Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Эмгекчилди эл баалайт. "Ардактуу айым" наамынын ээси менен интервью.

Автору: Махабат Курманова / Жарыяланды: 11 март 2017
%article_title%

Биздин бүгүнкү маектешибиз, жакында эле, Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы наамына ээ болгон, “Нахля хайрия” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Омурзакова Айнагуль айымдын аткарып жаткан иштери, алгылыктуу тажрыйбалары менен жакындан таанышабыз.

Бул наамды алууга себепкер болгон ишмердүүлүгүңүз тууралуу айта кетсеңиз?

Биздин кайрымдуулук фонд, 2012- жылдан тарта иш алып барат. Фонддун негизги максаты болуп: аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү; жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга жардам берүү; коомдо үй-бүлөө престижин бекемдөөгө өбөлгө түзүү; ден соолукту чыңдоо жана эне-баланы коргоого көмөк көрсөтүү; дени сак жашоону жаштар арасында пропагандалоо; жаш муунду адеп-ахлака жана патриоттуулукка үндөө;

Кенеенирээк айта кете турган болсом, ар жыл сайын жети облустагы аз камсыз үй-бүлөөлөрдү, “Курман айт” майрамында куттуктоо менен бирге, курмандыкка арналган малдын этин таратып, балдарына жана биздин каттодо турган жетим балдарга окуу жылынын башталышында, мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыз кылып турабыз. 2010-жылы Жалал-Абадда болгон окуядан кийин, жетим калган балдарга ар квартал сайын 7000 сомдон акчалай көмөк көрсөтөбүз. Аялдарга тигүү курстарын уюштуруп турабыз. Андан сырткары, аялуу катмарга кирген алдынкы студенттерге акчалай жардам көрсөтүүнү унутта калтырбайбыз. Ошону менен бирге, “Аялдын ден соолугу”, “Жаш балдарды жугуштуу оорулардан алдын алуу”, “Убакытты туура колдонуу”, “Лидердик сапаттарды өнүктүрүү”, “жекече өсүү” сыяктуу темадагы ар тараптуу семинар жана тренингдерди өткөрүп турабыз. Ыйык Рамазан айына өзгөчө көңүл бурулуп, кайрымдуулук иштерди мол өткөрүүгө аракет кылуудан сырткары, күнүнө 300-500го чейин диндеш туугандарыбызга ифтарлыкта ооз ачтырууларды өткөрүп келебиз. Эне-баланын дени сактыгы биринчи орунда тургандыктан, Республикалык ооруканаларга, клиникаларга ар тараптуу жардам көрсөтүү менен бирге, керектүү жабдуулар менен камсыз кылганга аракеттенип келебиз. Мисалга 2016-жылы энелер күнүнө карата, №6 төрөөт үйүнө зарыл болгон жабдууну белек кылдык.

Сиздердин ишмердүүлүккө кимдер калыстык кылып бул наамды ыйгарды?

Биз буга чейин түшкөн грантты дарегине жеткирүү менен гана алек болуп, ишмердүүлүгүбүз тууралуу жарыялоого көп маани бербей, пиар жагы аксап келе жатканын азыр гана байкап жатабыз. Кыргыз Республикасынын призидентинин астындагы “Ардактуу инсандар коомдук бирикмесинин” координатору, Сайрагул Молдоканова эже биздин ишмердүүлүгүбүз менен тааныш болгондуктан, бул наамды алып калдык десем болот. Мен эжени таанычу эмесмин, жогоруда аталган коомдук бирикме менин талапкерлигимди сунуштап, ушул сыйлыкка татып отурам. Учурдан пайдаланып, сыйлыкка жетишиме өбөлгө түзгөн, Сайрагүл эжеге терең ыраазычылык билдирем.

Өзүнүздүн эмоцияларыңыз менен бөлүшө кетсеңиз

Албетте, аткарган ишибизди баалап, сыйлык берип жаткан өкмөткө жана мамлекетке терең ыраазымын. Бул биздин мындан аркы ишибизге зор түрткү берет. Чындыгында, кайрымдуулук иштерин жасап жатканда, өкмөт бааласын же кандайдыр-бир сыйлык алалы деген ой менен иш жасабайбыз. Эң негизги эле максатыбыз, чет элдик өнөктөштөрүбүз менен бирге, калктын аялуу катмарына жардам көрсөтүү. Кудай буюрса, аткарып жаткан ишибизди дагы илгерилетип, жардам берүүнү уланта бермекчибиз.

Кыргыз Республикасынын призидентинин көзөмөлүнүн астында турган “Ардактуу инсандар коомдук бирикмесинин” координатору Сайрагүл Молдокановадан Айнагул айымдын наамы тууралуу маек курганыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

Суу өмүр булагы демекчи, мен жашаган “Бугу-эне Багыш” жаңы конушунда 12 жылдан бери, таза суу жетишсиз болуп, көп жерлерге кайрылганбыз. Биздин суранычка Айнагул сиңдим жооп берип, суу көйгөйүн чечип, мотору менен 12 колонка орнотуп беришти. Ар күн сайын суу түтүгүнөн суунун акканын көрүп, ыраазычылыгымды билдирип келем. Андан сырткары, аз камсыз болгон конуштун жашоочуларынын балдарына 60 жылуу сырткы кийим жана аларды сүт ичип туруусу үчүн, 1 уй музоосу менен элге беришти, ар бир сүт ичкен сайын эл батасын берип жатат десем жаңылышпайм. Конуштун энелерине тигүүчү машина беришип, сонун курактарды курап жатышат. Аллах ыраазы болсун! “Эмгекчилди эл баалайт” демекчи, кылган эмгегин эл баалап ушул наамга татыктуу болуп жатат. Биздин бирикме, коомубуздагы эл үчүн кызмат кылган, элге эмгеги сиңген инсандарга, Кыргыз Республикасынын эл сүйгөн жетекчиси, Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы, Кыргыз Республикасынын ардактуу ишкери, Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы деген наамдарды ыйгарып келебиз.

“Нахля хайрия” фондунун жетекчисинин кылган кайрымдуулук иштеринен таасирленген, Сайрагул Молдоканова Айнагүл айымга төмөнкү ыр саптарын арнайт.

Жашообузга сууну бердиң

Жарык берсин жараткан

Өмүргө өмүр улап

Нурун чачсын жараткан

Мен силерге эмне каалайм өмур каалайм

Асмандагы жаркыраган нурду каалайм

Бар болуп мусулмандар ынтымакта

Баарыңарга жүзгө чыккан өмүр каалайм

1 / 6



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
17 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:17
Күндүн чыгуу
07:56
Бешим
12:46
Аср
15:55
Шам
17:42
Куптан
18:57