Биригүү. Агартуу. Жаратуу.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)
Намаз убактылары
19 ноябрь 2017г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов


Абдурахим Байматов: Миллиард өмүрдү сактоого бел байлаган жашоо
Автору: Азат Аманов / Жарыяланды: 1 ноябрь 2017

Ырайымдуу жана Кечиримдүү Аллахтын аты менен!

Кумдай куюлган мезгил агымында, адамдар Кудайды таанып-билүүгө далалат кылып келишет. Бул жараян бүгүнкү күнгө чейин уланып, бири философиялык, экинчиси илимий ыкма менен, алдыга койгон максаттарына жол алып келишет. Улам жаңы тарыхый доор келген сайын, жаңы окуулар жаралып, анын артынан, жолун жолдоочулар чыйырын улап, өз кезегинде, мурдагы окуулар менен талаш-тартыш болгон учурлар аз эмес. Чынын айтканда, адамзаттын тарыхындагы улуу талаш – бул ислам менен христианчылыктын ортосунда жүрүп келе жатат. Көп жагынан окшоштугуна карабастан, ислам менен христиан диндеринин ортосунда, идеологиялык жактан шайкеш келбестиктер болуп, анын натыйжасында, кыл чайнашып, кырчылдашкан согуштар тарых барактарынан орун алган. Өзгөчө орто кылымдагы кан күйгөн согуш, анын ачык мисалы. Мындай көрүнүштүн орун алып жатышы, мурда бир да динде байкалбаган, жогорку ылдамдыкта өнүгүп жаткан, ислам дини болуп саналат. Анын өнүгүшү, христианчылыктын идеологиялык негизин талкалап, мунун натыйжасында, христиандар коому, идеологиялык жактан туруштук берүү үчүн, жаңы эмгектерди иштеп чыгууга аргасыз. Күрөш интеллектуалдык мүнөзгө өтүп, бул тармакта, исламдын көрүнүктүү аалымдарынын плеядасын пайда кылды.

null

Мындай жаркын инсандардын бири, биздин мекендешибиз жана замандашыбыз, Абдурахим Байматов. Ал өзүнүн гениалдуулугу менен айырмаланып, көрүнүктүү ачылыштарды жасай алды.

Өзүнүн илимий- изилдөө иштери эле эмес, таңгалычтуу жашоо образы менен да, коомчулукту таңдандырган адам. Абдурахим Байматовдун өмүр жолу, ар бирибиз үчүн үлгү. Анткени, анын жашоосунан, чыныгы ишенимди, илимий ишмердүүлүккө берилгендикти көрүп, анын өмүр жолу – баардык адамзаттын жакшылыгы үчүн өзүн курмандыкка чалган, анык такыбалыктын мисалы экенин көрөбүз. Абдурахим Байматов, курчап турган чөйрөнү, жон териси менен сезе билип, талаш маселе жаралган учурда, каршылаштарына далилдүү фактылар менен сүйлөө ыгына ээ эле. Тилекке каршы, анын тирүү кезинде, көзмө-көз жолугуп, баарлаша алган жокмун. Бирок, анын өмүрлүк жары менен жолугууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Байматов Абдурахим Ахмажанович, согуштан кийин, Ишановдордун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген (бул тукумдун теги, арабдарга барып такалат). Абдурахимдин атасы, бала курагында, 30-жылдардагы репрессиянын куугунтугуна кабылып, үй-бүлөсү, Түркстандан, Кыргызстандын Жалал-Абад шаарына ооп келишкен. Байматовдун атасы, Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кайтып келгенден кийин, турмуш куруп, 1950-жылы Абдурахим жарык дүйнөгө келген. Жаш үй-бүлө чарбачылык иштерин жүргүзүп, жетиштүү турмушта жашашып, уулу жакшы билим алган. Абдурахим, орус тилдүү бала бакчада тарбияланып, ору мектепти аяктаган. Бул, анын жашоодогу багытын аныктоодо чечүүчү ролду ойногон. Ал өзүндөгү, таанып-билүүгө жана китеп окууга болгон каалоону ачкан. Колуна кайсы китеп тийбесин, мейли адабий чыгарма болсун, мейли илимий эмгекпи, талбастан окуган. Өзүн агартуу аракети менен эле токтоп калбастан, чыныгы сергек жашоо мүнөзүн калыптандырган. Спорттун оор атлетика түрү менен машыгып, өз убагында, ага кылмыштуу топко мүчө болуу сунушу да түшкөн. Бирок, бул учурда Байматов андай адамдардын теңи эмес эле. Мындай сейрек учуроочу адам, йога менен да машыгып, тамакты чектеп, кээде таптакыр наар алчу эмес.

