Бул айым жашоосунун 20 жылга чукул мезгилин дин илимин алууга жумшаган. 15 жылдан бери мекен сыртында илим жолунда талыкпай билим алып келе жатат. Каарманыбыз - Иорданиянын Амман шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк Ислам университетинин магистранты Мээрим Сардыбаева. Ал Меккеде жана Иорданияда ханафий жана ханбалий мазхабдарындагы Ислам укугу (“Усуль аль-фикх”) бөлүмүн аяктаган. Мээрим айым менен илим алуунун мээнети, ырахаты жана түйшүгү, ошондой эле Ислам дининдеги аялдардын укугу, буга байланыштуу коомдо калыптанып калган жаңылыш стереотиптер тууралуу кенен маек курдук. Бул материалдан сиз, сөзсүз, өзүңүзгө пайдалуу маалыматтарды ала аларыңызга ишенебиз.
- Ассалам алейкум, Мээрим айым. Дин илимин алууда алгачкы кадамдарыңыз кандай башталды эле?
- Валейкум ассалам. Илим алууну мектептеги орто билимимди аяктаган соң 2001-жылы 1 жылдык медресеге кирүү менен баштагам. Андан соң, Кыргызстан Ислам университетинде 2 жыл окуп, Кыргыз-Кувейт университетине (азыркы Эл аралык Кувейт университети) которулдум. Ал жерде 2 жыл билим алгандан кийин Меккедеги “Умм аль-Куро” университетине тапшырдым. Бул жерде 2 жыл араб тили институнда билим алып, кийин “Шарият” факультетинин “Фикх жана усуль аль-фикх” бөлүмүндө бакалаврда окудум. Ал эми магистратуранын “Усуль аль-фикх” бөлүмүн Иорданиянын Амман шаарында уланттым. Иордания университетинде магистратура менен бирге Бүткүл дүйнөлүк Ислам илимдер университетинин “Ханафий фикх” факультетинин бакалаврында 1,5 жыл билим алдым. Кийин ушул эле окуу жайдын магистратурасына тапшыргам. Учурда Иордания университетинде жана “Ханафий фикх” факультетинде диссертация жазып жатам.
- Демек, Ислам укугу боюнча 2 мазхабды окуптурсуз да?
- Ооба, Сауд Арабиясы ханбалий мазхабын кармангандыктан, “Умм аль-Куродо” шариятты ханбалий мазхабы боюнча окудум. Ал эми Иорданиянын Амман шаарында “Ханафий фикх” факультетинде окуп, азыр илимий эмгегимди “ханафий” мазхабы боюнча жазып жатам.
"Илим алуунун эч нерсеге теңдешкис даамы, ырахаты болот"
- Араб өлкөлөрүндө жашаганыңыздарга канча жыл болуп калды?
- 2006-2018-жылдары Меккеде, ал эми 2018-жылдан бери Иорданияда жашап жатабыз. Жалпысынан 15 жылдан ашуун убакыттан бери сыртта жүрөбүз.
- Мээрим айым, 20 жылдан бери дин илимин алып, 15 жылдан бери мекен сыртында жүрүү, бул жолдун ырахаты менен машакаты тууралуу да айтып берсеңиз?
- Илим алуу оңой эместигин бул жолдо жүргөндөр жакшы түшүнсө керек. Жылдап мусаапыр болуп жүрөсүң, ата-энеңди көрбөйсүң. Алыста жүргөндө канчалаган туугандардын жакшылык-жамандыгы болду. Алардын бирине да катыша албайсың. Бала менен окуу да оңойго турбайт. Алардын сабагы бар, кээде ооруп калышат. Бирок, ошентсе да, илим алуунун эч нерсеге теңдешкис даамы, ырахаты болот. Бул нерсени бизАллах Тааланын ырыскысы деп билишибиз керек. Илимди Жараткан кимге канча кааласа, ошончо берет.
- Көп жылдардан бери араб өлкөлөрүндө илим алып жүрсөңүз, демек, араб тилинде эркин сүйлөйсүз да? Билим берүү толугу менен араб тилинде жүргүзүлөбү?
- Бул тилди дагы деле үйрөнүп жатабыз десек жаңылышпайм. Анткени араб тили терең, кеңири тил болгондуктан, өмүр бою окууну талап кылат экен. Сауд Арабиясында да, Иорданияда да сабактар араб тилинде өтүлөт.
"Чет өлкөлүк студенттер арасында жергиликтүүлөрдөн да мыкты окугандары чыгат"
- Сиз илим алып жаткан Бүткүл дүйнөлүк Ислам илимдер университетинде канча улуттун өкүлү окуйт?
- Кыргызстандан келип окугандар абдан көп, айрыкча, “Ханафий фикх” факультетинде. Мындан тышкары, Индонезия, Кытай, Россия, Малайзиядан да келген студенттерди көрдүм. Бул жерде илимдин даамын билген гана адам окуурун байкадым. Себеби жакындарыңдан алыста болосуң, мал-мүлкүңдү сарптап, убактыңды арнап окушуң керек болот. Илимдин маңызын түшүнгөн инсан гана мындай курмандыкка бара алат.
- Өзүңүз айткандай, 15 жылдан бери ата-эне, туугандарыңыздан алыстасыз. Өткөнгө саресеп салып, ойлонуп калганда өмүрүңүзгө кандай баа бересиз?
- Эч качан өкүнбөйм, анткени илимди ырыскы деп билем. Аллах Таалам амалы менен берген болсун! Дүнүйөбүзгө жана кыяматыбызга пайдасы тийгидей кылсын деп дайыма тилейм. Кудай бизди шерменде кылбасын! Анткени адамдардын бизге болгон үмүтү чоң. Ар бир ийгиликке жеткенден кийин кыйналганың эсиңден чыгып кала берет. Туугандар арасында ар кандай иш-чара, катыштар болот. Баарын таштап мен да алардын жакшылыгында, жамандыгында жүрсөм болмок деген ой келет. Бирок ийгиликке жетишкен сайын ошонун кубанычы менен баарын унутуп каласың.
"Келечекте аялдарга жардам берейин, илимим менен бөлүшөйүн деген максаттар бар"
- Жолдошуңуз да студент экен. Жашоону илимге арнаган жубайлардан экенсиздер. Окутуучуларыңыз аракетиңерди көрүп, кандай баалашат?
- Чет өлкөлүк студенттер арасында жергиликтүүлөрдөн да мыкты окугандары чыгат. Чынында, илим алуу тилге, улутка карабайт. Дүйнөдө араб эмес канча деген улуу аалымдар өткөн. Албетте, окутуучуларыбыз биздин ар бир ийгилигибизге кубанып, сыймыктанышат. Кылган аракетибизди баалап, ийгиликке жетсек башка студенттерге бизди үлгү катары көрсөтүп, дуба беришет.
- Окутуучулардын талаптары кандай? Канча убакыт сабакка бөлүнүш керек?
- Башталгыч этаптан өтүп калгандан кийин өз ыктыярыңа коёт. Баары студенттин аракетине, изденүүсүнө, сабакка көңүл бурусуна жараша болот. Бирок окутуучуларыбыз бизге кеңеш, насаатарын беришип, тажрыйбалары менен байма-бай бөлүшүп келишет.
- Мээрим айым, илимдин да чоң жоопкерчилиги болот эмеспи, аны башкалар менен бөлүшүш керек дегендей. Келечекте бул жаатта кандай пландарыңыз бар?
- Диссертациямды жактап бүткөндөн кийин бүт убактымды айымдар үчүн арнагым келет. Девизим – аялдарды куткаруу. Келечекте аялдарга жардам берейин, илимим менен бөлүшөйүн деген максаттар бар. Илим жаатында бизде аялдар аз. Аялдарга тиешелүү суроолорду устаздардан сурагандан уялып, кагазга жазып сураган күндөр болгон. Башка устазалар жамааты менен биргеликте ушул жаатта иштешсек деген ой бар. Аялдардын муктаждыгын аялдар чечсек жакшы болмок. Кыздар үчүн медресе кургум келет.
"Аялдын мойнуна акча таап, үй-бүлөнү багуу, кимдир бирөөнү каржылоо жүктөлгөн эмес"
- Жараткан тилегиңизди кабыл кылсын! Эми сөздү сиздин адистигиңиз тарапка бурсак. Исламды үстүртөдөн гана билген адамдар динде аялдардын укуктары өтө аз деп ойлошот. “Аялдардын укуктары корголбойт, күйөөсүнө басмырланат, ага кул сыяктуу” деген стереотиптердин калыптануусуна эмне түрткү болууда?
- Исламды терең билбегендиктен жана биздеги түшүнүк, салттын таасири басымдуу болгондугуна байланыштуу деп ойлойм. Адамдын жашаган чөйрөсү, сиңип калган түшүнүктөрү да мындай туура эмес пикирлердин чыгышына таасир берет. Ислам дини – аялды дайым кадырлаган, коргогон дин. Бирок биз шариятты канчалык деңгээлде карманабыз, көп нерсе ушуга байланыштуу. Эгер баарыбыз Куран, сүннөт менен жашасак бактылуу болмокбуз.
Исламда аялды алгач төрөлгөн абалында карайт. Куран аяттарында: “Аллах Таала кимге кааласа кыз баланы, кимге кааласа уул баланы берет”,- деп айтылат. Аятта биринчи кыз баланын келиши да аялдын кадыр-баркынын жогору экендигин айгинелейт. Анткени ар бир сөздүн аяттагы тартиби да чоң мааниге ээ. Пайгамбарыбыз ﷺ коштошуу ажылыгындагы сөзүндө: “Аялга жакшы мамиле кылгыла, аялга жакшы мамиле кылгыла”, - деген. Анын акыркы осуятында аялдардын эскерилишинде канчалаган маани жатат. Аял киши - эркекти толуктап, бүтүндөп туруучу. Аялдын мойнуна акча таап, үй-бүлөнү багуу, кимдир бирөөнү каржылоо жүктөлгөн эмес. Балдарын, күйөөсүн, туугандарын, ата-энесин, жадагалса өзүн да каржылоого аял милдеттүү эмес. Ал ар дайым жолдошунун, атасынын, же эркек бир туугандарынын карамагында болот.
- Ислам аял кишинин акча табуусуна кандай карайт?
- Шариятта аялдын акча табуусуна уруксат берилет. Мал-мүлк кармаганга, өзү тапкан каражатты каалагандай колдонгонго укугу бар. Болгону үй-бүлөнүн ынтымагына, тынчтыгына аялдын иштөөсү терс таасир этпеш керек. Ошондуктан, жумуш үчүн убакытты күйөөнүн, баланын акысынан кемибегидей кылып бөлүү зарыл. Иштей турган жумушу, биринчиден, шариятка, аялдын табиятына туура келгендей болушу зарыл. Эң негизгиси, аялдын мойнунда бала тарбиялоо болгондуктан, тарбия бергенге жеткидей энергиясы калышы абзел. Күйөөсү менен жакшы мамилени сактап калуу үчүн аял көчөдө көп болбогону дурус. Үйгө да, жумушка да жетишип кетүү кыйын. Үй-бүлөнү биринчи орунга койгону жакшы. Өзүмдүн тажрыйбамдан деле айтсам, экзамен тапшыруу маалы үйдөгү атмосферага кадимкидей таасирин берет. Баарын өз маалында аз-аздан кылсаң эч нерсе эмес, а бирок көп убактыңды сабакка бөлүп койсоң терс таасирин тийгизип баштайт. Окууда болобу, же иштеби, айтор, аял киши үйдөн алыстаган сайын үй-бүлөнүн тынчтыгы, берекеси кете баштайт экен.
- Бүгүнкү күндө эркектер үйдө отуруп, аялдар үй-бүлөнү баккан да учурлар көп эле кездешет. Шарият буга кандай көз карашта?
- Албетте, Ислам мындайга каршы. Эркек киши үй-бүлөнү камсыздаш керек. Мындай көрүнүш - эркек үчүн уят жана намыс, шариятты кармабагандык. Биз өзүбүздү мусулманбыз деп эсептейбиз, бирок жашоодо динди карманбайбыз. Аялдар менен көп иштешкендиктен, үй-бүлөдө өтө чоң жоопкерчиликти алып алган, чарчаган, жашоосуна арызданган аялдарды көп көрөсүң. Бул - күйөөсүнүн күнөөсү. Аял күч-кубатын, энергиясын илим алууга, өзүн өнүктүрүүгө жумшашы зарыл. Анткени эне илимдүү, акылдуу болсо, өзүндөй балдарды тарбиялап чыгат. Бирок эне баласынын курсагын тойгузуу, кийимин бүтөө менен алек болсо, жакшы таалим берүүгө күчү жетпей калат. Эгер эркек үй-бүлөнү багуу жоопкерчилигин өзүнө ала турган болсо, аял бардык энергиясын толук түрдө баласына жумшайт. Мына ошондо гана мамлекет оңолот. Коомго татыктуу инсандарды тарбиялап чыгаруу үчүн аялга бардык шарттар түзүлүш керек.
"Теңдик – бир нерсени тептең 2ге бөлүп берүү. Ал эми адилеттик деген башкача"
- Исламдагы аял укугуна анын турмушка чыгып жаткан учурундагы махр алуусу дагы кирет эмеспи. Биздин коомдо баары эле бул тууралуу туура түшүнүккө ээ эмес. Нике кыюудагы негизги талаптардын бири болгон махр тууралуу укуктук өңүттөн айтып берсеңиз. Анын калыңдан кандай айрымасы бар?
- Махр – бул никенин талабы катары жигиттин кызга берүүсү зарыл каражат. Махр аялдын жеке мүлкү болуп калат. Ал аны өзү каалагандай иштетет. Кыргызда “калың берүү” түшүнүгү бар эмеспи. Махр менен калың бизде бир мааниде колдонулуп калган. Болгону бизде ата-энеге берилет, бирок алар баары бир ал калыңга кызына керектүү нерселерди алып беришет.
- Ханафий мазхабында махр материалдык эмес мүнөздө болушу мүмкүнбү? Махр аз суралганы жакшы деген да маалыматтар бар...
- Биздин мазхабда махр материалдык мүнөздө болушу талап кылынат. Бирок анын өлчөмүнүн кандай болору коомго жана үй-бүлөнүн жашоо деңгээлине жараша аныкталат. Ханафий мазхабында махр 10 дирхамдан кем болбошу керек.
- Коомдо дагы бир көп суралган суроо - бул мурас маселеси. Мурас бөлүштүрүүдө тең укуктуулук сакталбайт деп көптөр айтып калышат. Эмне үчүн аялдарга мурас азыраак бөлүнөт?
- Бул да Аллахтын даанышмандыгы. Себеби эркектин милдеттемесинде, карамагында дайыма кимдир бирөөлөр болот. Аялы, балдары, кыздары, ата-энеси, бир туугандары – баары эркектин жоопкерчилигинде, каржылоосунда. Ал эми аял эч кимди каржылабайт, мойнунда эч ким жок. Теңдик жана адилеттик түшүнүктөр бар, булар өз ара бири-биринен айрымаланат. Теңдик – бир нерсени тептең 2ге бөлүп берүү. Ал эми адилеттик деген башкача. Эгер мурасты тең бөлүп коё турган болсо, аял аны жалгыз өзүнө коротмок. Анткени аял эч кимди каржылаганга милдеттүү эмес. Ал эми мойнунда көп адамдын жоопкерчилиги бар эркекке да ушундай эле мурас бөлүштүрүлсө, адилеттик болбой калмак.
- Эмне үчүн айыз убагында аялдарга Куран кармаганга, намаз окуганга, мечитке киргенге болбойт? Бул убакытта аял кир, ыплас болуп калат деген ойлор бар...
- Аял киши кир, ыплас болот деген - жөөттөрдөн калган түшүнүктүн таасири. Тескерисинче, бул - Исламдын аял затын кадырлаганы, сыйлаганы, ага берилген жеңилдик. Шариятта аял айыз убагында намаз окубайт, орозо тутпайт. Бирок эркек киши өмүр бою намаз окуйт, орозо кармайт. Мындай учурда намаз окубаш, орозо тутпаш керек деген эркектерде болбойт. Ал эми аял кишинин ушул маалда бошотулушу – ага берилген жеңилдик. Бул тема боюнча канчалаган хадистер бар. Пайгамбарыбыз ﷺ Айша энебиздин бутуна башын коюп жатканда, Айша (р.а): “Мен айызмын го”, - дегенде пайгамбарыбыз: “Эч нерсе эмес”,- деген. Айша энебиз (р.а) идиштин кайсы жеринен ичкен болсо, пайгамбарыбыз ﷺ да дал ошол жерден ичкен. Ажылыкта Айша энебиз (р.а) айыз болуп калып ыйлаганда, пайгамбарыбыз ﷺ : “Ажы адам кандай ибадат кыла турган болсо, сен да ошондой эле ибадат кыласың. Болгону таваф кыла албайсың”, - деген. Аял айыз убагында кир болуп калат деген бул- жаңылыш ойлор.
- Дагы бир өтө көп берилген суроо бул- кыздар махрамы жок чет өлкөдө билим алса болобу деген суроо. Биздин мазхаб боюнча бул маселе ижтихад маселесине киреби?
- Махрамы жок ханафий мазхабында чет өлкөгө окууга чыгуу болбойт деп келет. Негизи бир суроого жооп берүү - чоң жоопкерчиликтүү иш. Мисалы, Иордания ректору чыгарган фатвалар Кыргызстан менен дал келбей калышы мүмкүн. Мына ушундай учурлар ыңгайсыз абалга салып коёт. Мен дайым кыздарга махрамы жок болбойт деп айтып келем. Бизде махрамсыз илим алуу, же ибадат үчүн чет жерге чыгуу болбойт деп жооп берем. Бирок кээ бирлер “ал жактан бирөө тосуп алсачы, аялдар жамааты болсочу” деген сыяктуу шылтоолорду таап баштайт. Айрыкча, жаштар түрдүү жолдорду издейт. Каныккан жооп алуу үчүн муфтияттын фатва бөлүмүнө барышы керек. Дайыма кыздарга так жоопту ал жерден алып, ошого амал кылууга чакырам. Себеби берилген фатвалар жашаган чөйрөгө, коомго байланыштуу ар өлкөдө ар кандай чыгарылат. Ошондуктан, шариат окуган адам ар убак коомдогу жаңылыктардан кабардар болуп, абалга байкоо сала жүрүш керек.
- Тактап айтканда, аялга махрамсыз чет өлкөдө окуу шариятта такыр уруксат берилген эмес?
- Шафий мазхабында өз шарттарын аткаруу менен уруксат берилет. Эгер аялдар жамааты менен болсо, эч кандай коркунуч түзгөн жагдайлар жок болсо уруксат делинет.
- Мына ушул учурда ханафий мазхабынан шафий мазхабына өтсө болобу?
- Бир мазхабдан башкасына өтүү - оңой эмес маселе. Өзүм билемдик кылууга болбойт. Себеби ар бир мазхабдын ичинде чоң илим бар. Бир жолу ректорубузга: “4 мазхаб боюнча айтып берип коёсузбу?” - деген суроо берилген. Факультетти башкарган, көптөгөн китептерди жазган, “Ханафий фикх” боюнча аалымдарыбыздын бири, ректорубуз мындай жооп берген эле: “Мен өмүр бою бир мазхабды окуп бүтө албай келатам. Сен менден 4 мазхабды сурайсың да”. Өзүнө ылайыгы келгенде бир мазхабды таштап, экинчисине өтүү - жактырылбаган иш.
"Туура эмес түшүнүктөрдү өзгөртүү, мамилени жакшыртуу үчүн аялдардын илимин көтөрүп, сабактарды уюштуруу зарыл"
- Кыргызстанда акыркы мезгилде аялдардын укугу боюнча маселелер байма-бай көтөрүлүп жатат. ММКда, социалдык тармактарда зордук-зомбулукка кабылган аялдардын окуялары жарыяланууда. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аял баарына чыдап жашаш керекпи?
- Бул маселе боюнча кайрылган аялдардын баарына айтып келебиз. Биринчиден, аял үй-бүлөнү сактоого бардык аракетин кылып көрөт, өзүнөн ката кетпегидей деңгээлге чейин өзүн оңдоп чыгат. Бирок болгон күчүн жумшаган менен майнап чыкпаса, ажырашуудан башка арга калбаса, айла жок. Аллах Таала уруксат берген. Ажырашууга туура келет.
- Күйөөсү сабап койгон аялдар “эл эмне дейт” деген ой менен кайра тосмо арыз жазган окуяларга да күбө болдук. Бирок бул көрүнүш кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт да. Психиологиялык, физикалык, моралдык жактан өзүн кыйнап жашай бергендик аялдын өзүнө болгон зулумдугу болуп калбайбы? Күнөө эмеспи?
- Эгер күйөөсүнүн оңолбошуна, баары кайрадан кайталанарына көзү жетип турган болсо, анда бул - аялдын өзүнө кылган зулумдугу. Аллах Таала уруксат берген нерсени колдонсун. Эмне үчүн өзүнө-өзү зулумдук кылып отурат? Ошондуктан, кээ бир учурда балдардын тынчтыгы, өзүнүн коопсуздугу үчүн ажырашкан жакшыраак болуп калат. Дароо “ажыраш” деп жооп берүү да туура эмес. Анткени адам табиятынан өзүнүкүн дайым туура деп билет. Ошон үчүн 2 тараптын тең оюн угуп көрүү керек.
- Биздин коомдогу бүтпөгөн, чоң талкууга айланган темалардын бири – келин-кайнене маселеси эмеспи. Айрым аймактарда келин толугу менен кайненеге баш ийип, ага кызмат кылыш керек; күйөөнүн ыраазычылыгына кайнене аркылуу жетүү зарыл деген ойлор бар. Кайнене кийлигишип ажырашкан үй-бүлөлөр кездешип калат. Динде келин-кайнене маселесине кандай каралат?
- Үйлөнгөндөн кийин кайненең – энең, кайнатаң – атаң болуп эсептелет. Эркек үчүн да, аял үчүн да. Мисалы, жубайлар ажырашып кетишсе, же аялдын жолдошу кайтыш болуп калса, кыз кайнатасына турмушка чыга албайт. Алар түбөлүк махрамы болуп калат, башкача айтканда, ата-энеси. Муну эсибизге бекем түйүп алышыбыз керек. Кээде эркектер “кыйналып кеттим, кантем?” деген суроолор менен кайрылып калышат. Мындай билдирүүлөрдү жолдошума жиберем. Алар аргасыздан “аял киши эмеспи, түшүнөт” деген үмүт менен мага жазып жатышат окшойт деген ой келет. Келин-кайнененин бири-бирине болгон начар мамилеси ортодо эркек кишини аябай эле кыйнап салат. Үй-бүлөдөн береке кетет. Кайнене келинге кызындай мамиле кылып, тарбиялап алыш керек. Келин да апасына мамиле кылгандай жакшы мамиле жасоосу зарыл. Кайнене баары бир улуу, тажрыйбасы көп болгондон кийин келинди тарбиялап алуу анын колунда. “Кайнененин камырынан” деп бекер айтылбайт да. Тынчтыкта жашаш үчүн келин апасындай, кайнене кызындай мамиледе болгону жакшы. Туура эмес түшүнүктөрдү өзгөртүү, мамилени жакшыртуу үчүн аялдардын илимин көтөрүп, сабактарды уюштуруу зарыл.
- Үй-бүлөдөгү аялдын укуктарын жана милдеттерин айтып берсеңиз?
- Эгерде эч кандай өзгөчөлүк жана шарттарды эске албастан, шариатты түптүз кармана турган болсок, Исламда аялга ушунчалык чоң укуктар берилген, алардын баарын аткарууга эркек киши түтпөй кетет. Ошондуктан, араб мамлекеттеринде эркектер 40 жашка чамалап үйлөнүшөт. Алгач, аялдын укуктарын сактагыдай жана өз милдеттерин так аткаргыдай шарттарды түзүп, баарын толуктап чыгышат. Аялдын укугуна: аялдын камсыз болуусу, күйөөсүнөн жакшы мамиле көрүүсү, балалуу болуусу кирет. Ал эми мидеттерине: күйөөгө жакшы мамиле кылуу, ал төшөккө чакырса баргандыгы, балдарына туура тарбия берүүнү киргизебиз.
- Көптөрүн ойлонткон дагы бир суроо - эмне үчүн эркек аялга караганда акылдуу делинет? Мисалы, никеге күбөгө өткөндө бир эркек жетиштүү, ал эми аял жалгыз күбө боло албайт.
- Мында аялды кемсинтүү, басынтуу деген нерсе жок. Тескерисинче, ар кандай күтүүсүз жана оңтойсуз абалдардан коргоо дегендик. Аял киши жумшак, назик жаратылган. Аял бала тарбиялайт, анда мээримдүүлүк сакталыш керек. Чоң ишке күбөгө өтүү – оор нерсе, бара-бара аялдын жүрөгүн да катытып коюшу мүмкүн. Фикх илиминдеги “Китабу шахадат” деген китепте бардыгы талданып чыккан. Аял киши унутчаак, эмоционалдуу болгондуктан, көргөн нерсесин унутуп калышы мүмкүн. Бирок кээ бир маселелерде бир гана аялдын күбөсү жетиштүү болот. Мисалы, төрөт, кыздык маселеси сыяктуу аялдардын ишинде бир гана аялдын күбөсү өтө алат.
- Маанилүү мегиңизге рахмат, Мээрим айым. Аллах Таалам илимиңизге береке, иштериңизге ийгилик берсин!