Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

6 айда хафиза болгон Айжан менен маек

Автору: Кундуз Апышова / Жарыяланды: 26 сентябрь 2023

Түркияда 6 айдын ичинде Куран жаттап, хафиза болгон; 18 саатта Куранды хатым кылган мекендешибиз Айжан эсиңиздеби? 20 жаштагы Айжан Анарбаева Түркиядагы “Сандаллар Кыз Куран” курсун ийгииликтүү аяктап, азыр Ислам университетинде окуп жатат.

%article_title%

Хафиза менен маектешип, үй-бүлөсү, келечектеги максаттары тууралуу сурадык. Куран жаттагысы келген окурмандар үчүн бул маек өтө пайдалуу болот ойлойбуз.

“7 БИР ТУУГАНДЫН КИЧҮҮСҮМҮН”

20 жаштамын. Ош шаарынан болом. 7 бир туугандын кичүүсүмүн. Атам 63 жашта, апам 15 жашымда кайтыш болгон. Атам дайым айта берет: “Апаңдын мага кылган кызматы, такыбаалыгы үчүн Аллах сени сыйлык кылып берди го”. Ушул сөздөрдөн таасирленгем. Атам түндө туруп, дайым биз үчүн дуба кылат. Илим алганга бизге шарт түзүп берет. “Жумуш күтүп турат, сабак оку” дечү. Атам дуба кылгандыгы жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергендиги үчүн Аллах Таала ийгиликке жеткирди го деп ойлойм.

“6 АЙДА КУРАН ЖАТТАДЫМ”

Мектепти аяктап, Ислам университетине тапшыргам. Ал жакта бир жыл окудум. Анан жайында “Түрк элчилиги илим алууга Түркияга окууга жиберет, 1 жылда Куран жаттатат, акысыз” деген жарыяны угуп калдым. Эжем экөөбүз арыз жазып, документ тапшырып, өтүп кеттик. Болу деген шаардагы Сандалар курсунда окудук. Баары бекер болчу, стипендия да төлөндү. Аллах аларга ыраазы болсун! Түркияга 2021-жылы октябрда кетип, хафиздикти декабрда баштаганбыз. Мен июнда хафиздигимди бүттүм. Ошентип, 6 айда Куранды жаттадым.

“18 СААТТА ХАТЫМ КЫЛДЫМ”

Кийинки окуу жылында Куранды кайталадык. Сентябрдан июнга чейин текрар кылдык (кайталадык). Июнда хатым кылып, 18 саатта Куранды толук окуп бүттүм. Багымдаттан кийин окуп баштайсың, токтобой окуй бересиң. Намаз окуу, тамактанууну кошпогондо 18 саат болду. Багымдатта баштап, кийинки күнү түштө аяктадым.

ХАФИЗ БОЛГУСУ КЕЛГЕНДЕРГЕ КЕҢЕШ

Куран жаттагысы келгендер көпчүлүк байкабаган бул нерселерге маани бериши керек:

1) Ниетти түз коюу

Жакшы максат коюп, анан дуба кылуу. “Бир гана Аллахтын ыраазычылыгы үчүн жаттайм. Аллахым, сени ушунчалык сүйгөндүктөн, сөздөрүңдү жаттагым келди. Кыяматта жарык жүз менен барсам экен” деген ниет кыйынчылыктардан өткөнгө жардам берет.

2) Аллах менен болгон мамилени оңдоо

Аллахка таянуу, дайым дуба кылуу. Өзүңдүн алсыз экениңди сезүү. Аллахтын буйруктарын так аткаруу зарыл. Күнүнө жок дегенде 10 мүнөт зикир кылып, Жаратканды эстөөгө көңүл буруш керек.

3) Башкалардын акысын берүү

Пенде менен Аллахтын ортосунда көп тосмолор болот: ата-эне, бир тууган, достор, кошуналар, башка мусулмандар. Качан адам ар бир түйүндү чечип, алардын акысын берип, дубасын, ыраазычылыгын алганда гана Аллахтын ыраазычылыгына жете алат. Муну өзүм жон терим менен сезгем. Бирөөнүн көңүлүн оорутсаң, же акысына кирсең, ошол күнү эч нерсе мээңе кирбейт. Сабак окуй албай каласың. Ибадаттын ыракатын тата албайсын.

4) Напсини тарбиялоо

Куранды кыска убакытта жаттоо адамдын аракетинен, зээнинен көз каранды эмес. Группамда менден көп аракет кылган, өтө зээндүү кыздар деле бар болчу. Өзүнө катуу ишенгендиктен, напсисин тарбиялай албагандыктан, ийгиликке жете албайт окшойт деп ойлоп калдым. Ошондуктан жүрөктөгү көралбастык, кызганыч, текебердик сыяктуу оорулардан кутулуу зарыл. Мындан тышкары, ашыкча тамактануу, ашыкча уктоо сыяктуу адал нерселердин ашыкчасынан арылуу керек.

5) Адамдарга жакшылык кылуу

“Чындыгында, Аллах Тааланын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын” деген аят мени өтө шыктандырат. Бирөөнүн көңүлүн көтөрүп, муктаждыгын чечип койдуңбу, ошол күнүң сөзсүз ийгиликтүү болот. Аллахтын жакшылыгы сага ошол замат түшөт. Жардам берүү колуңдан келбесе, жок дегенде дуба кыласың: “Ушул бир тууганым кыйналып атат. Аллахым өзүң ага жардам бер”. Анан кадимкидей өзүңө жеңилдик келгенин сезесиң.

“ХАФИЗ БОЛУУ ҮЧҮН...”

Куран жаттоо үчүн сапаттуу Куран китеп, анан жакшы устаз/устаза керек. Сени түшүнгөн, ошол жолду басып өткөн, сенин каталарыңды оңдоп, үйрөткөн, методикасы менен бөлүшкөн жакшы окутуучу зарыл. Анан минимум 2 саат бош убактың болсо, ар бир адам Куран жаттай алат деп ойлойм.

“КУРАН ЖАТТОО ЗЭЭНДИ КҮЧӨТӨТ”

Алгач баштаганда жаттай албайм го деп ойлогом. Программадан калбай, 1 жылда эптеп жаттасам экен деп сарсаана болгом. Альхамдулиллах, жаттай баштаганда Аллах жардам берди. Башында кыйналдым. Бир күндө 21 жолу кайталап, 3 беттен араң жаттачумун. Бара-бара зээн күчөйт экен. Кийин 14 бетке чейин жаттай баштадым. Жаңы жаттап баштагандар көп хатым кылса жакшы болот. Канча көп хатып кылсаң, Куранды жаттоо ошончо жеңил болот. Баары ойлошот: Куран жатташтан мурун араб тилин билиш керек, илимдүү болуш керек. Бирок көп аалымдар илимге киришүүдөн мурун Куран жатташчу экен. Анкени Куран жаттаганда, эс тутум жакшырып, илим алуу жеңил болот.

“ИЛИМ АЛУУНУ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ УЛАНТКЫМ КЕЛЕТ”

Азыр Ислам университетинде 3-курста окуйм. Шарыят факультетиндемин. Ушул жылы жакшы устаз таап, ижаза алууну пландап атам. Араб тилин билип, тафсир илимин терең үйрөнгүм келет. Аллахым мүмкүнчүлүк берсе, Египетте же Иорданияда окусам деген максатым бар.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
11 сентябрь 2024г.
Багымдат
5:00
Күндүн чыгуу
6:37
Бешим
12:58
Аср
17:27
Шам
19:23
Куптан
20:57