Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Islam House каналы ислам тууралуу эң татаал суроолорго жооп берет

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 26 декабрь 2017

Көптөрү ислам жөнүндө туура, ишеничтүү маалыматты алууга мүмкүн болгон YouTube каналын сунуштоону сурашат. Биздин эми жакшы жаңылыгыбыз бар. Анкени эми биз сиздерге ислам тууралуу эң актуалдуу жана кызыктуу маалыматтарды таба ала турчу Islam House каналын сунуштай алабыз. Канал ислам аалымы, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр ажы Маликовдун эмгектерине таянат.

null

Жаңы ачылган каналдан “Ислам тууралуу маектер”, “Маалыматтык коопсуздук”, “Окумуштуулар талкуулашат” жана “Актуалдуу суроо” көрсөтүүлөрүнүн циклы орун алмакчы.

Islam House - уникалдуу канал. Сиздер бул жерден жаштарга насыят гана эмес, үй-бүлөнү бекемдөөчү шариаттын инструменттери, бүгүнкү күндүн көйгөйлөрү, маселен, Палестина, эл аралык байланыштар, геосаясат сыяктуу маалыматтарды таба аласыздар. Кыргызстандагы актуалдуу маселелер жана аларга исламдын көз карашы менен кароо маселелери көтөрүлөт”, - дейт Кадыр ажы Маликовдун жардамчысы, каналдын модератору Алтынбек Мырзакарим.

Модераторлордун айтымында, канал Кадыр Маликовдун, жана ошондой эле, түрдүү профилдеги башка окумуштуу жана эксперттердин эмгектерине таянат. Аталган канал заманбап дүйнөнүн шарттары жана чакырыктарын эске алуу менен диний агартууну жүргүзүү, калкты сапаттуу маалымат менен камсыздоону көздөйт.

null

Islam House каналында колдонуучулардын назарына 4 видео сунушталды.

Алгачкы видеодо Кадыр Маликов исламдагы негизги 5 приоритеттер жөнүндө айтып берет: диндин (идеологиянын) кол тийбестиги жана коопсуздугу, жеке адамдын (адам жашоосунун) кол тийбестиги жана коопсуздугу, акыл-эстин коопсуздугу (наркотик жана спирт ичимдиктеринен көз каранды болбоо), жаштардын коопсуздугу жана жеке мүлктүн кол тийбестиги. Бул нерселерди ал деталдуу түрдө ачыктап берет.

Экинчи видеодо Кадыр Маликов АКШ, Сауд Аравиясы жана Израилдин ортосундагы стратегиялык кызматташтык тууралуу “Интегра” дискуссиялык клубунда сүйлөгөн сөзүн угууга болот.

Ал эми 3-видеодо белгилүү саясий ишмер Таалатбек Масадыков сирия согушунун чыныгы себептерин айтып берет.

Бир видеонун узактыгы орточо 3-5 мүнөттү түзөт. Канал маанилүү маселелерди жеткиликтүү жана жөнөкөй формада жеткиргенге аракет кылат.

Islam House учурда жүздөн ашуун көрөрмандарын топтогонго жетишти.Биз анын колдонуучулары күндөн-күнгө өсөрүнө ишенебиз. Анкени аталган канал - эң татаал суроолорго жооп бергенге аракет кылган бирден-бир булак.



Намаз убактылары
13 сентябрь 2024г.
Багымдат
5:02
Күндүн чыгуу
6:39
Бешим
12:57
Аср
17:24
Шам
19:19
Куптан
20:53
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов