Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Кубаныч Алимов: “Бизнесимди элиме кызмат кылуу үчүн жүргүзөм”

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 29 март 2017

Жеке бизнести өзү гана байып, анын жыргалын көрүү үчүн эмес, а элине кызмат кылуу максатында ачкан Кубаныч Алимов “Умма” журналына кызыктуу маек курду.

- Саламатсызбы, Кубаныч мырза. Жеке бизнести кайсы тармакта жүргүзүп келесиз?

- Саламатчылык. Биз үйлөргө жана түрдүү имараттарга жылуулук системасын орнотуу жаатында иш алып барабыз. Өзүм 2003-2008-жылдары Түркияда дал ушул тармакта иштеп, бай тажрыйба топтой алдым десем болот. 2009-жылы Кыргызстанда жылуулук системасын орноштуруу боюнча (KAZECO) компаниясын ачтым.

- Бизнесиңиздин өзгөчөлүгү эмнеде?

%article_title%

- Бизнес аркылуу байып кетүүнүн гана айласын көздөөдөн алысмын. Түшкөн акча каражатынын эсебинен кайрымдуулукка басым жасагым келет. Мисалы, сатылган ар бир продукциядан белгилүү бир сумманы кайрымдуулукка жумшоону каалайм. Мындан тышкары, үйүнө жылуу суу же жылуулук системасын орното албай жүргөндөргө жеңилдетилген шартта тейлөө көрсөткүбүз келет. Кыргызстанда мамлекеттик жумушта иштегендердин айлыгы өтө эле аз. Жакында эле бир мугалим байке келип, үйүнө жылуулук системасын орнотушу керек экендигин, бирок дароо бардык сумманы төлөй албастыгын айтты. 18 000 сомдук товардын жарым акчасын берип, калганын ай сайын эч кандай үстөк пайызы жок бөлүп төлөмөй болду. Бизге кайрылган кардарлардын баарына тең биз ушундай тейлөө көрсөтүүгө даярбыз. Бөлүп-бөлүп, эч кандай үстөк пайызсыз биздин продукцияларды сатып ала алышат.

- Жылуулук продукцияларын кайсы өлкөлөрдөн алып келесиздер? Сапаты кандай?

- Италия, Германия, Турция, Россия, Казахстан сыяктуу өлкөлөрдөн жана ата мекендик продукцияларды да сатыкка чыгарабыз. Сапаты жакшы, баасы да кыйла ыңгайлуу. Биз жогорку сапаттагы заманбап жабдууларды гана колдонобуз. Биздин кызматкерлер эл аралык денгээлдеги семинарларга катышып, атайын окуудан өтүп турушат. Дагы бир ыңгайлуу жагы, биздин компанияда казандардын (меш) бир нече түрлөрү бар: көмүр, газ, электр тогу, жылуулук насосу менен иштеген казандар. Ар бир кардарга алардын үйүнө кандай жылуулук системасын орнотуп, кандай иштетиш керек экендигин кылдат түшүндүрүп беребиз.

- Бизнесиңиздин бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшоо идеясы кайдан келип чыкты?

- Башымдан мага чоң сабак алып келген бир окуя өттү. 2010-жылы Алматыдан Бишкекке келе жатканымда, машинемди жогорку ылдамдык менен айдап алып, ал жолдон чыгып кетти. Чимирилип барып, жардын алдына токтоп калдым. Ошондо өмүрүмдун баары көз алдыма тартылып, өзүмө бир гана суроо бердим: “Бүттүбү? Ушул жерге чейин эле келдиңби?” деген. Салган үй, айдаган машина, кийген кымбат-баалуу кийимибиз эч нерсе эмес экен. Бул жашооодо эң маанилүүсү - коомго пайдаң тийген адам болуу. Мына ошондон баштап карылар үйү, балдар үйүнө жардам бере баштадым. Эми минтип бизнесим аркылуу элиме дагы көбүрөөк пайда тийгизгим келет.

- Алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

%article_title%

- Буюрса жакында “Ар бир үйгө жылуулук” жана “Ар бир үйгө жылуу суу” деген социалдык долбоорубузду ишке ашырууну пландап жатабыз. Жер үйлөрдүн көпчүлүгүндө жылуу суу жок экен. Элибизге эң ыңгайлуу жана жеңил шартта бул жааттта колдоо көрсөткүбүз келет.

Бул бизнести баштап жатканда алдыма бир чоң максат койдум эле, буюрса түшкөн каражатымдын эсебинен бир социалдык курулушту элиме белек кылам.

- Жасап жаткан ишиңиздин үзүрүн көрүүңүзгө тилектешпиз. Ийгилик каалайбыз!

Ислам дининде башкаларга жардам берүү - бул мусулман адамдын түздөн-түз милдети. Абу Хурайра баяндаган хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай деген:

«Кимде-ким бир мусулмандын дүйнөлүк көйгөйлөрүнөн бир көйгөйүн чечсе, Алла Таала дагы кыямат күнү анын көйгөйлөрүнөн бир көйгөйүн чечет. Кимде-ким кыйналган адамга жеңилдик көрсөтсө, Алла Таала да ага бул дүйнөдө жана акыретте жеңилдик берет. Кимде-ким бир мусулмандын күнөөсүн жашырса, Алла Таала да кыямат күнү анын күнөөсүн жашырат”.

Андыктан кайрымдуулукка кол сунуп жаткан мекендештерибизден Аллах ыраазы болсун!

KAZECO компаниясынын продукциялары, тейлөө системасы тууралуу толугураак http://kazeco.kg/ сайты аркылуу билсеңиз болот.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
17 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:17
Күндүн чыгуу
07:56
Бешим
12:46
Аср
15:55
Шам
17:42
Куптан
18:57