Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

“Марва” биринчи диний телестудиясына 15 жыл толду

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 28 ноябрь 2017

Калкыбызга руханий азык берген “Марва” диний телестудиясынын медиа тармагында эмгектенип келе жатканына 15 жыл толду. 2003-жылы 20-январда аталган телестудия мамлекеттик каттоодон өтүп, өз ишмердүлүгүн баштаган. Бул убакыт аралыгында ал кыргыз элинин улуттук баалуулук, маданият, каада-салтын жана ислам баалуулуктарын даңазалап келүүдө. Телестудиянын түптөөчүлөрү- Өзбек ажы Чотонов жана Мыктыбек ажы Арстанбек.

null

Башында “Марва” телестудиясында катардагы журналист катары эмгектенип, ал эми ушул жылдын январь айынан баштап жетекчиликке келген Улукбек Карыбек уулу буларды айтты:

“Телестудия, исламдын баалуулуктары бурмаланып, “терроризм”, “экстремизм”, “жапайычылык”, “илгерки заман” деген түшүнүктөр менен чыгылдырылып жаткан учурда маалыматтык альтернативанын ролун ойноду. Биз ислам дининин нукура табиятын көрсөтүүгө аракеттендик. Мындан тышары, кыргыз элинин өзүнүн тили, дили, динине туура келген телематериалдар чагылдырылды”, - деди.

null

Марва телестудиясы 15 жылдыгына карата жаңылыктар, таңкы берүү редакцияларын ачты. Ошондой эле, диний, социалдык, саясий жана маданий багытты камтыган да редакциялар бар.

Белгилей кетсек, “Марва” телестудиясы 13 жыл “Манас жаңырыгы телевидениесинде, ал эми учурда “Аян” каналы менен биргеликте иш алып барууда. Улукбек Карыбек уулунун айтымында, “Марва” студиясы башка компаниялар, облусттардагы телеканалдар менен да иштешүүгө аракеттенүүдө.



Намаз убактылары
29 март 2024г.
Багымдат
5:13
Күндүн чыгуу
6:50
Бешим
13:07
Аср
17:32
Шам
19:28
Куптан
20:43
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов