Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Орозо айт намазы 25-июнь, саат 6да эски аянтта окулат. Орозо айтта дагы эмне кылуу керек?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 23 июнь 2017

25 – июнь, жекшемби күнү Орозо айт күнү болуп белгиленди. Ал эми Орозо айт намазы эски аянтта саат 6.00до башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Саат 7.30га чейин кыска баян жана куттуктоо сөздөрү айтылса, 7.30дан баштап намаз окулат.

Орозо айт мусулмандардын эң чоң 2 майрамынын бири. Мусулмандар бул майрамды алдын-ала даярданып күтүшөт.

Орозо айтта эмне кылуу керек?

1 - Орозо айтка чейин чейин сөзсүз түрдө фитр-садаканы берип, кутулуу керек.

null

2 - Орозо айтка чейин денени толугу менен жууп, гусл алуу зарыл.

null

3 - Орозо айт майрамдык намазды окуу менен башталат. Жамаат менен окула турчу орозо айт намазына катышуу эркектер үчүн - фарз.

null

4 - Айт намазга сүннөт боюнча бир жол менен барып, башка жол менен келген жакшы.

null

5 - Бул күнү чоң майрам болгондуктан эң жакшы кийимдерди кийүү керек.

null

6 - Бири-бирине белек берсе болот. Пайгамбарыбыздын "Бири-бириңерге белек бергиле, сүйүүңөр артсын" деген хадисине амал кылалы.

null

7 - Дасторконго эң жакшы даамдарды коюп, бири-бириникине конокко барган жакшы.

null

8 - Адатта кыргыз элинде айт майрамдарында сөзсүз түрдө боорсок даярдалат.

null

9 - Көптөн бери катташпай жүргөн дос-туугандардын амандыгын сурап, ооруп жаткан адамды зыярат кылуу керек.

null

10- 30 күн бою орозо кармап, организмди, акыл-эсти тазалап, напсини башкарып алган соң ушундай темп менен 1 жыл бою кийинки Рамазан айына чейин аман-эсен жеткирүүнү Аллахтан көп-көп сурап, дуба кылуу зарыл.

null



Намаз убактылары
20 апрель 2024г.
Багымдат
4:28
Күндүн чыгуу
6:13
Бешим
13:01
Аср
17:48
Шам
19:53
Куптан
21:09
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов