Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Болгон окуя: жоголгон ыйман

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 17 январь 2018

Бул чыныгы болгон окуя – ар бир адамга ибарат, үлгү. Окуяны Америкадагы мечиттердин биринде хутба айткан имам баяндайт.

Америкада жума хутбасын өткөрүп жатып, хутба жана намаздан кийин жаныма бир мусулман бир тууганым келди. Анын турпаты күнөөлүү адамдай, мага көөдөнүндөгү нерсени айтып берип жаткысы келгендей туюлду.

Жаныма келип, “Сиздин бүгүнкү хутбаңыз менин жүрөгүмдү тилип өттү” деди. Хутбада мен Хадижа менен Абу Талибдин өлүмү тууралуу баяндаган элем.

Бул баяндын сага кандай тиешеси бар? Айтып берчи, бир тууганым!”-дедим мен.

Ал ошентип башынан өткөн окуяны четинен баяндап кирди.

“Мен бүгүн толук бир жылдан кийин алгач ирет башымды саждага коюп, намаз окудум. Өзүм мусулман үй-бүлөсүндө төрөлүп, динге бекем болсом да, 1 жыл намазды таштап койгон элем. Ошентип, бүгүн ушунча узак убакыттан кийин кайрадан намаз окуп олтурам”, -деди.

Мен таң калып, мындай кылышына эмне себеп болгонун сурадым.

“Мындан 1 жыл мурун жашоом кинодогудай эле. Менин эч нерседен муктаждыгым жок болчу. Дүйнөдөгү эң бактылуу адам элем. Адамдар максат коюп, 5,10 жылга түрдүү пландарды түзүшөт. Эгер ошого жараша кыймылдасак, ойлогон ойлор акырындык менен ишке аша баштайт. Менин жашоом дал ушундай болгон. Жашым 30 да. Медициналык колледжди аяктагам. Бир убакта 2 жерде иштедим. Бул убакта кыялымдагы кызды, бүткүл жашоомдун сүйүүсүн таптым. Үйлөндүм. Мөлтүрөгөн 2 балалуу болдук. Суткасына 16 саат иштеп, ординатураны бүтүрдүм. Анда биз анча жакшы эмес райондогу кичинекей квартирада турчубуз. Бат-бат эле бузула берген жаман машинабыз бар эле. Жылдан жылга жашоонун кыйынчылыктары менен күрөшүп, жакшы жашоодон үмүтүбүздү үзгөн жокбуз. Ошентип, ординатураны да аяктадым. Мага клиника, оорукана, ар кандай уюмдардан жакшы сунуштар келип жатты. Маянасы чоң өтө жакшы сунуштар. Иштерибиз удаа-удаа жакшы жүрүшүп баштады.

Убакыт келип, жакшы райондон чоң үй караштыра баштадык. Автосалонго өзүбүзгө жаккан машинаны караштырганга да барып калдык. Баары сонун эле.

Ошондой күндөрдүн биринде жумуштан үйгө адаттагыдан эртерээк келдим. Үйгө кирип, үй бүлөмө “Ассаламу алейкум” деп салам бердим. Саламыма эч ким жооп бербеди. Бул убакытта адатта аялым балдарды түшкү уйкуга жаткырып, өзү да уктачу. Мен аларды уктай турушсун, ойготпой эле коеюн деп ойлодум.

Барып тамак жеп, китеп окуп, почтама келген каттарга жооп бердим. Бир аз убакыттан кийин аркы бөлмөдөн балдарымдын ыйлап жатканын уктум. Кичинекейим ыйлап, улуусу бир нерселерди айтып жатты. Балдар ойгонгон экен, эми алар менен убактымды өткөрөйүн деп сүйүндүм. Бөлмөгө кирип барсам балдарым апасынын жанында турушат. А жубайым, эмнегедир, үн катпастан кыймылсыз жатат. Жанына чуркап келип карасам, анын жаны жок. Жан бергенине 1 сааттан ашыптыр. Денеси муздак.

Бул үрөй учурган абал ошол замат жашоомду талкалады. Жашоомдун сүйүүсүн жоготтум. Балдарым апасынан ажырашты. Мен сүйүүмдү, таянычымды эле эмес, аны менен кошо ишенимимди, ыйманымды да жоготуп алдым. Мындан кийинки 24 саат тумандагыдай эле өттү. Жаназа. Өлүктү коюу. Мунун баары өтүп жатты. А мен далбастап эч нерсени түшүнбөйм. Эмне болуп жатат? Өңүмбү, же түшүмбү?

Жубайымды жерге берип келдик. Мен үйгө келдим да, бөлмөмдү ичинен илип алып отурдум. Бөлмөдөн бир нече күн бою чыккан жокмун. Жарыктарды өчүрүп салып, дубалды тиктеп жата бердим. Бул күндөрү балдарымды бир да жолу кучактабадым. Алар апам менен байкемдин колунда калышкан. Бир нече күндөн кийин эптеп төшөгүмдөн туруп, балдарымды колума алып, жумушка чыгууга аракеттендим. Балдарым менин мээримиме муктаж экенин түшүндүм. Бул убакытта апам менен байкем мага чоң колдоо көрсөтүштү. Акырындап жашоомду ирээтке келтирүүгө бүткүл күчүмдү жумшап жаттым. Жумушка чыктым, балдарыма бир күндүк тартипти түзүп бердим. Баарын түздөгөнгө, мурунку калыпка салганга аракеттендим. Бирок бир нерсе түздөлбөгөн, тургузулбаган бойдон калды. Ал - ыйманым кетти, ишеничим сынды. Мен ибадат кылбай, чекемди саждага тийгизбей калдым.

Бул убакытта байкем мага күн сайын “намаз окушуң керек, бул сага керек, бул сага керек” деп жатты. Бирок мен каршылык көрсөтүп, анын айткандарын четке кактым.

Бүгүн эртең менен байкем үйгө келип, мен сенин бүгүн “жок” дешиңди кабыл албайм. “Апам балдарды карап турат. Экөөбүз мечитке барабыз. Сен жума намазына барасың, Аллахтын алдында башыңды ийип, сажда кыласың, “Аллаху акбар” дейсиң. Анан сенин жүрөгүңдөгү боштук толот. Кайгың азаят. Бул-сага керек”, - деди байкем.

Ошентип мен жумага келдим. Сиз бүгүнкү хутбада пайгамбарыбыз жөнүндө, ал кантип балдарынын апасы, жашоосунун сүйүүсүн жоготконун айтып бердиңиз. Мен мени кыйнаган суроомо жооп таптым, кайрадан жашоонун маанисине ээ болдум.

Мына ушундай чоң трагедиядан кийин жашоону кайра кантип улантыш керек? Бул кырдаалда пайгамбарыбыз эмне кылган? Пайгамбарыбыз сүйүктүү жубайы, эң жакын жолдошу, таянычы, колдоосучу Хадижа энебизди жоготкон күндүн эртеси элдин алдына чыгып, хутба айткан. Ал муну мурункудан да жакшыраак кылганга, мурункудан да көбүрөөк иштегенге аракеттенген. Ээн үйгө кайтып келерин, үйдө аны муздак төшөк күтүп турарын, балдардын суроолуу жүзүнө карап, андагы жашты сүртүү керектигин билген. Ал мындан ары жашоосун кантип улантышы керек эле?

Дал ушул убакта Аллах Таала ага бул кырдаалдын чечимин, жообун жиберген.

Жаратканыбыз пайгамбарыбызды керемет саякатка жөнөттү. Бул саякат Аль Исра валь Мираж деп аталат. Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) 1 түндө Иерусалимде, Аль Акса мечитинде болуп, андан соң асманга көтөрүлгөн. Бул убакта пайгамбарыбыз Аллах Таалага баардык жаратылгандардан жакын болду. Сидратуль – мунтахага (Арштын астында өскөн дарак) жеткенде Жабраиль алейхи салам токтоп, “Эми мындан ары сени менен бара албайм, өзүң барасың” деген. Ошол жерден Аллах Таала пайгамбарыбызга эң чоң белекти тартуу кылды. Ал белек - күнүмдүк 5 маал намаз эле. Аллах Таала пайгамбарыбызга: Кыйынчылыктар, көңүл чөгөргөн кырдаалдар болот. Жүрөгүң ооруйт, көңүлүң чөгөт. Кандай гана кырдаалдар болбосун, ар жыгылганында тур да, “Аллаху акбар” де, ар кыйынчылыкта чөгүп кетпей, тур да “Аллаху акбар” де. Намаз сенин жараларыңды дарылайт. Намаз сени кыйынчылыктардан алып чыгат, жан дүйнөңө жеңилдик берет”- деди.

Намаз - бул мусулмандарга Жаратканынан тартууланган белек. Кандай кырдаалдар болбосун, Аллах Таалага кайрылып, чекени саждага тийгизүү аркылуу бул жашоодо баарын жеңип чыгууга болот.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49