Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
14 декабрь 2017г.
Багымдат
06:42
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:33
Куптан
18:48

Кореяга кыргыз элин татыктуу тааныткан Назбийке
Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Жеке архив / Жарыяланды: 20 апрель 2017

Билимдүү жаштар – өлкөнүн келечеги. Кыргыз элинин сыймыгы боло турчу дал ошондой билимдүү жана эмгекчил кыздардын бири - Назбийке Мейманкулова. Назбийке 18 жашта. Учурда ал Кореянын эң алдыңкы университеттеринин бири, Чонжу шаарында жайгашкан Чонбук мамлекеттик университетинин Эл аралык соода факультетинде билим алууда. Кореяга келгенине 2 айдан ашып калды. Назбийке окурмандарга Корея жана ал жактагы окуусу, бул өлкөдөгү ислам дининин орду тууралуу айтып берди.

- Ассаламу алейкум, Назбийке. Кореядагы эң мыкты университетте окуйт экенсиз. Бул жакка кантип тапшырып калдыңыз?

- Валейкум ассалам. Мен 8-класстан баштап корей тилин үйрөнүүгө кириштим. Баары корей кинолорун көрүүдөн башталган. Ошондо мен бул өлкөнүн тасмаларын оригиналында көрүүгө кызыгуум күч алды. Корей тилин үйрөтүүчү курска жазылып, 9-классымда “кийин сөзсүз Кореяга окууга тапшырам” деген максат койдум. Түштүк Корея билим берүү борборунда окуп жүрүп, ал борборго ыктыярчы болум. Кореялыктар Кыргызстанга келгенде аларга котормочу болуп, бир топ досторду таптым. Ошентип, көздөгөн максатыма жетип, бул жакка окууга келдим.

null
Кореялык досторум Кыргызстан, кыргыз эли тууралуу сурашып, кызыгышат. Аларга биздин жердин кооздугу, элибиздин меймандостугу тууралуу айтып бергенге аракет кылам

- Кореядагы окууңуз тууралуу айтып берсеңиз...

- Бул жакта окуу абдан кызыктуу. Келгениме 2 ай болсо да бир топ жерлерди кыдырууга жетиштим. Мен окуган университет - чоң студенттик шаарча. Университеттин факультеттери, китепкана, өзүнүн паркы, музейи, ооруканасы, эс алуучу жайлары бар, 2 саатта да толук кыдырып бүтө албайсың. Окуу жайдын өзүнүн ооруканасы биздеги мамлекеттик ооруканалардан алда канча чоң. Ал эми китепканасы өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Дем алышсыз, 24 саат бою иштеген китепканага каалаган учуруңда барууга мыкты шарттар түзүлгөн. Сабактардын расписаниесин өзүбүз түзөт экенбиз.

- Демек, билимге өзгөчө маани берилет экен да?

%article_title%

- Дал ошондой. Алгач Кореяга келгенимде баары электрондоштурулганына таң калдым. Жумуштарың абдан бат бүтөт экен. Интернет аркылуу китепканадан орун, өзүңө керектүү китепти брондоп коюуга болот. Анан китепкананын ичинде бир нече бөлмөлөр бар. Китеп окуй турчу гана бөлмө, китеп окуу менен бирге компьютер, ноутбук менен иштей турчу бөлмө өзүнчө. Анткени ноутбуктун клавишалары басылганда чыккан үн студенттерди алагды кылбаш үчүн өзунчө бөлүнгөн. Мындан тышкары группа менен иштей турчу бөлмө да өзүнчө. Ал жакта жазуу такталары, телевизор, колонкалар коюлган. Айтор майда деталдарга чейин ойлонуштурулганы так калтырды.

- Корея жаштары менен кыргызстандык жаштарынын ортосундагы айырмачылыкты байкай алдыңызбы?

- Баарыбир кыргызстандык жаштардын ой жүгүртүүсү жана дүйнө таанымы мага кененирээктей сезилди. Мисалы, биздин жаштар бир эле учурда 3-4 тилде сүйлөй алышы мүмкүн. Биз үчүн бул - нормалдуу эле көрүнүш. Ал эми менин байкоомдо кореялыктардан көп тил билгендер чанда учурайт. Жадагалса, англис тилин өздөштүрүүдө да кыйналышат экен. Анан корей жаштарынын көбү дин тутунушпайт.

null
Эгер сабактан теманын кайсы бир жерин түшүнбөй калсам, группалаштарым ошол жерин мага түшүндүрүп берүүнү өз милдеттериндей эле сезишет.

- Чет тилдери демекчи, өзүңүз канча тилде сүйлөй аласыз?

- Кыргыз, орус, корей жана англис тилдеринде сүйлөйм. Мындан тышкары, мусулман кызы катары Куранды оригиналында окуу үчүн араб тилин (тажвид) өздөштүрүүгө 2 ай курска баргам. Кореяга келгенимден бери үзгүлтүккө учурап калды. Бирок алдыда буюрса аны да сөзсүз улантам.

- Бул жактан мусулман динин кабыл алган корейлерди кезиктире алдыңызбы?

- Ооба. 4 корей мусулман кызы менен интернеттен таанышып, алардын бирөөсү менен жолуккам. Азыр ал Сеулдун борбордук мечитинде иштейт. Албетте корейлердин көбү дин тутунушпайт, тутунгандары католиктер же буддисттер. Ал эми корей мусулмандары болжол менен 30 000дей. Дагы бир байкаганым, корейлердин дегеле дин тууралуу маалыматтары өтө аз экен. “Ислам” менен “мусулман” деген сөздү эки башка түшүнүк деп ойлогондору да көп. “Аялдар жоолук салынса, анда эмнеге эркектер жылаң баш жүрүшөт?” деген суроолорду да беришет (күлүп).

- Анда ал жакта сиздин эмне үчүн жоолук салынганыңызды сурагандар да көп болсо керек?

- Ооба, андайларды өтө көп жолуктурдум. “Мен жоолук салынган кызды 1-жолу көрүшүм” деп айтып таң калгандары да болгон. Элдерден таң калуу, кызыгуу сезимдерин көп учураттым. Бирок корей эли - абдан жөнөкөй жана толеранттуу калк. Айтып берсең түшүнүп калышат, негативдүү мамилелерди дээрлик учуратканым жок.

- Өзүңүздүн кантип жоолук салынганыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

%article_title%

- Ислам динине кызыккандыктан окуп, изденип жүрдүм. 8-классты бүтөргө чукул жоолук ар бир аялзаты үчүн милдеттендирилген буйрук экенин түшүнүп, ушундай чечим кабыл алдым. 31 – май, ишемби күнү үйдөн жоолук салынып чыгып кеткеним эсимде. Анда мен 15те элем, көбү муну убактылуу көрүнүш, күн ысыса кайра чечип салат деп ойлоп жүрүштү. Бирок менин чечимим эч кандай оюн эмес экенин түшүнүшкөн соң ата-энем да, досторум да мага колдоо көрсөтүштү. Албетте, ата-энем “Азыр жашсың, кыйналып каласың, кийин турмушка чыкканда эле салын” деп айтышты, бирок менин артка кайтпасымды көрүшкөн соң түшүнүү менен мамиле жасашты.

- Ата-энеңиз “кыйналып каласың” деп айткандай, ыңгайсыз кырдаалга кабылган учурларыңыз болдубу?

- Албетте, болду. 9-класска көчүп, сентябрда адаттагыдай эле сабакка бардым. Мектептин кире беришинен кароолчулар мени ичке киргизбей коюшту. 2-күнү кайра бардым, анда да жолумду тороп туруп алышты. Ошентип, 5 күн бою директордун бөлмөсүндө отурдум. Директор мага “бул кыргыздын кийими эмес” деп, күн сайын узун сабак сөздөрүн айтат. Ичимден абдан жаман болдум. Ошентип, ата-энеме чалып, бул мектепте окугум келбегенин айтып, сабакка барбай койдум. Ошол кезде кокусунан “Мутаккалим” фондунун иш-чарасына катышып, алар менен сүйлөшүп, ичимдеги бугумду чыгарып, ыйлап жибердим. Алар Билим берүү министрлигине чалышып, мектеп директорунун уруксат беришин чечип беришти. Кийин сабакка барган соң, директор кайра мени чакырып алып, 9-классты бул жактан окусаң оку, андан кийин кайда барсаң ошол жакка бар деди. Жалпысынан жоолук маселесинин айынан 4 мектеп которуума туура келди.

- Ал эми Кореяда ушул сыяктуу кыйын кырдаалдарга кабылган жоксузбу?

null
Сеулдагы борбордук мечит

- Жок, бул жакта баары жакшы. Университетте таза, бардык шарттары менен намазкана бар. Каалаган учурда барып, намазымды окуйм. Мен жашаган үйдөн 15 минуттук аралыкта мечит бар, ал жакка да барып турам. Бул жакка жаңы келгенде Сеулдун борбордук мечитин көргөнү барып, “Кореяда дааватты кантип туура жүргүзүш керек?” деген лекцияга катыштым. Ошондой эле, бул жактан “Мусулман студенттеринин ассоцациясы”, “Корей мусулмандарынын ассоцациясы” менен тааныштым. Вотсап аркылуу байланышып, скайп аркылуу ар кандай темадагы сабактарды өтүп турабыз. Чогулуп, таанышып, бирге эс алып, ар кандай иш-чараларды уюштурушат. Айтор, бул жактагы мусулмандар абдан ынтымактуу. Университетте болсо чет өлкөлүк студенттерди абдан сыйлашат. Негизи корей жаштары спирт ичимдиктерин көп ичишет экен. Жаңы окуу башталганда студенттер бири-бири менен таанышуусу үчүн пикник уюштурулат. Бизге, чет өлкөлүктөргө, атайын спирт ичимдиктерисиз, өзүнчө меню, халал тамактар менен пикник уюштуруп беришкен.

- Буюрса, окууңузду аяктаган соң алдыга кандай максаттарды коюп жатасыз?

- Иншаллах, бул жакта дагы 4 жыл окуйм. Андан соң мекениме кайтып, билимимдин жетишинче Кыргызстандын келечегине салым кошсом дейм. Негизи Бириккен улуттар уюмунда экономика жана статистика тармагында иштегим келет.

- Тилегиңизге жетериңизге ишенебиз. Сиз сыяктуу билимге кызыккан, тырышчаак, өзүнүн позициясын коргой билген тайманбас кыздар көбөйө берсин.

1 / 5



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү