Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Мусулман табышкерлердин катарын толуктаган Дастанбек

Автору: "Умма" журналы / Сүрѳттѳр: Жеке архив / Жарыяланды: 8 май 2017

null
Дастанбектин баткендик темир роботу

Канчалаган мусулман окумуштуулар дүйнөгө жаңы ачылыштарды белек кылышты. Медицина, математика, астрономия, физика, химия, география, биология, дээрлик бардык тармакта алар тарыхка өз ысымдарын жазып кетишти. Маселен, Ибн Синанын (Авиценна) «Китаб ал-Канун фи-т-тибб» китеби ислам дүйнөсүндө эле эмес, а бүткүл Европада медицинанын пайдубалы болсо, Аль-Жазаринин «Китабул-Хиял» эмгеги кибернетиканын негиздерине жол салган. Орто кылымдардын үлкөн окумуштууларынын бири, математик Аль-Хорезминин «Аль-Джабр вал-Мугабиле» китеби кийин батыш окумуштууларынын тыбыштарды өзгөртүп айтышынан улам алгебра деп айтылып калганын уктуңуз беле? Бул тизмени уланта берсе бүтпөйт. Ал эми бүгүн биз сиздерди мына ушул улуу мусулман окумуштуулардын жолун улаган 22 жаштагы Дастанбек Абдрахманов аттуу жигит менен тааныштыргыбыз келет.

Дастанбек Абдрахманов учурда 22 жашта, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Машина куруу факультетинде билим алат. Ислам баалуулуктарын туу туткан каарманыбыз келечекте илимий ачылыштарды жасасам дейт.

Дастан бала чагынан эле техникага өтө жакын болуп, радио, телевизорлорду өз алдынча оңдой алчу. 10-классында колдо башкарылган робот жасап чыккан. Тетиктерин кадимки машине, антенна сыяктуу колунда бар техникалардан курап отуруп, 3 айдын ичинде жасап, ага “Баткендик темир робот” деген ат койгон. Дастанбектин роботу пульт менен ары-бери кыймылдап, дабыш чыгаруу жөндөмдүүлүгүнө ээ эле. Кийин Дастанбек роботуна “үй тазалоо” функциясын да кошкусу келип, бирок тетиктердин жоктугунан бул ишин аягына чыгара алган эмес.

null
Аллахтын аты түшүрүлгөн сувенирлерди жасоого Дастанбекти жубайы шыктандырган

Андан соң жаш окумуштуу 1-курста “Электр энергиясын эч нерсенин жардамысыз абадан иштеп чыгаруу” долбоорунун үстүнөн иштеп, аны азыркыга чейин улантууда. Ал физикадагы “Жоктон бар болбойт” деген мыйзамга каршы чыгып, келечекте бул жаатта ачылыш жасагысы келет.

Ал эми мындан 1 жыл мурун Дастанбек улуттук колориттеги 13 кишилик моторлуу кайык да жасап көргөн. Дастанбектин, мындан тышкары, сүрөт тартуу, ар кандай макеттерди жасоо өңдүү таланттары бар. Ал кыялындагы 3 кабаттуу кеменин макетин жасап, аны келечекте жүзөгө ашыргысы келет.

Жаш ойлоп табуучу жакын арада мекендештеринин патриоттук сезимин көтөрүү жана өзүнүн Кыргызстанга болгон сүйүүсүн чагылдыруу максатында жалаң жыгачтан турган чоң форматтагы желек жасоону пландоодо.

“Желегибиз желбиреп, баа жеткис эркин мамлекетте жашап жатабыз. Ушул желегибиз көктө желбирегени үчүн баарыбыз сыймыктана алабыз”, - дейт ал.

Муну менен эле токтоп калбай, Дастанбек кол өнөрчүлүккө да кызыккандыктан жакындан бери Аллахтын ысымы түшүрүлгөн сувенирлерди жасоо ишин баштаган.

“Улуу Жаратуучунун, Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) ысымы түшүрүлгөн сувенир, сүрөттөрдү жасоону баштадым. Өзүм ислам дининин эрежелери менен жашоого аракет кылам. Диндин жашоого тийгизген таасири абдан чоң. Күнөөлөрдөн сактайт. Эки дүйнө бактылуулугун тартуулайт”, - дейт маектешибиз.
Дастанбек ар бир мусулманга керек күн тартиби, намаз убактыларын чагылдырган өз календарын да иштеп чыккан. Жакын арада аларды масштабдуу түрдө таратсам деген оюу бар.

Илим-билимге кызыккан, эмгекчил мекендешибизге ден соолук жана ийгилик каалайбыз!

1 / 10



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
17 ноябрь 2019г.
Багымдат
06:17
Күндүн чыгуу
07:56
Бешим
12:46
Аср
15:55
Шам
17:42
Куптан
18:57
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов