Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Балдарыбызды Ислам тарбиясында кантип чоңойтобуз? 6 баланын энеси Айзада Кожоева жооп берет

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 9 сентябрь 2021

Бул айым кичинесинен Ислам тарбиясы менен чоңоюп, 4-классынан тарта молдодон билим алган. 18 жашында турмушка чыгып, жолдошу менен түтүн булатканына быйыл 30 жыл болду. Бул жөн гана катардагы 30 жыл эмес, бул - бардык кыйынчылыктарды чогуу жеңген, турмуштун ысык-суугун бирге көтөргөн, ортодо 6 баланы Ислам тарбиясы менен чоңойтуп, 27 жыл өмүрлүк жолдошуна ишкерчиликте өнөктөш болгон эң бактылуу, кадырлуу жана сүйүү менен мээримге толгон жылдар.

Азыркы үй-бүлө институтуна доо кетип, ажырашуулардын саны көбөйүп, коомдо үрөй учурган зордук-зомбулук көрүнүштөрү күчөп турган маалда өзүнүн бай турмуштук тажрыйбасы бар, учурда коомду адеп-ахлакка үндөөдө салым кошуп, бир катар кайрымдуулук жана агартуу иш-чараларына демөөрчүлүк кылып жүргөн чыныгы бактылуу айым Айзада Кожоеванын окурмандарыбыз үчүн айта турчу пикир-сунуштары өтө баалуу. Биз бул маегибизде, өзгөчө, бала тарбиясына басым койдук. Сөз башынан болсун. Пайдалуусун эсиңизге бекем түйүп, турмуш жолуңузда колдонуңуз.

%article_title%

- Ассалам алейкум, Айзада эже. Алгач өзүңүз, үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

- Валейкум ассалам. Алгач Аллахтын аты менен баштайын, бардык мактоолор бир гана Аллахка таандык. Андан соң анын сүйүктүү пайгамбары Мухаммедге салам жана салаваттар болсун. Мен Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында 1973- жылы төрөлгөм. Учурда үч уул, үч кызым, жети неберем бар.

18 жашымда турмушка чыгып, 19 жашымда тун кызыбыз Нуржумагүл жарык дүйнөгө келген. Арадан 2 жыл өткөндөн кийин, 1994- жылы, уул балалуу болдум, 1997- жылы дагы бир кыздуу болдук арадан 12 жыл өтүп, Аллахтын жардамы менен дагы үчтү төрөдүм. Азыр 12 жаш, 10 жана 8 жаштагы балдарым бар.

%article_title%

- МашаАллах, абдан сонун, чоң үй-бүлөңүздөр бар экен. Ислам баалуулуктарын турмушка чыкканга чейин эле карманчу белеңиз?

- Лейлек тарапта балдарды мурда кичинесинен эле молдого берчү. Биз үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Ата-энем мени 4- классымда молдого берген. Ошондо араб тилин үйрөнүп баштагам. 7- класстан тарта намазды толук окуп баштадым. Кийин турмушка чыкканда дагы намаз окуп, динди толук кармаган үй-бүлөгө туш келгенмин. Кайненем менен кайнатам намаз окусам сүйүнүп, аябай урмат көрсөтүшчү. Жолдошум менен 1991-жылы баш кошконбуз. Ушул жылы экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга 30 жыл болуптур.

%article_title%

- 30 жыл ынтымакта түтүн булатыш деле оңой иш эмес. Учурда бир топ жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, чоң той берип, анан кайра бат эле ажырашып кеткен түгөйлөрдүн саны арбып бара жатат. Ажырашпаса да, балдар үчүн деп чыдап, үйүндө жаңжал, уруш-талаш менен күн кечирип жүргөндөр мындан көп. Өзүңүздүн 30 жылдык тажрыйбаңызга таянып айтсаңыз, тынч, ынтымактуу өмүр сүрүүнүн сыры эмнеде экен?

- Жаңы турмуш жолуна аттанганда алгач кызды анын кайын журту кандай кабыл алганы абдан маанилүү экен. Мен “келин” деп эмес, “кызым” деп кабыл алган үй-бүлөгө бардым. Бул нерсе чоочун бүлөгө келген кыздын ошол үйгө эртерээк адаптация болуп кетишине чоң түрткү болот. “Келиним” деп сынап карап эмес, кызындай көрүп, жакшы жактарын баса белгилеп айтып, катачылыктарын жумшактык менен оңдогон үй-бүлөдө береке болот экен. Кийин мен ушул ыкманы өзүмдүн да келиниме колдондум. Балам үйлөгөндө келинимди “кызым” деп боорума тартып, кабыл алдым. Кудагыйым: “Кызым окуу деп жүрүп үй-тиричилиги, тамак жасоо иштерине анча жок, оңдоп-түздөп турарсыз”,- деп айтканда, “Эч кабатыр болбоңуз, кудагый, өзүм үйрөтүп алам” дегем. Азыр менин келиним тамак, ар кандай таттууларды жасоо боюнча эң мыктысы болду дей алам.

%article_title%

Негизи, таарынычтар, уруш-талаш майда-барат нерселерден элде чыгат. Башкысы, адамдын жакшы жагын көрүп, кемчилигине көз жумганды, жумшактык менен тарбия бергенди үйрөнүүбүз керек.

Ал эми жубайлардын ортосундагы мамилеге келсек, бул нерсе адамдардын максатына байланыштуу болот. Жалпысынан адамда алдына койгон 2 түрдүү максаты болот: 1- Жашоодогу максаты; 2- Иштеп, акча-табуудагы максаты. Көбүнчө адамдар иштеги максаты менен чектелип калышат. Кыздардын көбү да турмушка чыгарда ушул нерсеге өзгөчө басым кылып коюшат. “Акчасы болсо, байлыгы болсо, сулуу болсо” деп, анан 1-2 жолу сүйлөшүп, же интернеттен таанышып эле турмуш куруп кетишет. Бирок эң негизги көңүл бура турган нерсе, бул турмуш кура турган адамдын иштеги эле эмес, жашоодогу глобалдуу максатынын кандай экени, ыйманы болушу керек. Эгер адамда чын жүрөгүнөн “Аллахтын ыраазычылыгын табуу” ниети болсо, мындай адамдын жубу сөзсүз бактылуу бактылуу болоруна ишенем. Ата Кудайды тааныган, динди туура жол деп эсептеп, ага амал кылган адам болсо, үй-бүлөсүнө камкор жана жоопкерчиликтүү болот. Дагы бир маанилүү жагдай, бактылуу үй-бүлөдө ар ким өз ордун билет. Атага болгон баш ийүү биздин үй-бүлөдө эң жогорку деңгээлде. Аялдын эркек кишиге болгон сый-урматын көрүп чоңойгон балдар атасын авторитет катары эсептеп, андан тартынып турушат. Бул – тарбия берүүдө өтө маанилүү. Биздин үй-бүлөдөгү дагы бир кичинекей салтыбыз бул кандай гана маселе болбосун, баарыбыз чогуу отуруп, ортого салып, кеңешип чечебиз. Мында ар бир үй-бүлө мүчөсү өзүнүн маанилүү экендигин сезип чоңоет.

%article_title%

- Тарбия темасын улай, бүгүнкү күндө балага тарбия берүү боюнча көптөгөн курстар бар. Балдардын психологиясы, жалпы психология же кайсыл бир академиктин ыкмасы боюнча тарбиялоо деген сыяктуу ыкмаларды окуп калабыз. Ал эми Ислам тарбиясы булардан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

- Тарбия темасы - бул өтө чоң тема. Бекеринен, динибизде “Ата – эненин баласына калтырган эң баалуу мурасы ага берген таалим-тарбиясы” деп айтылган эмес. Ислам тарбиясы башкалардан эң алды менен балага анын Жаратуучусун таанытуусу менен айрымаланат. Кичинесинен балага ар кандай жомок, мифтерди айтпай, анын ким экендигин, кайдан келгендигин, жашоодогу максатын айтып, Аллахты таанытып, Анын өкүмдөрүнө баш ийүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп

коюу зарыл. Пайгамбарыбыз Мухаммед ﷺ : “Эң биринчи балдарыңарга Аллахты тааныткыла”,- деп насаат калтырган. Ал эми Аллахты кантип таанытабыз? Анын жараткандарын көрсөтөбүз. Мисалы, бул карандаш деп эле койбостон, карандаштын кайдан келип чыкканын, карандаш дарактан жасалган, ал эми даракты Аллах жараткан деп Аллахты жаркын пикирлер менен таанытышыбыз керек. Аллахты тааныган балдар эч качан жаман болбойт. Балаңды каякка жөнөтсөң да көңүлүң тынч болот. Мотивация деп азыр адамдар адамдардын сөзүн улуулап калышты, чыныгы мотивация - бул Куран. Демек, балдарыбызга Куран үйрөтүшүбүз керек, а Куран ага бардыгын үйрөтөт. Бала тарбиялоодогу дагы бир өтө маанилүү нерсе бул балдарыбызыдын кимдер менен достошуп жатканына көңүл буруу. Анткени чөйрө да адамга өтө чоң таасир тийгизет. Анан эң маанилүүсүн унутпайлы: бала тарбиялоо – бул өзүңдү тарбиялоо. Анткени балдар сенин айткандарыңды угуп эмес, сенин кыймыл-аракетиңди көрүп, ошондон үлгү алып чоңоюшат. Ата өзү тамеки чегип, бирок баласына “тамеки чекпе, балам”,- десе, бул жөн гана ооздон чыккан жел болуп калат. Ата-эне китепти көп окуса, балдардын оюнчугу китепке айланат.

