Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ислам илимдер тарыхчысы Ян Хогендейк мусулмандардын илимге кошкон салымын айтып берди

Автору: Исламбек Дайырбеков / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 10 январь 2022

Бүгүнкү маегибиз Ислам илимдер тарыхы, мусулман окумуштуулардын дүйнөлүк илим-билимге кошкон салымы тууралуу болмокчу. Биздин суроолорубузга голландиялык математик жана дүйнөдөгү эң алдыңкы Ислам илимдер тарыхчысы Ян Хогендейк жооп берди.

Хогендейк – белгилүү түрк окумуштуусу, профессор Фуат Сезгиндин көрүнүктүү шакирти. Ал Нидерланддагы Утрехт университетинде математика жана математика тарыхынын профессору.

%article_title%

- Саламатсызбы? Маек берүүгө макул болгонуңузга ыраазычылык билдирем. Алгач мен үчүн кызыгууну туудурган суроодон баштагым келип турат. Исламдын алгачкы доорундагы каратып алуулардын натыйжасында мусулмандар жаңы маданияттар жана Исламдан мурунку цивилизациялык мурастар менен таанышышты. Бул этапта мусулмандар илим дүйнөсүнө кандайча кадам таштады?

- Мусулмандар бир канча жол аркылуу илим дүйнөсүнө кире баштады. Эң негизги фактор Аббасийлер халифатында болгон. Көпчүлүк халифтер илимге кызыгышкан, Сарайдагы кээ бир белгилүү инсандар Исламга чейинки Ирандын жогорку деңгээлдеги илим жана медицинасы менен тааныш болчу. Ирандын илими Индиянын таасири астында эле. Халифтери Индиядан илимпоздорду сарайларга чакырып, (775-ж) алардан астрономия менен математиканы түшүндүрүп берүүсүн сурашкан.

Мунун натыйжасында, Индия илими Ислам дүйнөсүндө белгилүү болуп, илимий тили эсептелген санскрит тилинен илимий рисалелер арабчага которулган. Көп өтпөй, халифтер грек дүйнөсүндө да илимдин деңгээли жогору экенин түшүнүштү. Ошентип, алар грек тилиндеги көптөгөн илимий-медициналык жана философиялык тексттерди алып баштады (Алар грек дүйнөсүнө илимий кол жазмаларды сатып алуу үчүн адамдарды жиберишкен). Андан кийин алар бул кол жазмаларды арабчага которууну туура көрүштү. Бул котормолордун натыйжасында араб тили өзүнүн илимий терминологиясын иштеп чыккан.

Белгилей кетчү нерсе, Исламдын алгачкы кылымдарында (хижраттын 4-кылымына чейин) Ислам цивилизациясындагы окумуштуулардын көбү Исламды кабыл ала элек болчу. Илимий котормолор бардык диндердин адамдары тарабынан жасалган.

- Жалпы пикир боюнча орто кылым караңгы доор деп эсептелет. Орто кылым чындап эле караңгы доор болгонбу?

- Бул көз караштын илимий жана тарыхый баалуулугу жок деп ойлойм. Орто кылымдардын бардык эле мезгили караңгы болгон эмес. Ооба, Исламга чейинки орто кылымдардагы илимий ишмердүүлүк жөнүндө сөз кылуу биз үчүн кыйынга турат. 11-кылымга чейин христиан Европада илимий иш болгон эмес. Ислам пайда болгондон кийин Ислам дүйнөсүндө олуттуу илимий изилдөөлөр башталды. Бул мезгилде аалымдар илимдин уланышын камсыз кылышкан. Эгерде алардын илимий салымдары болбосо, илим жана илимий ишмердүүлүк жоголмок. Орто кылымдардагы илимий ишмердүүлүктүн натыйжасында ал бизге чейин жетип келди, ошондой эле Батыш дүйнөсү да Ренессансты ишке ашыра алды.

- Ислам цивилизациясы Батышка чындап таасирин тийгиздиби же илимдер тарыхына классикалык Ренессанс аныктамасынын негизинде карашыбыз керекпи?

- Ислам цивилизациясы Батышка таасир эткени анык. Ислам илиминин Батышка (б.а. христиан Европага) реалдуу таасири христиан доорунун 10-13-кылымдарынын ортосунда (хижрийдин 4-кылымында) болгон. X кылымга чейин христиандык Европада илимий билим дээрлик болгон эмес. Бул кылымда Ислам дүйнөсүнүн астролябияларын (Астролябия – астрономдор колдонгон курал. Анын жардамы менен бурчтар ченелген, асман объектилеринин координаттары аныкталган) христиан монастырларындагы монахтар изилдеп, алар да аль-Хорезминин эсептөө системасына кызыгышкан. 12-кылымда көптөгөн араб тексттери латын тилине которулган. Бул Ислам дүйнөсүндөгү авторлор тарабынан жазылган тексттер же грек тексттеринин арабча котормолору болушу мүмкүн. Ошол мезгилде мусулмандар христиандардын устаты болгондугун азыр да колдонулуп жаткан араб сөздөрүнөн көрүүгө болот. Мисалы: нөл, алгебра, алгоритм, зенит, надир, азимут, эликсир, алкаголь. Араб жылдыздары: Ригель, Вега, Бетелгеузе, Альтаир, Денеб. Булардын баары астролябия жылдыздары болгон. Европалыктардын Реннесансы (илимий жактан агаруусу) Ислам дүйнөсүндөгү билим Батыш Европага жеткенден кийин гана болгон.

- Илимдин Чыгыштан, башкача айтканда Ислам дүйнөсүнөн Европага өтүшүнө токтолсок, ал Европага кайсы каналдар аркылуу өттү?

- Ислам дүйнөсүнөн Батыш Европага илимди өткөрүүнүн басымдуу бөлүгү араб тилинен латын тилине которуу аркылуу ишке ашкан. Негизинен, Андалусия (азыркы Испания), кайсы бир деңгээлде Сицилия жана башка аймактар аркылуу. Илимди жеткирүүдө араб тексттеринин латынча котормолору абдан чоң роль ойногон. Экинчиден, ислам дүйнөсүнө саякаттап, ал жактагы билим шаарларында окуган Батыш саякатчылары жана христиан соодагерлери аркылуу да өткөн. Мисалы, италиялык атактуу математик Леонардо Фибоначчи (1170-1250) Ислам өлкөсү болгон Алжирде окуган. Ал «Фибоначчи» сандарын ойлоп тапкан маанилүү математик болгон. Менимче, ал бул сандарды мусулман математиктерден алган. Муну далилдей албайм, бирок мунун ыктымалдуулугу жогору. Кыскасы, Ислам илими Европага Ислам дүйнөсүндө билим алып жаткан европалык аалымдар жана араб тилинен латын тилине которулган тексттер аркылуу жеткен.

- Ислам илимдеринин тарыхында астрономия абдан маанилүү орунга ээ. Мисалга алсак, обсерваториялар биринчи жолу Ислам цивилизациясында түзүлгөн. Мусулман аалымдары да көп алектенген илим астрономия болуп эсептелет. Мунун себеби эмнеде?

- Бир нече себептер бар болчу. Биринчиден, ар дайым эле Ааламга кызыккан адамдар болгон, азыркы учурда көптөгөн адамдар ушул себептен астрономияга кызыгышат. Экинчиден, астрономия жакшы календарды түзүүдө жана коомдогу баш аламандыктарды болтурбоо үчүн Ай, Күндүн тутулуусу сыяктуу кубулуштарды алдын ала эсептеп айтууда маанилүү. Бул кубулуштардын так божомолдору грек астрономдору тарабынан жасалгандыктан, Ислам дүйнөсүндөгү астрономдор да методологияны үйрөнүүнү каалашты. Үчүнчүдөн, астрономия географияга (карта түзүү) байланыштуу жана ал Жердин шар формада экенин көрсөтөт.

- Ислам дүйнөсүндө астролябия кандай өнүккөн, колдонулган жана ошол мезгилде кандай мааниге ээ болгон?

%article_title%

- Астролябия байыркы гректерде жөнөкөй формада ойлоп табылган жана Исламдын алгачкы доорунда Ислам дүйнөсүнө өткөн. Ал заманбап сааттар сыяктуу убакытты эсепке алуу куралы катары колдонулган (бирок ал убакта сааттар болгон эмес). Ошондой эле намаз убакыттарын аныктоо үчүн пайдаланылган. Андан кийин мусулман астрономдору (балким аль-Хорезми) түндүктү жана кыбыланы табуу үчүн колдонула турган бир кыйла татаал форманы иштеп чыгышкан. Астролябияны башка көптөгөн эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн да колдонсо болот жана анын дидактикалык максаты бар. Анткени аны Күндүн кыймылы жана мезгилдердин себеби (жаз, жай, күз, кыш) жөнүндө белгилүү бир фактыларды көрсөтүүгө пайдаланса болот. Так астролябияны долбоорлоо өтө кыйын. Теориялык негизди жана сандык таблицаларды Орто Азия окумуштуусу аль-Фаргани (9-кылым/ Хижранын 3-кылымы) негиздеген.

- Бизге Абу Махмуд аль-Хожандинин астролябиясы жөнүндө кыскача айтып бере аласызбы? Бул астролябия эмнеси менен өзгөчө?

- Хожандинин астролябиясы кыйла татаал формада (ал-Хорезми тарабынан иштелип чыккан) жана ал сакталып калган эң алгачкы астролябиялардан. Ал 984-85-жылдары жасалган. Ошондой эле курал бүгүнкү күнгө чейин жеткен эң кооз астролябиялардын бири болуп саналат. Хожанди – өзгөчө инсан, анткени ал теориялык илимге, мындан сырткары, практикалык устачылыкка, металл иштетүүгө жана оймочулукка жөндөмдүү болгон. Анын астролябиясы абдан кооз болгондуктан, дизайнын моделдерибиз үчүн үлгү катары алдык. Хожанди Борбор Азиядагы Хоженттен, азыркы Тажикстандан болот.

Хожандинин астролябиясы

- Бирунинин астролябиялар боюнча эмгегинде Зерракинин астролябиясы жөнүндө кызыктуу үзүндү бар. Зерракинин астролябиясынын эң негизги айырмасы эмнеде? Алар дүйнө айланарын билишкенби?

- Ооба, кээ бир адамдар Жер айланат деп ишенишкен. Орто Азиялык окумуштуу Бируни астролябия боюнча китептеринин биринде Жердин тынч абалында же айлануу кыймылында болгондугу маселесин ошол кездеги илим менен так чече албасын ырастаган.

- Султан Малик аль-Ашраф, анын астролябиясы жана ага устаттарынын ижазат (диплом) бергени тууралуу кыскача айта кетсеңиз? Султандардын мынчалык деңгээлде илим менен алектенүүсү, түзүлгөн комиссия тарабынан илимий иши текшерилип, алардан ижазат алуусу илим тарыхында кадыресе көрүнүшпү?

- Султан аль-Ашраф Йеменден болгон. Анын бул илимий иши Йеменде да Ислам илими өнүккөндүгүн көрсөтүп турат. Ар бир эле султан же падыша илимге кызыккан эмес, бирок кээ бир султандар, падышалар жана халифтер кызыгышкан (Улугбек, азыркы Испаниянын Сарагоса шаарындагы аль-Мутаман, халиф аль-Мамун ж.б.)

Башка падышалар же султандар астролябияны өздөрү жасашкандыгын билбейбиз. Бул жагынан караганда Султан аль-Ашрафтын эмгеги өзгөчө. Анткени ал өз астролябиясын жасай алган жана жөндөмдүү окумуштуу болгон. Жасаган илимий иши мугалимдери тарабынан текшерилген соң, ижазат алган. Анын уникалдуу башка тарабы да бар. Бизде анын астролябиясы (азыр Нью-Йоркто) гана эмес, ошондой эле анын жасалышы жана башка тиешелүү маалыматтар түшүндүрүлгөн (кол жазма азыр Каирде) кол жазмасы бар.

[See D.A. King, In Synchrony with the Heavens vol. 2,]

- Ибн аш-Шатир иштеп чыккан планетардык модель тууралуу айтсаңыз? Коперник жасаган эсептер гелиоцентрдик болгондугун эске албаганда, дээрлик Ибн Шатирдин эсептөөлөрү менен бирдей экендиги көңүл бурдурат.

- Ибн аш-Шатирдин жаңы модели планеталар үчүн эмес, Ай үчүн болгон. Ибн аш-Шатирдын эмгегине чейинки Айдын кыймылынын моделдери туура эмес болчу. Анткени алар биринчи жана акыркы чейрек толук Ай менен жарым Айдагыдан эки эсе чоң болуп пайда болмок. Ибн аш-Шатирдын моделинде бул кемчилик жок. Ал ошондой эле кээ бир планеталык моделдерге өзгөртүүлөрдү киргизген, бирок алар кескин кесепеттерге алып келбейт. Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, Ибн аш-Шатир Коперникке таасир эткен эмес, бирок Коперник аль-Баттани (Коперник келтирген) сыяктуу мурунку Ислам астрономдорунан таасир алган.

- Орто кылымдагы илимпоздордон сизге көбүрөөк таасир эткен окумуштуу ким жана эмне үчүн?

- Мага чоң таасир эткен аалым – Абу Рейхан аль Бируни. Ал мени дагы деле шыктандырып келет, себебин түшүндүрүп берейин. Ал көп кырдуу окумуштуу жана абдан мыкты астроном жана математик болгон. Мындан тышкары, ал абдан сынчыл адам болгон, көптөгөн тилдерди билген, ал тургай индия тилин – санскритчени да билген. Ал башка маданияттардын пикирлерин изилдөөгө жана аларды объективдүү түрдө жазууга даяр турган мыкты акылга ээ болгон. Бируни грек жана Ислам философиясынан тышкары индия философиясы менен да тааныш эле. Ал ар кандай ойлорго, идеяларга абдан объективдүү мамиле кылган. Менин оюмча, бул менталитет абдан маанилүү. Бул бизге бүгүнкү күндө абдан керек.

- Борбор Азиядагы мусулман аалымдарынын илим дүйнөсүнө кошкон салымы жөнүндө айтып берсеңиз? Айрыкча, астрономия жана математика тармагында кандай салымдарды кошкон?

- Борбор Азиядагы илим, өзгөчө астрономия 15-кылымга чейин абдан жогорку деңгээлде болгон. Орто Азиядан астрономия жана математика тармагында атактуу: аль-Фергани, Хожанди, аль-Хорезми, айрыкча аль-Бируни, Жамшидал-Кашии, Улугбек ж.б.у.с сыяктуу көптөгөн маанилүү илимпоздор чыккан. Бул окумуштуулардын ар бири жеке анализди талап кылат. Маселен, Самаркандда падыша Улуг бейди билесиз, ал эң сонун обсерваториясын негиздеген. Бул обсерваторияга илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Ислам дүйнөсүндөгү алдыңкы 60-70 окумуштууну чакырган. Алар абдан так астрономиялык жана математикалык таблицаларды эсептеп чыгышкан. Улуг бей жана анын тегерегиндеги илимпоздор астрономия, математика илимине көптөгөн салымдарды кошушкан. Жалпысынан мындай деп айтууга болот. 15-кылымда Самаркандда математика илими Ислам салтындагы туу чокусуна жеткен. Тилекке каршы, бул жерде даярдалган билим Батыш Европага жеткен жок.

- Мырза, мен сизге төрт мусулман аалымынын атын айтып берейин. Алардын негизги илимий ачылыштары тууралуу кыскача маалымат берсеңиз?

