Чай Quiz - алгачкы мусулман интеллектуалдык долбоорунун 4-оюну 12-январда өтөт. Аталган оюнга каттоо уланууда. Уюштуруучулардын айтымында, дагы 10 командага орун бар.
Эреже боюнча, бир командада 2 адамдан 6 адамга чейин оюнчу болушу керек. Каттоо үчүн ар бир командадан 800 сом өлчөмүндө каражат алынат.
Эскерте кетсек, “Чай Quiz – билим агымында” ураанын карманган долбоордун 2-оюну "Парк Отель" мейманканасында, 20 команданын ортосундагы кызуу атаандаштыкта өткөн. 8 ар башка категориядагы 80 суроого Медакадемиянын студенттеринен куралган "Беладонна" командасы мыкты жооп берип, 1-орунду алышкан.
Аталган интеллектуалдык долбоордун уюштуруучуларынын бири Алтынбек Мырзакаримдин айтымында, оюнга катышууну каалагандардын саны уламдан-улам көбөйүүдө.
Чай Quiz оюнуна катышууга жаш курак боюнча чектөө коюлган эмес. Бирок командалардын көбү жаштардан куралганын байкоого болот.
Аталган интеллектуалдык оюнда Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өмүр баяны, сахабалар, тарых, география, кино, медицина, логика, өлкөлөр сыяктуу багыттар боюнча суроолор берилет.