%article_title%

- Ата-энелер балдарына түн уйкусун арнап, аларга мээрим төгүп кыйналып, чарчаганына карабай өстүрүшөт. Динибизде бул аракет ибадат катары эсептелерин айтып, чечмелеп берсеңиз. Өзгөчө энелерге мотивация болуп калсын.

- Биринчиден, эне болуу – бул эч нерсеге теңдешкис өзүнчө бир чоң бакыт. Эненин балага болгон сүйүүсү- дүйнөдө эч нерсеге алмаштыргыс махабат. Эне 9 ай баласын курсагына көтөрүп, андан соң кыйналып, толгоо тартып төрөйт. Бул- моралдык жана физикалык жаткан өтө чоң сыноо. Бирок аял жаңы төрөлгөн наристесин колуна алганда ал болгон кыйынчылыкты бир көз ирмемде унутуп коет. Бул дагы Аллах Тааланын мээрими. Эне болуу кесиби башка кандай гана иш болбосун, аларга салыштырмалуу өтө жоопкерчиликтүү. Балдарга туура тарбия берүү менен балдардын ийгилигине, келечегине себепчи болуп жатканыбызды унутпашыбыз керек. Балдарыбызга “Бисмиллях” деп тамак жасап бергенибизден баштап бүт ибадат. Андыктан, алардын тамак-ашын, кийим-кечесин ырастап, окутуп, тарбия берип жатканыбыз бул Жараткандын алдындагы чоң ибадат экенин унутпай, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасообуз абзел.

%article_title%

Азыркы тапта бала тарбиясына олуттуу көңүл бурушубуз керек болуп жатат. Менин улуу кызым негиздеген "Даина" окуу борборунда аялдарга кеңеш, бала-тарбиясы, адеп- ахлак боюнча сабактарды өтүп калам. Балдарын тарбия кыла албай, сөзү өтпөй, акыбалы жетпей калган абалда энелер кеңеш сурап келишет. Көрсө биз балдарыбыздын чөйрөсүнө, кимдер менен достошуп кеткенине маани бербей калыппыз деп өкүнүшөт. Өткөндө бир аял келди. 2 кызы турмуштан ажыраган экен. Аябай боорум ачыды акыбалдарын көрүп. Кызын жаштайынан турмуш жолуна узатыптыр. Кызы күйөөгө даяр беле, ал ошол үйгө барып жашап кетеби деген ойлорду эске албастан күйөөгө берип койгон үй- бүлөлөр бар, тилекке каршы. Турмушка чыккандан кийин ал үй-бүлө кызга катуу мамиле жасаптыр. Кызы психологиялык жаткан жабыр тартып, өзү менен өзү сүйлөшкөн абалга жетип калыптыр.

%article_title%

Жаңы конуштардын биринде болгон дагы бир окуя. Бир күнү баласы кошунанын баласын жетелеп келип, "Апа, мен ушул балага үйлөнөм",- дептир. Муну укканда аябай жаман акыбалда калдым. Ошол жерден энесинин кан басым көтөрүлүп, эс-учун жоготуп койгонун кошуналары айтып берип жатышат.

Тааныш устаза менен сүйлөшүп калып, ал мага айтып берип жатат, бир аял ага ыйлап чалыптыр: "Менин кызымды зордуктап койду",- деп. "А ким зордуктап койду?",- десе, көрсө ал экинчи жолу куйоого чыккан экен. Өгөй атасы зордуктаптыр. "Эмне кылышым керек эми? Эл билсе кызымдын тагдырына балта чабылат. Өзүм элге кантип карайм?"- деп айласы куруп жатат. Устаза аябай жаман акыбалда болуп, 3 күн уйкум качты деп айтып берип жатат. Коомдо бузукулуктун жайылып жатышы үйдөгү тарбияга көңүл бурулбай калгандыктан болууда. Тарбия өтө керек. Ийгиликке жеткен мыкты адамдардын артында энелер турат. Жакшы тарбия бере албай, коомго коркунучтуу адамдардын чыгышына да ата- эненин күнөөсү бар.

- Маанилүү маегиңизге терең ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
27 октябрь 2021г.
Багымдат
5:55
Күндүн чыгуу
7:30
Бешим
12:45
Аср
16:19
Шам
18:05
Куптан
19:37