1. Насируддин Туси

Насируддин ат-Туси Марагадагы (Иран) астрономиялык обсерваториянын башчысы болгон. Математика, астрономия боюнча арабча көп эмгектердин жана грек эмгектеринин мурда араб тилине которулган котормолорунун жаңы басылышын чыгарган. Ошентип, ал «Евклиддин элементтеринин» (математика боюнча негизги эмгек), «Алмагест Птолемейдин» (астрономия боюнча негизги эмгек) жана башкалардын жаңы басылышын чыгарган. Мындан тышкары, ал илим гана эмес, мистика боюнча да ар кандай темада көптөгөн эмгектерди жазган. Ал талыкпаган окумуштуу болгон. Бирок акыркы изилдөөлөр анын илимий оригиналдуулугу кээде заманбап адабиятта өтө жогору бааланып жатканын көрсөттү.

2. Аль-Хорезми

Ал Исламдын илимий салтынын башталышында жашаган. Анын арифметика боюнча эмгегинин араб тилиндеги оригиналы жоголгон, бирок 12-кылымда латын тилине которулган эмгеги бар. Аль-Хорезминин алгебра боюнча эмгектери араб тилинде жана латын тилинде сакталып калган. Ал астроном да болгон, бирок анын астрономиялык эмгектеринин көбү сакталып калган эмес. Анткени астрономия кийинки кылымдары Ислам дүйнөсүндө өркүндөтүлгөндүктөн, эски кол жазмаларды сактоонун кереги жок эле.

Аль-Хорезми мыкты мугалим болгон. Ал ондук системада индиялык эсептөө ыкмасын ийгиликтүү түшүндүргөн («Алгоритм» деген сөз анын атынан келип чыккан. Себеби анын эмгегинин латын котормосу «dixit algorismi» менен башталат, башкача айтканда, аль-Хорезми деп айтылган).

Ошондой эле алгебра боюнча китебинде квадраттык теңдемени чечүү жолдорун түшүндүргөн. Метод жаңы эмес болчу, бирок түшүндүрмөсү эң сонун. Анын оригиналдуу салымы – астролябиядагы «Азимуталь тегерекчелер» деп аталган тегеректердин жаңы топтомунун дизайны.

Менде анын эмгектери боюнча www.alkhwarizmi.nl сайтым бар.

3.Аль-Фергани Фергани астрономияга абдан так кириш сөз жазган. Анда Жер шар, планеталар, кыймылсыз жылдыздар бар. Бул кириш сөз еврей тилине, кийин орто кылымдарда латын тилине которулган. Ошондой эле ал астролябиянын техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча окуу китебин жазган. Мында астролябия эмне үчүн ар бир географиялык кеңдик үчүн жасалышы керектигин бардык сандык таблицалар жана математикалык далилдер менен түшүндүрүп берген. Бул китеп астролябия жасоодо Ислам билими үчүн абдан маанилүү болгон.

4.Ибн аль-Хайсам

Ал Басрада (Ирак) туулган, бирок өмүрүнүн көбүн Египетте өткөргөн. Анын эмгектери математика, астрономия жана оптика боюнча. Аль-Хайсамдын оптика боюнча эмгеги (жети китепте, башкача айтканда, жети чоң бөлүмдө) латын тилине которулуп, Батыш (христиандык) Европада илимди өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Бул китепте ал жарык нурларын жана алардын чагылышын, сынышын изилдеп; теорияны, физикалык эксперименттерди колдонгон. Жарыктын түз сызыкта өтөрүн эксперименттер менен далилдеген, ошондой эле күзгүдөн жана күзгү эмес нерселерден жарыктын чагылышын эксперимент аркылуу көрсөткөн. Ошентип, ал жарыктын көзгө кантип жетерин, нерселерди кантип көрө аларыбызды түшүнүүгө жардам берди.

Менде анын эмгектери боюнча веб-сайтым бар www.ibnalhaytham.nl

- Андалусиянын илим тарыхындагы орду кандай? Бир нече илимпоздор жана алардын эмгектери тууралуу маалымат бере аласызбы?

- Андалусиянын тарыхый мааниси – бул Ислам цивилизациясынын көптөгөн илими Батышка жеткирилген жер болгон. Андалусиядагы деңгээл кээде Чыгышка салыштырмалуу артта калган. Чыгышта эскилиги жеткен чыгармалар колдонулган (мисалы, аль-Хорезми).

Бирок ошого карабай, атактуу илимпоздор чыккан жана илимий ачылыштар жасалган. Кызыктуу, оригиналдуу салымдардын бирин аль-Заркали (11-кылым) кошкон. Ал координаттарды өзгөртүү үчүн астролябия пластинкасынын өзгөчө түрүн жасаган. Падыша аль-Мутаман ибн Худ (Сарагосса, 1085-жылы каза болгон) "Цева теоремасы" (италиялык математиктин атынан) деп аталган геометриялык теореманы далилдеген.

- Эмне үчүн кийинки доорлордо Ислам цивилизациясы илимде артта калды, сиздин көз карашыңыз кандай?

- “Эмне үчүн ислам цивилизациясы артта калды” эмес, “Европа эмне үчүн өнүктү”? деген суроону берсек туура болот. Болжол менен 1430-жылдары Самарканддагы илимдин деңгээли Батыш Европадагыдай эле деп айтууга болот. Андан кийин Европанын илимий өнүгүүсү басмакана аркылуу тездетилген. Ошентип, Коперниктин ал кезде өтө бүдөмүк болгон эмгеги 250 нуска менен басылып чыккан. Ислам дүйнөсүндө басма жок болчу, ошондуктан чыгармаларды кол менен көчүрүү керек эле. Көбүнчө көчүрүүчүлөр илимдин адистери болбогондуктан, нускаларда көп каталар кетирилген. Нускаларын саны да аз болгон. Бул илимдин жайылуусун жайлатат. Мисалга алсак, Камал ад-Дин Фариси – ибн аль-Хайсамдан 2 кылымдан кийин жашаган окумуштуу. Ал ибн аль-Хайсамдын китебинен пайдаланууну каалайт, бирок анын нускасын таба албайт. Машакаттуу издөөсүнүн натыйжасында өтө алыс жерден гана таба алган. Ибн Аль- Хайсамдын китеби маанилүү болгонуна карабай, анын 2 же 3 гана нускасы болгон. Мунун себеби кол жазма аркылуу көчүрүүнун татаалдыгында жатат. Насир ад-Дин ат-Тусинин мынчалык көп китептерди жаңыдан жаздыруусунун себептеринин бири да ушул болчу.

- Ислам илиминин тарыхындагы алдыңкы изилдөөчүлөрдүн көбү чет элдиктер. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Мен бул суроону командамдын мүчөлөру менен да талкууладым. Биздин оюбузча, Ислам дүйнөсүндөгү көпчүлүк студенттер жана изилдөөчүлөр заманбап Батыш илими алда канча өнүккөн (бул чындык) деген негизде орто кылымдагы Ислам илимине эмес, заманбап Батыш илимине кызыгышат. Азыркы Ислам студенттери жана изилдөөчүлөрү жалпысынан орто кылымдагы Ислам илими жөнүндө эч нерсе билишпейт. Бул өкүнүчтүү, анткени орто кылымдагы Ислам илиминин салымдары заманбап илим билиминде колдонулушу мүмкүн. Бул ошондой эле Ислам дүйнөсүндөгү студенттерге жана изилдөөчүлөргө илим универсалдуу экенин, башкача айтканда, заманбап Батыш илиминин кээ бир тамырлары Ислам цивилизациясында жаткандыгын, ошондуктан илим Батыштан импорттолгон «кызык» нерсе эмес экенин түшүнүүгө жардам берет.

Сауд Аравиясында Курандан заманбап илим табууга аракет кылгандар бар, бирок Бируни буга чейин мындай көз карашка каршы чыккан.

- Баалуу маалыматтар менен бөлүшкөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Ишиңизди ийгилик коштосун!

Маек Түркиянын Эржиес университетинин бүтүрүүчүсү, мекендешибиз – Исламбек Дайырбеков тарабынан даярдалды. Ал Ислам илимдер тарыхына изилдөө жүргүзүү максатында Германия, Голландия, Испания мамлекеттерине барып келген.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
16 май 2022г.
Багымдат
3:36
Күндүн чыгуу
5:37
Бешим
12:58
Аср
18:08
Шам
20:23
Куптан
21:57