1978-жылы, Радиомеханикалык техникумду аяктап, телемастер кызматын аркалап жаткан учурда да, билим алуудан талбай, көптөгөн китептерди окуган. Бирок, атеисттик коомдо жашап жаткандыгына байланыштуу, диний китептерге жеткиликтүүлүк сейрек эле. «Диний маалыматтын» жалгыз булагы, атасы эле, ал Аллахтын бар экенин айтып, динге, исламга чакырган. Бирок, Абдурахим Байматов, илимий ыкты туу туткан адам болгондуктан, өзүнүн ишеними, илимий талдоонун негизинде далилденмейинче, диний жөрөлгөлөрдү иш жүзүндө аткарып, өзүн толук кандуу дин тутуучу адам катары эсептеген эмес.

Кудайды таанууга болгон аракет, ар бир адамдын жүрөгүндө жашайт. Адам, кудай тарабынан, Ага табынуу үчүн жаратылган. Ал, Исаак Ньютондун эмгектерин илимий талдоого алып, ой жүгүрткөндөн кийин, Кудайга болгон ишеними артып, анын дининин бекемделишине шарт түзгөн. Ал жашоонун, дүйнөнүн жана адам баласынын дүйнөгө жаралышынын маани-маңызына терең ой жүгүрткөн. Куранды изилдеп көрүүнү чечкен Байматов, Ыйык Китептин орусча котормосун таппай коет да, Жалал-Абад чиркөөсүнөн табылып клат. Диндин маселелерин терең түшүнүү үчүн, Куранды жана араб тилин окуп, үйрөнүп чыгат. Мына ушул көз ирмемден тартып, анын өмүрү, жашоосу түп тамырынан өзгөрүп, ошол жерден башталган илимий ишмердүүлүгү, өмүрүнүн акырына чейин уланат.

Абдурахим Байматов эки динди терең изилдөөгө баш коюп, аларды салыштырмалуу менен алектенет да, таңгалаарлык ачылыштарды жасайт. Мына ушул жерден аны жашоосу 180 градуска өзгөрөт. Ал такыбалык жашоо образын жүргүзүп, тамактанбастан, уйку бетин көрбөйт. Убактысынын баарын, Куранды жатка үйрөнүүгө, анын маани-маңызын чечмелөөгө арнап, түнүнүн бир бөлүгүн намаз окууга, ибадат кылууга жумшайт. Абдурахим өз үй-бүлөсүн исламга үгүттөп: «Эй тозоктун отундары, жүрө бересиңерби? Кыяматты ойлобойсуңарбы? Намаз окугула, намазды көтөрбөйсүңөрбү, исламды көтөрбөйбүз, мешти отуруп көтөрөсүңөр го?». Бул жашоодо аны, байлык, атак-даңк, бийлик кызыктырбайт. Ал «биздин замандын такыбасы» болуп, жогорку ой-максат, тилек менен дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүүгө далалат кылат. Анын жүрүм турумунан, кылган ишинен, жөнөкөйлүктүн анык мисалын көрсөк болот. Илимий чөйрөдө жогорку атак-даңкка жеткендигине карабастан, ал дайыма жаштардын, студенттердин арасында жүрчү. Алардын бири мындай дейт: «Мен аны менен бирге, дайыма бир мечитке барчымын. Жума намаздан чыккандан кийин, мага самсы сатып берип, экөөбүз түштөнөөр элек».

Илимий ишмердүүлүгүндөгү негизги жетишкендиги, инжилдеги текстерден, исламдын аныктыгын ачып көрсөтүп, далилдей алгандыгы. Тооратты жана Инжилди илимий талкуудан өткөрүп, Мухамаддын пайгамбарлыгын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) Эски жана Жаңы осуяттардан таап чыккан. Анын «Улуу библия сырлары» деген аталыштагы алгачкы китеби, 1997-жылы 30 миңдик нуска менен жарыкка чыгып, КМШ өлкөлөрүнө тез эле тарап кеткен. Өзүнүн кайталангыс стили, ошол эле учурда, жеткиликтүү сөздөр менен жазылган китеби, адамдарды сүңгүп окууга мажбурлап, анын келтирген далилдери, окурмандарды таң калтырып, Библия, Курандын аныктыгын көрсөткөн китеп экендигине көздөрү жеткен.

2000-жылы, анын «Акыркы крест жүрүшү жана Түндүктүн Ээлеринин өлүмү» эмгеги жарыкка чыгып, КРнын диний башкармалыгы тарабынан жогору бааланып, Ислам университетинин ректору – улуу урматтуу Назарбеков Ильязбек Максүтовичтен рецензия алган. Анын китептери, көптөгөн өлкөлөрдө жылуу кабыл алынып, ыраазычылык каттар, Москвадагы академиктерден, Тажикстандын катардагы жоокерлеринен, Башкыртстандын, Казахстандын жана Араб Эмираттарынын диний өкүлчүлүктөрүнөн келген. Аны менен бирге, өз тилдерине которуу сунушу да түшкөн. Анын эмгектерин, БУУнун алдындагы Эл аралык академиянын мүчөсү, Орусиянын табигый илимдер академиясынын академиги, Валерия Порохова жогору баалаган. 2004-жылы, «Миллиарддарды сактоо» аттуу сенсациялык эмгегинин, Казахстандын эл аралык мусулмандар университетиндеги бет ачарында, «Руханият» университетинин ректору, профессор М.Мынбаев, ага ардактуу профессор наамын ыйгарган. Ал эми, 2006-жылы «Библия – Исламдын алтын китеби» жарыкка чыккан. Анын китептери боюнча, Орусиянын көпчүлүк субъектилеринде талкуулар өтүп, өзү Кыргызстанды түрө кыдырып, башка динге өтө качкандарды, исламга кайтып келүүгө чакырган. Диссертациясынын үстүндө тынымсыз иштеп, эмгектерин Москвага жөнөтүп турган. Ал муну менен материалдык колдоо таап, өз пландарын ишке ашырууну көздөгөн.

Өз китептерин он миңдеген нускада чыгарып, андан түшкөн каражатка он кинотасма тартууну пландаган. Көп жактарга өтүнүч менен кайрылып, бирок тыңгылыктуу жооп ала алган эмес. Ошентип, кыялданган тилеги ишке ашпай калган. Ишке ашпай калган пландарына ичи ачышкан, Байматов, такыбалык жашоого мүнөзүнө өтүп, табити жоголуп, күн-түн дебей жаңы эмгектердин үстүндө иштеп, толугу менен илимий ишмердүүлүккө сүңгүп кирген. Анын натыйжасында, организми алсызданып, 2011-жылы, элибиз көрүнүктүү уулунан, биздин замандын баатырынан ажырап калган.

Ал чын дилинен адамдардын жан дүйнөсүнө тынчсызданып, жалган ишенмдердин жана түркөйлүктүн караңгылыгында адашып жүргөндөрдү сактоо, анын милдети деп кабыл алып, өзүнө жоопкерчилик алган. Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) хадиси эске түшөт: «Силер, жарыкты көздөй учкан жетим көпөлөк сымалсыңар, мен болсо, аларды жалындан кубалаган адамдаймын. Мен силерди, куруңардан тартып, оттон коргогум келет. Бирок, силер ойлонбостон, жетим көпөлөк сымал отко барасыңар» (Бухари, Муслим). Ал, анын эмгектери ар бир адамга жетип, аларды сактап калат деп эсептеген. Бул тууралуу, Орусиянын табигый илимдер академиясынын академиги, профессор Валерия Порохова белгилейт:

«А.А.Байматовдун “Миллиарддарды сактоо” китеби, “Библиядагы ислам” изилдөөлөрүндөй эле, абдан маанилүү жана актуалдуу болуп саналат. Китепте, ислам тууралуу библиялык пайгамбарлыктын тутумдуу талдоосу жүргүзүлүп, атактуу мусулман библия изилдөөчүлөр, Бенжамин Кельдани, Ахмад Дидад сыяктуу окумуштуулардын эмгегигинин уландысы жана өнүгүүсү десем жаңылышпайм. Көтөрүлгөн маселелер, биздин күндөрдөгү окуялар менен терең чырмалышып, китептин маани-маңызын ого бетер артырат. Инша Аллах, бул илимий эмгектин бутуна туруусуна жардам берип, дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнө жеткирүү зарыл. Ал мусулмандарга жана мусулман эместерге да жардам берет. Мындан тышкары, башка диндегилерди ислам динин кабыл алууга багыттап, Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) акыркы күндөр тууралуу айтканын далилдейт».

Байматовдун эмгектери, өзгөчө стилге жана мүнөзгө ээ. Алар, илимий ыктын, далилдөөнүн тактыгы менен айырмаланат. Бул тууралуу, «Руханият» ислам университетинин ректору, профессор М.Мынбаева таасын белгилейт.

«Ар бир дин туткан мусулман, Аллах адамдарга 124000 элчини жана пайгамбарды жибергенине ишенет. Алар, Адам (ага тынчтык болсун!), Ной (ага тынчтык болсун!), Ибрахим (ага тынчтык болсун!), Муса (ага тынчтык болсун!), Иса (ага тынчтык болсун!) жана акыркы пайгамбар Мухаммад (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун!) (Ибн Кассирден хадис, берген Ибн Мордовия). Мусулман, Кудуреттүү Аллах Мусага Тооратты, Давидге Забурду, Исага Инжилди жана Мухаммадга (с.а.в.) Куранды жибергенине күбө өтө алат. Ошондуктан, мусулмандар, христиандар менен яхудейлерге Асман Жазууларынын ээси катары кайрылат. Тилекке каршы, христиандар менен иудейлер, Кудуретүү Аллахтын акыркы ачылуусу Куранга жана Мухаммад Аллахтын акыркы пайгамбары экенине ишенишпейт. Өздөрүнүн ишенбестигин, Библияда, Куран жана Мухаммад тууралуу эч нерсе айтыбагандыгы менен түшүндүрүшөт. Ушуга байланыштуу, А.Байматовдун “Миллиарддарды сактоо” китеби, дин аралык мамилени чыңдоого, христиандар менен мусулмандардын, жүүттөрдүн ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө багытталып, Казахстанда жана дүйнөдө тынчтыктын орношуна эбегейсиз зор салым кошот. Автор, Библиядан, акыркы пайгамбар Мухаммад (с.а.в.) тууралуу, ага Ыйык Курандын түшүрүлүшү жөнүндө, исламдын бүткүл дүйнөдө жеңишке жетише тургандыгы тууралуу кадиксиз далилдерди келтирген. Жалпы жолунан алганда, А.Байматов, Библияда мусулмандар жана ислам тууралуу айтылган 200 аргументти келтирген. Жада калса, Бадрдагы салгылаш да, Библияда баяндалган. Китеп, эки диндин ортосундагы ымала начарлап турган кезде абдан зарыл. Бул китепти миллиондогон нускада чыгарса, миллиондогон христиандарды көп кудайга сыйынуудан сактап, алардын Бир Кудайга-Кудуреттүү Аллахка баш ийүүсүнө алып келет».

Бул адам арабызда жок болгону менен, өзүнүн чынчылдыгына, эрктүүлүгүнө сугарылган эмгектери бизге мураска калды. Али, Кумайл ибн Зийадга айтты:«Билим акчадан кымбат. Сен акчаны кайтарсаң, ал эми билим сени кайтарат… Акча сактагандар, тирүүнүн өлүгү, билимдүүлөр убакыт жашап турганда, ар дайым тирүү...». А.Байматов: «Аалымдын калеми, миң шахиддин канынан жакшы».

Абдурахим Байматовдун бизге калтырган мурасы, коом үчүн өтө маанилүү. Анын эмгектеринин маани-маңызы күн сайын жогорулайт. Ошондуктан, анын илимий эмгектери таратылууга муктаж.

Аллах, Анын динине берилген, моюн сунган кулунан, биздин замандын такыбасы жана баатыры Байматов Абдурахимден ыраазы болсун.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү