Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Данияр Мамыров: Ислам каржылоо системасы экономикалык кризиске жол бербейт

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Жеке архив / Жарыяланды: 30 декабрь 2016

Ислам каржысы дүйнө жүзүндө өтө тездик менен өсүп келе жаткан тармактардын бири. Учурда Улуу Британиянын 46 университетинде ислам каржысы боюнча курстар окутулуп жатат. Ал эми 10 банкы ислам эрежелерине ылайык иштөөдө. 14 банкта атайын ислам каржысы терезелери бар. Светтик өлкөлөрдү кызыктырган ислам каржысынын уникалдуулугу эмнеде?

Малайзиядагы эл аралык INCEIF (Ислам каржылоосу боюнча эл аралык билим берүү борбору) университетинин бүтүрүүчүсү, 16 жылдан бери өзүн бул тармакка арнап келе жаткан Данияр Мамыров менен ушул маселе боюнча маек курабыз. Данияр мырза учурда Малайзиядагы Ислам каржысы институтунун жана Орусия ислам каржысы эксперттер ассоцациясынын, Казахстан ислам каржысын өнүктүрүү боюнча ассоцациянын мүчөсү жана бир катар курстардын лектору.

Данияр Мамыровдун ислам каржысына кызыгуусу Россиядагы окуу жылдарында, Москвадагы мечиттердин биринде ислам каржысына байланышкан китеп менен таанышкан соң башталган. “2008-жылы Америкада экономикалык кризис башталып, Орусияга да өз таасирин тийгизген эле. Ошондо мен “Эмне үчүн мындай абал келип чыкты?” деген суроонун үстүнөн ой жүгүртө баштадым. Экономика илимдеринин доктору Ренат Беккиндин ислам каржылоо принциптери боюнча жазылган китебин окуп, дүйнөлүк финансы системасында мүчүлүштүктөр көп, ал эми ислам негиздерине ылайыкталган экономика адилеттүү жана чынчыл система экендигин түшүндүм. Мына ушундан кийин бул багытта билимимди тереңдетүүгө кириштим”,-дейт Данияр Мамыров.

“Умма” журналы: Данияр мырза, ислам каржысы деген эмне? Кененирээк айтып берсеңиз.

Данияр Мамыров: Ислам экономикасында акча товар катары саналбайт. Ал болгону товар алмаштырууда керектелүүчү инструменттин жана товардын баа-баркын өлчөөчү гана роль ойнойт. Демек, акчадан акча жасоо, тактап айтсак, сүткорлукка (процент) такыр жол берилбейт. Ошондой эле, кумар оюндары жана эч кандай күч жумшап, маңдай тер төкпөстөн табылган акчалар арам болуп саналат.

Дүйнө жүзүндөгү салттуу банктар пайыздык негизде өзүнө киреше тапса, ислам принциптери менен иштеген банктар бул нерсени такыр колдонбойт. Ыйык Куранда “Аллах соода-сатыкка уруксат берди, бирок сүткорлукка тыюу салды” деген аят сүткорлукка каршы негизги эрежелердин бири.

“Умма” журналы: Анда ислам принциптери менен иштеген банктар кантип пайда табат?

Данияр Мамыров: Ислам каржылоосунда бир нече ыкмалар бар. Алардын кээ бирлерин айтып берейин. Мисалы, мурабаха. Мурабаха бул соода-сатык келишими. Сатып алуучу товар сатып алат да, үстүнө акча кошуп кайра 2-кишиге сатат. Товардын үстүнө кошулган акча аны сактоого, кароого, жол киреге жана сиздин эмгегиңизге кеткен акчалардын топтомун түзөт. Товардын үстүнө акча кошуп сатууда аша чабууга да жол берилбейт. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өзү соодагер болгон жана ушул ыкмаларды колдонгон. Анын соода – сатыкта өтө чынчыл болгондугу тууралуу бир нече хадистерде келет.

Ал эми мудараба ыкмасында шериктик келишим менен иш жүргүзүлөт. Маселен, кайсы бир ишти баштоодо 1-тарап өзүнүн билимин, талантын, жөндөмдүүлүгүн, идеясын койсо, банк инвестор болот. Иштин жыйынтыгында пайда жана чыгымдар өз ара келишимдин негизинде эки тарапка бөлүнөт.

Дагы бир ыкма бул-мушарака. Мушарака мударабага окшош. Бирок, мушаракада банк да, 2-тарап да инвестор болуп, үлүштөр өз ара бөлүнөт. Банк өзүнө келген кардарды жана анын долбоорун өтө дыкаттык менен изилдеп чыгат да, бардык тобокелчиликтерди эске алат. Анткени кандай гана болбосун, иштин жыйынтыгында пайда менен чыгымды эки тарап бирдей көтөрүшү зарыл.

“Умма” журналы: Демек, жоопкерчилик банкка да, кардарга да бирдей жүктөлөт экен да...

Данияр Мамыров: Ооба. Ислам банкында эң башкы эреже адилетсиздикке жол бербөө, таза киреше табууга өбөлгө түзүү. Бир тараптын гана эмес, бардык тараптын кызыкчылыктарын эске алуу. Көпчүлүгү ислам принциптери менен иштеген банктар пайда таппайт же мындай банктарды кайрымдуулук уюму катары көрүшөт. Малайзия, Иран, Судан, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдүн мисалында пайызсыз негизде пайда тапса болорун көрүп жатабыз. Акчалар белгилүү бир топтун кызыкчылыгы үчүн эмес, реалдуу экономикага жумшалат.

Ислам принциптери менен иштеген банк системасынын уникалдуулугун Батыш Европа өлкөлөрү да жакшы түшүнүп жатышат. Учурда Улуу Британиянын 46 университетинде ислам каржысы боюнча курстар окутулууда. Ал эми 10 банк ислам эрежелерине ылайык иштөөдө. 14 банкта атайын ислам каржысы боюнча терезелер (кызматтар) бар. Улуу Британия бүгүнкү күндө ислам каржысынын борбору болуп саналат.

“Умма” журналы: Сиз айтып жаткан бул банктарда жалаң гана мусулмандар иштейби?

Данияр Мамыров: Сөзсүз эле мусулмандар эмес, башка дин өкүлдөрү да иштеши мүмкүн. Себеби алар мунун уникалдуу жана стабилдүү система экендигин жакшы түшүнүп жатышат да. Жадагалса ислам банктарына кайрылган кардарлардын көбү да мусулман эместер экен. Малайзияда окууну аяктаган соң, ал жактагы банктардын биринде стажировкадан өттүм. Ошондо банк кардарларынын тизмесин карап отурсам, 70%ы башка дин өкүлдөрү болуп чыкты. Дүйнөдөгү ири ислам индустриясын мусулман эместер жүргүзүп жатканы таң калтырат. Маселен, Казакстандагы чоң “Аль Хиляль” ислам банкынын директору да индуист.

“Умма” журналы: Ал эми, Кыргызстан тууралуу кеп кылсак. Көптөгөн мекендештерибиз банктардан пайыздык негизде акча алууга мажбур. Анткени Кыргызстанда ислам каржысы эми гана өнүгүүгө жол албадыбы...

Данияр Мамыров: Албетте, биздин өлкөдө ислам банк системасын өркүндөтүүгө жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн элдер үстөк пайыз менен насыя алууга мажбур. Жегенге чочконун этинен башка эч нерсе калбай калса эптеп бул кырдаалдан чыгып кеткенче чочконун этин жеп турууга уруксат берилет эмеспи. Ошол сыяктуу үй-бүлө өтө эле оор кырдаалга кабылып, башка айла калбай калган учурда гана пайыз менен акча алууга уруксат. Колдон келсе, башка жолдорун караштырууга аракеттениш керек. Ал эми пайыз менен карызга акча берүүгө такыр болбойт.

“Умма” журналы: Мисалы, досуң сенден карыз акча алып, кайра кайтарып берип жатканда ыраазычылык иретинде өзү үстүнө акча кошуп берсе кандай болот?

Данияр Мамыров: Эч кабатырланбай эле ала бериңиз. Анткени, бул - досуңуздун көңүлдөн чыккан ыраазычылыгы. Ал кошумча акча, же белек түрүндө болушу мүмкүн.

“Умма” журналы: Ал эми акчасын банкта сактап, кайра көбөйтүп алгандарчы?

Данияр Мамыров: Албетте, эң коопсузу акчаны банкта сактоо. Бирок, ал көбөйтүп алуу эмес, сактоо максатында гана болушу керек. Акчаңызды банктан кайра алып жатканда үстүнө кошулуп берилген акчаны өзүңүзгө албай, кайрымдуулук иштерине жумшаганыңыз оң. Ошондой эле банкта сакталган акчаларыңыз казино, спирт ичимдиктери сыяктуу арам иштерге жумшалбагандыгына көз салып турууңуз керек.

“Умма” журналы: Кыргызстанда ислам каржысы эми эми өнүгүп келе жатат. Өзүлөрүн ислам принциптери боюнча иштейбиз деп тааныштырган банк, микрокредиттик компаниялар бар. Сиздин оюуңузча, алар канчалык деңгээлде шарияттын эрежелерине ылайык иштеп жатышат?

Данияр Мамыров: Ар бир каржы компаниясында, алардын ишмердүүлүгүн жөнгө салып туруучу ислам каржысы жана шариат боюнча адистешкен адамдардан турган шариаттык кеңеш болушу керек. Мен ал компаниялардын документтери менен тааныш болбогондуктан, тигиндей, же мындай деп так айта албайм. Бирок, баса белгилей кетчү жагдай, Кыргызстанда банктар 100% ислам принциптерине ылайык иштөөсү үчүн көп нерселерди өзгөртүүбүз керек. Банктын өзүн гана эмес, айрым мыйзамдарды жана эң башкысы, Улуттук банкты дагы реформалоо зарыл. Себеби өлкөдөгү башка банктардын баары Улуттук банкка баш ийет. Демек, аны менен кызматташуу да ислам эрежелерине ылайык болушу абзел. Жок дегенде Улуттук банкта шарияттык кеңеш түзүү зарыл.

“Умма” журналы: Сиздин оюуңузча, мамлекет буга кызыкдарбы?

Данияр Мамыров: Менимче, анча деле кызыкдар эмес. Жок дегенде бир мамлекеттик жогорку окуу жайында ислам каржысы боюнча адистерди даярдасак болмок. Казахстанда Ислам банктарын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик деңгээлде атайын программалар бар. Ал эми бизде бул нерселер жөнгө салынган эмес. Бизде дин таануучулар көп, бирок ислам каржысы боюнча адистешкен бир да аалым жок. Билим жагынан артта калып жатабыз. Мусулмандар туура соода-сатык мамилелери, банктар менен иш жүргүзүү намаз, орозо сыяктуу эле өтө маанилүү экендигин түшүнүшүбуз керек. Бизге шариат маселелери менен биргеликте экономика, саясат, IT-технология, журналистика жаатында да мыкты билимге ээ кадрлар зарыл.

“Умма” журналы: Азыр тармактык маркетинг (сетевой маркетинг) динамикалуу өнүгүп жатат. Бизнестин бул түрү тууралуу да айта кетсеңиз?

Данияр Мамыров: Тармактык маркентинг боюнча Жакынкы Чыгыш жана СНГ өлкөлөрүнүн диний окумуштууларынын бир катар эмгектерин окугам. Алардын көпчүлүгү бул иште шариат эрежелерине төп келбеген элементтер бар экендигин айтышат. Тармактык маркетинг системасынын өзүндө эле адилетсиздикти байкасак болот. Анын башында турган адам өзүнүн астына киши жаздырып, эч кандай күч жумшабастан өзүнөн кийинки адамдардын эсебинен акча таап жатат. Мындан тышкары, бардык эле тармактык маркетинг мамлекетке салык төлөөдөн качат. А бул нерсе таптакыр туура эмес. Эгер компания Кыргызстанда катталып, салык Кыргызстандын эсебине түшсө анда жакшы, бирок ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жүргүзүп, акчалар такыр эле башка адамдардын колуна кеткени туура эмес да.

“Умма” журналы: Сиз учурда Казахстандагы каржы мекемелеринин кызматкерлерине ислам каржылоо принциптери боюнча дарс окуйт экенсиз. Эмне үчүн Кыргызстанда эмес...?

Данияр Мамыров: Кыргызстанда бул нерсени жакшы түшүнүшө элек. Ушул тармакта мамлекеттик кызматка орношууга бир нече жолу аракет жасадым эле, бирок оңунан чыккан жок. Жаңы көз караштагы жаш кадрларды баалашпагандай... Анын үстүнө, каржы мекемелери акча коротуп, курстарды угууга даяр эмес. Бирок, бул тармакка (ислам каржысы) кызыгып, келечекте билимин терендетүүнү каалаган жаштар үчүн мен акысыз курстарды уюштурууга даярмын жана муну жакындан бери ишке ашырып баштадык.

“Умма” журналы: Маегиңиз үчүн рахмат! Ишиңизге ийгилик каалайбыз.



Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43