Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Айгерим эл аралык конференцияда 3-орунга татып, Иса Ахунбаевдин премиясын алды

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Жеке архив / Жарыяланды: 1 май 2017

Коомубузда: “Теология факультетинде окуган кыздар жоолук салынат”, “Жоолук салынсаң кийин иштей албай каласың”, “Билимсиз, күйөөсүнүн көзүн карап, үйдө отурган аялдар гана жоолук салынат” өңдүү стреотиптүү ой-пикирлер көп. Бирок мындай ой-пикирлердин жалган экендигин бүгүнкү каарманыбыз далилдеди. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Дарылоо факультетинин 2-курсунун студенти Айгерим Марлинова жакында эле аталган окуу жайда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда 3-орунга татып, академик Иса Ахунбаевдин премиясын алды.

%article_title%

Айгерим, КММАга тапшырган жоолук салынган кыздардын саны жылдан- жылга көбөйгөнүн, алардын көбү мыкты деген баага окушарын айтты. “Академиядагы ардак тактада 8 жоолукчан кыздын сүрөтү илинип турат”, - дейт Айгерим.

%article_title%

12-14-апрель күндөрү Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында медицина илимдеринин доктору, академик Мирсаид Миррахимовдун 90 жылдыгына карата студент жана жаш окумуштуулардын катышуусунда илимий-практикалык конференция өткөн. Бул иш-чарада 2-курстун студенти, 20 жаштагы Марлинова Айгерим 2 ай бою жүргүзгөн илимий изилдөөсүн тартуулады. Докладдарга баа берген калыстар тобу 2-курстун студенти азыртадан баштап эле илимий иштерге аралашып, олуттуу теманы тандап алганына таң калышып, Айгеримге ыраазычылыктарын билдиришкен. Япония, Казахстан өңдүү өлкөлөрдөн келген, жалпысынан 250 медицинанын өкүлдөрү катышкан конференция 13 секцияга бөлүнүп өткөн. Үй-бүлөлүк медицина секциясында жогорку курстагы студенттер жана жаш окумуштуулар менен таймашкан Айгерим 16 катышуучунун ичинен 1-орунду жеңип чыккан. Андан соң таймаш секция мыктыларынын ортосунда жүрүп, Айгерим анда 3-орунга татыган. 1-орунга Ординатуранын 2-курсунун студенти, 2-орунга Фармокология факультетинин 5-курсунун студенти ээ болгон.

Айгерим мектеп окуучуларынын психоактивдүү заттардан канчалык деңгээлде маалыматы бар экендигин изилдеп көргөн.

“Психоактивдүү заттардын жаштар арасында кеңири колдонулушу дүйнө жүзүн ойлондуруп жаткан маселеге айланды. Кыргызстанда мектеп окуучулары арасында психоактивдүү заттардын жайышы - өтө терс көрүнүш. Мен мусулман адам катары мындай көрүнүшкө кайдыгер карап тура албайм. Бул көйгөйдүн чечилишине өз салымымды кошкум келет”, - дейт Айгерим.

%article_title%

“Мектеп окуучулары психоактивдүү заттар, аларга байланышкан терминдер, маселен, “пятка”, “бульбулятор” деген сөздөрдү, бул заттарды пайдаланган өзүлөрү курактуу балдарды билишет экен. Бирок окуучулардын көпчүлүгү мындай заттар алардын ден соолугуна, психикасына кандай зыян тийгизери тууралуу дээрлик маалыматтары жок экен. Мен илимий изилдөөмдө анкета жүргүзүү ыкмасын колдонуп, 9-10-класстын окуучуларына, жалпысынан 200 окуучуга сурамжылоо жүргүздүм. Жаштар арасындагы “Наркотикти таланттуу адамдар эргүү алыш үчүн колдонот” деген стереотиптүү ой-пикир мени таң калтырды. Биз бул маселе менен күрөшүүбүз керек. Буюрса алдыда бул илимий ишимди мындан ары улантмакчымын”, - дейт Айгерим Марлинова.

Каарманыбыз доктур болуу анын бала кездеги кыялы экендигин айтып, “адамдарга жашоого үмүт берип, оорун жеңилдеткен - эң жагымдуу сезимдердин бири болсо керек”, - дейт.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 январь 2022г.
Багымдат
06:48
Күндүн чыгуу
08:28
Бешим
13:12
Аср
16:15
Шам
18:02
Куптан
19:17
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов