Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

"Ыйык Валентин" күнүн белгилесе болобу?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 14 февраль 2018

Бүгүн 14-февраль. Кээ бирөөлөр үчүн бул күндүн эч кандай мааниси жок, катардагы эле иш күндөрүнүн бири болсо, башкаларына – чоң майрам. Көбү “сүйүү күнү”, “сүйүшкөндөр күнү”, “Ыйык Валентин күнү” деп аташат.

Бул күнү мектептерде, жогорку окуу жайларында сүйүү кутучалары орнотулуп, кафе, ресторандар “сүйүү” стилинде жасалгаланып, базар, дүкөндөрдө сүйүү каттары (открытка) козу карындай жайнап, айрым мейманканаларда өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр болору да жарнамаланып жатат.

14-февраль - өзгөчө жаштар арасында популярдуу. Бирок бул күндүн тарыхы кайда барып такалат? Ислам буга кандай көз карашта? Бул суроолорго дин таануучу, профессор Кадыр ажы Маликов жооп берди.

“Валентин күнүнүн” исламга эч кандай тиешеси жок. Бул күндүн дегеле диний негизи жок, ал орус православ чиркөөсү тарабынан да таанылбайт. “Ыйык Валентин күнү” жакында гана католик чиркөөсү тарабынан таанылды. Негизи тарыхта Валентин деген киши Рим империясынын аскерлери арасында эркек менен эркектин ортосунда нике кыйган. “Ыйык Валентин күнүнүн” динге таандык болушуна карата аракет Батыш Европанын либералдык күчтөрү тарабынан көтөрүлүп чыккан. Эгер билсеңиздер, өз учурунда Валентин деген киши сексулдык азчылыктарды колдогон. Бул майрам- аморалдуу.

Тилекке каршы, бүгүнкү күндө көпчүлүк жаштар бул күндү майрамдап, андан эч кандай жаман нерсени көрүшпөйт.

А бирок, 14-февраль өзүнө коркунучтуу тенденцияны алып жүрөт. Анткени бул күндү майрамдоодогу башкы максат - жөн гана “валентинкаларды” белекке берип, өспүрүм жашта сүйүүсүн билдирүү гана эмес.

Биринчиден, бул майрам коммерциялык болуп кетти. Байкасаңыздар, бардык кафе, мейманканаларда 14-февралга карата жарнамалар болуп, тиешелүү адамдар андан пайда таап калууга ашыгып жатышат.

Экинчиден, биздин мусулман маданиятында, дегеле, чыгыш адат-салтында ачык сүйүүсүн билдирүү - жакшы эмес көрүнүш. Анткени, сүйүү бул купуялык. Махабатын билдирүү башка нукта болушу керек.

Үчүнчүдөн, жаштар арасында, тилекке каршы, 14-февраль сүйүүсүн билдирүү, кыска аралыктагы мамилелер үчүн жакшы шылтоого айланды.

Байкаганымдай, айрым мейманканаларда бул күнгө карата бөлмөлөрдү ижарага арзандатып берүү сыяктуу жарнамалар болуп жатат.

Биз муну анан кантип майрам дейбиз? Анын эмнесинде ыйыктык бар?”

Жаштар булар тууралуу өзүлөрү ой жүгүртүп, талдоого алышы зарыл.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
18 июнь 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:22
Бешим
13:03
Аср
18:21
Шам
21:05
Куптан
22:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов