен убарабы деген маселе бар”,- деп айтып жүрүшөт. 90 пайыз интернет колдонуучуларыбыз интернеттин пайдалуу жактарын колдонбостон, көңүл ачуучу, пайдасыз маалыматтар менен гана убара болуп, биринчиден, аң- сезими ууланып, экинчиден, эң кымбат адам баласынын ресурсу болгон убактысы, үчүнчүдөн, ден соолугу кетип жатат. Ушундан улам, биз дагы мектебибизге “Информациялык коомдо информацияны ылгап пайдалануу” деген тарбиялык саат киргиздик. Жаштардын аң-сезимин интернет ээлеп алгандыгын айта беребиз. Бирок үйдө балдары эле эмес, атасы, апасы дагы интернет менен убактысын коротуп отурушат. Сүйлөшүү, баарлашуу деген жок болуп калды. Бул да болсо - жан дүйнөнүн жакырлыгы. Эгер жан дүйнө, тарбия туура багытка түшсө, адамдар интернеттен туура, пайдалуу маалымат алууга ыктайт эле.

%article_title%

- Адам өзүн-өзү тарбиялоосу, өнүктүрүүсү, бул жашоодогу миссиясын, максатын табуусу керек. Үй бүлөдө кылдат, туура тарбия көргөндөр бул нерсени эрте түшүнсө, кээ бирлери 50 жашка келип анан түшүнүшөт. Негизи эле адам өзүн-өзү таанып, максатын тапканда гана чыныгы бакытка жетет. Ушул нерсени эмнеден башташ керек? Ушул тууралуу айтып берсеңиз?

- Рахмат. Дагы бир орчундуу маселени алып чыктыңыз. Азыркы учурда ааламдашуу жана маалыматтык коом деген эки чоң көйгөй бар. Бул нерселерди жаман дегенден алысмын, жакшы жактары бар. Бирок, адамдык сапатты жоготуп алуудан сак болуу керек. Негизинен, алгач информациялык технологиялар адамдын жардамчысы болуп келген болсо, акырындап барып адамдар анын туткуну болуп калабы деген ой жаралат. Бул нерсени алдын алууга бир жол катары “Ааламдашууга адамдашуу менен жооп берели” деген кайрылууну айткым келет. Адам информациялык технологиянын туткуну болуп калбоосу үчүн информациялык технологияларды башкара билген муундар өсүп чыгуусу керек. “Мунун жолу кандай?”- деген суроонун жообу- адам өзүн-өзү таануу жана өстүрүү керектигинде. Биз, көбүнчө, жаштарды үй бүлө, ата-эне, мугалим тарбиялаш керек дейбиз. Мен 25 жылдык экспериментимден “Тарбиянын эң чоң маселеси – адамдын өзүн-өзү тарбиялоосу” деген корутунду чыгардым. Ошол экспериментимдин негизинде жаңы бир китебимди жаздым. Китептин аты - “Бүтпөс китеп”, анткени, адамдын өзүн-өзү тарбиялоосу бүтпөс маселе. Адам өзүн – өзү өстүрө турган, тарбиялай турган жолду таба билиш керек. Мисалы, “мен ак ниетмин”, “ак пейилмин”, “ак көңүлмүн”, “берешенмин” деп жакшы жактарын да билип, ошол эле убакта, өзүндөгү кемчиликти таба билгенге үйрөнүү зарыл. Өзүндөгү кемчиликтерди таап, аны жоюуну балдарга дагы үйрөтсөк жакшы болмок. “Адам өзүндөгү терс сапаттар менен кантип күрөшүш керек?” деген суроого китебимде бир нече ыкмалар берилди. Мисалга алсак, математикалык айрым түшүнүктөрдү: топтоштуруу, жоюштуруу, ээрчишүү жана комбинаторика методдорун тарбиялык иште пайдалануу тууралуу кызыктыра тургандай кылып жазганбыз. Ошондой эле, бул китепте машыгуу гимнастикасын сунуштадым. Мунун негизинде "Тарбия гимнастикасын" мектепте сабак кылып өтө баштадык. Мисалы, балдар: дене көнүгүүлөрү учурунда “Мен өзүмдөгү жалкоолукту, ичи тардыкты жек көрөм”,- деп катуу дем, күч менен айткандан кийин чоң бир өзгөрүү болот экен. Балдарга эртең менен турганда дене тарбия гимнастикасын жасагыла дегендей эле, тарбия гимнастикасын жасагыла деп сунуш кылам. “Мен бүгүн ак көңүл болуп жүрөм”, “Адамдарга жакшылык каалайм жана кылам” деп үнүн чыгарып айтап, өзүнө эскертип турганда жакшылыкка жол ачылат. Китепте улуу инсандардын өзүн-өзү тарбиялоосу жөнүндө эң жакшы үлгү болгон пайгамбарыбыздын ﷺ , Исхак Раззаков, Жусуп Абдрахмановдордун өзүн-өзү тарбиялоодогу методдору да камтылган.

%article_title%

Улуу Пётрдун мөөрүнүн астында “Түбөлүктүү окуучумун - түбөлүктүү устат издейм" деген жазуу бар экен. Ал эми биз өзүбүздү диплом менен чектеп коюп жатабыз. Мындай деген сөз бар- "Кылым жашасаң - кылым оку". Муну мен бир аз өзгөртүп, "Кылым жашасаң, кылым өзүңдү өзүң өзгөрт”,- деп атадым. Бул китептин дагы бир өзгөчөлүгү, 3 жаштан 99 жашка чейинки ар бир куракта өзүн - өзү тарбиялоо тууралуу жазылды. Ар бир жаштын өзүн - өзү тарбиялоо маселелери жана жолдору бар. Биз “70, 80 жашка кирген адам дагы өзүн-өзү тарбиялаш керекпи?”,- деп таң калуу менен карайбыз. Мен жооп берем: “Сөзсүз тарбиялоосу керек. Чоң ата, чоң эне болууга, таята, таене, кайнене, кайната болууга, эл аксакалы, эл акылманы болууга тарбиялаш керек. 90 жашка барганда балдарга жакшы бата берип, сапарга даярданышка тарбиялоо керек.

Дагы бир баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, мен бул китепти 10 жылдай жаздым, бирок, эмнегедир, тамакка туз жетпеген сыяктуу китептин мазмуну да супсак болгондой болуп жүрдү. Кийин Воронцовкада дарыланып жатканда Курандын кыргызча котормосун окуп чыгып, китептеги жетишпеген суроомо Курани Каримден жооп таптым. Куранда: “Аллах Таала жакшылыктарды бербейт, эгер ал адам, ал коом өзүн-өзү өзгөртпөсө”- деген аят бар экен. Бул сөз адамдын өзүн-өзү өстүрүүсүнө фундаменталдык түшүнүк болуп жатпайбы. Анан мен бул аятты китебиме квитэссенция кылып колдондум.

%article_title%

"Химия, физика, математика олимпиадасын өткөргөндөй эле “Адамгерчиликтин олимпиадасын” да өткөрөлү"

- Агай, азыркы учурда өзүн- өзү өнүктүрүүгө аракеттенгендер көп. Мисалы, “эң ийгиликтүү”, “эң күчтүү”, “эң бактылуу” болуу деген сыяктуу. Бирок ар бир адам ийгиликти, бактылуулукту ар кандай кабыл алат. Ал эми сиздин оюңузча, чыныгы ийгилик, чыныгы бактылуулук деген эмне? Ошондой эле адамдар чыныгы мотивацияны кантип тапса болот? Кайдан алат?

- Эң сонун суроо болду. Албетте азыр эл аралык, чет өлкөлүк мотиваторлор бар. Бирок бир нерсени айтайын, "өсөр эл - өзүн сыйлайт"- дейт. Биз жалаң Германияда мындай, Америкада андай методдор бар дейбиз, бул жакшы. Бирок, кыргызда деле Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Сарт аке, Мойт аке, Исхак Раззаков деген улуу инсандарыбыз бар го. Ошон үчүн айтар элем, эгер биз бир чет өлкөнүн методун айтсак, анын жанына кыргыздын да бир улуу инсанын мисал келтире жүрөлүк. Ошондо бизде улуттук кемсинүү деген болбойт. Себеби биз методду, курулушту, инвестицияны, жардамды, идеяны, технологияны, бүт баарын чет өлкөдөн ала берсек, өсүп жаткан муун “биз бир аз жетишпеген улут окшойбуз” деп ойлоп калышы мүмкүн. Мен ошон үчүн “өсөр эл- өзүн сыйлайт” деп дайыма айтам.

%article_title%

Сиз айткандай, “Ийгиликтин формуласы”, “Кантип тез байыш керек” деген темаларда мотивациялык тренингдер көп. Албетте, ийгиликтүү болуп, тез байып, акча табуу жаман эмес, бирок, ошол эле учурда чыныгы адам болуунун маанилүүлүгүн да унутпашыбыз зарыл. Ушул тууралуу тренингдерди байма-бай өткөрүшүбүз керек. Ушул нерсеге байланыштуу бир сунуш айткым келет. Химия, физика, математика олимпиадасын өткөргөндөй эле “Адамгерчиликтин олимпиадасын” да өткөрөлү.

Мотивация тууралуу айтсак, ар бир адам шыктанууну тренингдерден гана издебей, өзүнүн ичиндеги мотиваторду пайда кылганга аракеттениши зарыл. Өзүн – өзү тарбиялоо, өстүрүү, чоң максаттарды коюу, ошондой эле, жогоруда аталып өткөн улуу инсандарды туу тутуп, алардын жолун жолдосок эң жакшы жыйынтык болот. Кээ бирлери азыр "Z" мууну, ааламдашуу заманы деп айтышат. Мен "Z" мууну эмес, андан кийинки муун келсе дагы адам баласынын табияты өзгөрүүсүз бойдон каларын айткым келет. Адам баласынын табияты, классикалык ойлор, идеялар өзгөрүүсүз калат.

- Гапыр агай, дагы бир ойлондурган маселе тууралуу сөз кылсак. Учурда убакыттын өтүшү менен руханий сулуулук деген баалуулук көмүскөдө калгандай сезилип, сырткы көрүнүшкө басым жасалып, келбетин хирургиялык жол менен оңдоп-түзөгөндөр көбөйүп бара жаткандай. Ушул тенденцияга сиздин пикириңиз кандай?

- Жан дүйнөнүн, анан сырткы келбеттин сулуулугу болот. Сырткы келбетти операциялык, косметикалык жол менен оңдосо болот экен. Ал эми жан дүйнөнүн сулуулугун операция кылып болбойт. Ал жылдап чогултулган рухий байлык менен гана көркүнө чыгат. 400дөй жалаң жаштарга окуган лекциямда мындай деп тамашалап айттым эле: “Сулуулук чачтын желбирегенинде, жалтылдагандыгында эмес, сулуулук ыйман менен билимдин жаркыраганында”. Ички маданияттын, адамгерчиликтин, ыйман, адептин сулуулугун даңазалайлы, ошого жаштарыбыздын көңүлүн бурганга аракеттенели. Мүмкүн ошондо Кудай берген өң-түс, келбетке улам операция жасатууну каалагандардын саны бир аз азаят беле... Курманжан датканын киносун көргөн болсоңуздар, Курманжан датканын сүйлөгөнү, баскан-турганы, анын келбети, өңү- түсү, анын сүрү өзүнчө эле бир сулуулуктун үлгүсү эмеспи. Ал эми эркектердеги сулуулукту Исхак Раззаковго салыштырсак болот. Ал кишиде жан дүйнөнүн, интеллектин байлыгы көрүнүп турат. Эгер адамдын жан дүйнөсү позитив, тарбия менен билимге толсо, косметика же болбосо операция керек эмес. Анткени, билим менен ыймандын өзүнүн нуру бар. Ушуга байланыштуу экинчи бир китебим жарыкка чыкты. Китептин аталышы – “Исхак Раззаковдун инсандык, жетекчилик өзгөчөлүктөрү. Раззаковдон алуучу сабактар”. Аны Исхак Раззаков фильминин режиссеру Бактияр Токторов 26 серия кылып тарттырды. Бул дагы сиздерге биринчи келгенимден берки чоң жаңылык. Телеберүү аркылуу 10 мүнөттөн бир ай бою Раззаковду таануу боюнча сабак өттүм. Бул берүү Баткенде, Ошто, Таласта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коюлду. “Раззаков таануу” сабагы аны инсан жана жетекчи катары ачып берүүгө арналды. Ушундай улуу инсандарыбызды баалап, аларды таануу сабагын киргизсек, жаштарыбыз бул улуу инсандарыбызды өрнөк тутуп, үлгү алышса жакшы жолго түшүшөт беле.

- Гапыр агай, атайын убакыт бөлүп, бизге берген маегиңиз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

%article_title%



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 сентябрь 2021г.
Багымдат
5:09
Күндүн чыгуу
6:45
Бешим
12:56
Аср
17:17
Шам
19:10
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов