Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Умар ибн аль-Хаттаб тууралуу кызыктуу 12 факт

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 27 февраль 2018

Көзү тирүүсүндө бейиш менен кубандырылган 10 сахаба тууралуу белгилүү хадис бар. Мына ошол сахабалардын бири, Пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жашоосунда ээлеген орду боюнча Абу Бакрдан (Аллах андан ыраазы болсун) кийинки эле орунду алган адам, мусулман үммөтүнүн 2-адилеттүү падышасы – Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун).

null

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) тууралуу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай деген:

“Эгер менден кийин пайгамбар келсе, анда ал Умар ибн аль-Хаттаб болмок” деп айткан.

1- Умарды Алла Элчиси аль-Фарук (акыйкат менен жалганды айрымалай алган) деп атаган.

Анын толук аты-жөнү – Умар ибн аль-Хаттаб ибн Нуфайль ибн Абд-аль-Узза ибн Риях ибн Абдаллах ибн Курт ибн Разах ибн Ади ибн Люайй ибн Галиб ибн Фихр аль-Адви аль-Кураши. Умардын атасы Хаттаб ибн Нуфайлдын ата-теги Каабга барып, Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) ата-теги менен биригет.

Алла Элчиси Умар ибн аль-Хаттабды аль-Фарук деп атаган. Ал акыйкат менен жалганды айрымалай алган деп которулат.

2- Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан (Алланын ага салам - салаваттары болсун) 13 жаш кичүү болгон.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан (Алланын ага салам-салаваттары болсун) 13 жаш кичүү болгон. Умардын териси ак, узун бойлуу, олбурлуу, турган турпаты келишимдүү эле. Басыгы тез, үнү бийик чыкчу. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) жаш кезинен эле күрөш менен машыгып, ат минип, арабдардын поэзиясы менен таанышып, өзү да ыр чыгарган. Умар (Аллах андан ыраазы болсун) бала чагынан билимге умтулган жана жоопкерчиликтүү болуп чоңойгон. Анын балалыгы жыргалчылыкта эмес, оор күндөрдө төө кайтарып өткөн. Атасы аль-Хаттаб катуу мүнөз болгондуктан, уулуна катаал мамиле жасаган.

3- Умар ибн аль-Хаттаб исламга чейинки доордо меккеликтердин таасирдүү адамы болгон.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) өз мезгилинде соода-сатык менен алектенип, Меккедеги бай адамдардын катарын толуктаган. Меккеликтердин коомдук жашоосунда маанилүү орунду ээлеп, таасирдүү болгон. Исламга чейинки доордо Умарга элдер өзүлөрүнүн арыз-муңдары менен кайрылышкан.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) даанышман, куюлуштура сүйлөгөн, кыраакы, физикалык жактан күчтүү, токтоо сапаттары менен айрымаланып турчу. Ал кандайдыр бир талаш-тартыштарда өзүнүн далилдерин так айтып, маңыздуу сүйлөй алган. Бул сапаттарынын аркасында ал уруулар арасындагы пикир келишпестиктерде курайшиттердин атынан элчи катары жөнөтүлүп, Умар (Аллах андан ыраазы болсун) сүйлөшүүлөрдү жогорку деңгээлде жүргүзө алган.

4- Умар башында исламды жаңы кабыл алгандардын артынан сая түшүп, аларды азапка салган.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) табиятынан өтө ыкыластуу адам болгон. Бир нерсеге ынанса, ал чын жүрөгү менен ишенген. Ал арабдардын каада-салттарын терең урматтап, колунан келишинче коргогон. Ошондуктан да Умар (Аллах андан ыраазы болсун) ислам элге жаңы тарап баштаганда ага өтө каршы чыккан. Бул жаңы дин алардын ата-бабаларынын бери келе жаткан салтты бузат деп ойлогон. Умар исламды кабыл алгандардын артынан өзгөчө кастык менен сая түшкөн.

5- Умар Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жанын алам деп барып, бирок бул сапарында ал исламды кабыл алган.

Башында Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) - Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) айыгышкыс душманы эле. Бир жолу курайшиттер чогулуп Пайгамбарыбызды (Алланын ага салам-салаваттары болсун) кантип жок кылуу керек экенин талкуулашат. Алардын бири чогулгандарга кайрылып: “Араңарда Мухаммедди өлтүрө тургандар барбы?” деп сурайт. Курайшиттерден эч бири үн катпайт. Ошондо бул жоопкерчиликти Умар ибн аль- Хаттаб өзүнө алып ,Алла Элчисин өлтүрүү үчүн аттанат. Жолдо ал Нуайм бин Абдуллах менен жолугат. Нуайм: «Мынчалык оолугуп кайда баратасың?», - деп сураганда, ал Пайгамбарыбызды (Алланын ага салам-салаваттары болсун) өлтүрүү үчүн баратканын айтат. Бул кабарды уккан Нуайм: «Эй, Умар, сенин эжең менен жездең жаңы динге кирген, сен алгач аларды тыйып албайсыңбы?»,- дейт. Аны уккан азирети Умар ачуусу келип, жездесинин үйүнө бет алат. Ал жездесинин үйүнө келгенде үйдүн ичинде Куран окулуп жаткан болот. Эшикти ачканда үйдүн ичиндегилер Куран окууну токтотушуп, окуп атышкан Куран аяттары жазылган барактарын жашырып калышат. Үйдүн ичине кирген азирети Умар жездесин сабай баштайт. Арага түшкөн эжесин да уруп жиберет. Эжеси мурду кан жалай жерге кулап түшөт. Бирок, ага карабастан: «Сен эмне кылсаң ошо кыл, биз динибизден кайтпайбыз!», - дейт. Эжесинин мындай канга боёлгон абалда тике карап жооп беришинен азирети Умар аябай таасирленет. Ошол мезгилде эмнегедир азирети Умарга мээримдүүлүк сезими келип, окуган Куран аяттарын көрсөтүүлөрүн суранат. Ага берилген Куран аяттарын окуп, жүрөгү элжиреп, дароо ыйман келтирет да, Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) кайда экенин сурайт. Ошол учурда мусулмандар Сафаа дөңсөсүнүн жанында Аркам аттуу сахабанын үйүндө жашыруун ибадат кылып жатышкан эле. Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) Аркамдын үйүндө экенин уккан азирети Умар дароо ошол тарапка бет алат. Ал жерге барып эшикти какканда, азирети Умардын келгенин билген сахабалар тынчсыздана башташат. Азирети Хамза: «Келе тургандын көрөрү бар. Тим койгула, келсин», - деп эшикти ачтырат. Ошондо, Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун)) азирети Умарга: «Эй, Хаттабдын уулу, мусулман бол! Аллахым ага хидаят (Туура жол) бер» - дегенде, азирети Умар дароо күбөлүк келимесин айтып ыйман келтирет”. Ошентип, ал Алла Элчисинин пайгамбарлык миссиясы башталгандан 6 жылдан соң зу-ль-жижжа айында исламды кабыл алган 40-сахаба болгон.

6- Умар (Аллах андан ыраазы болсун) мусулман болгондо курайшиттер болуп көрбөгөндөй кайгыга батышкан.

Умар (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбызды ар дайым жандап жүргөн. Умардын исламды кабыл алышы менен мусулмандардын күчүнө күч кошулган. Алла Элчисинин жанына Умарды көргөн курайшиттер болуп көрбөгөндөй кайгыга батышкан.

7- Умардын илим-билимге болгон сүйүүсү өтө терең болгон.

Умардын илим-билимге болгон сүйүүсү өтө терең болгон. Ал Куранды жаттап, маанисин түшүнүп, ага ой жүгүртүп, кайра-кайра кайталап турган. Ыңгайы келген жерден эле алла Элчисине суроо берип калганга шашылчу. Бир жолу Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай деп айткан: “Тушүмдө мага бир чөйчөк сүт алып келишти. Мен аны тырмактарымдын астынан сүт бөлүнүп чыкканга чейин ичтим. Андан калганын Умарга бердим”. Элдер Пайгамбарыбыздан: “Бул түштү кандай жорудуң, О Алланын элчиси?”, -деп сурашканда, ал: “Бул – билим”, - деп жооп берген (Бухари).

8- Умар Алла элчисин өзүнүн жанынан да артык көргөн.

Бир жолу Умар Алла Элчисине: “Чынында, өзүмдөн кийинки эле жакшы көргөн адам сенсиң”, дегенде, Пайгамбарыбыз ага: “Чындыгында, сенин ыйманың мени өзүңдөн да артык болмоюнча толук болбойт”, дегенде, Умар: “Акыйкатта, мен азыр сени өзүмдөн да артык көрөм”, -деген.

9- Умар ибн аль-Хаттаб өзүнүн башкаруучулук доорунда адилеттүүлүгү менен таң калтырган.

Умар ибн аль-Хаттаб - мусулмандардын 2-адилеттүү падышасы, лидерликтин мыкты үлгүсү. Абу Бакр (Аллах андан ыраазы болсун) жашоосунуну акыркы мүнөттөрүндө бир топ адамдар менен кеңешип, ордуна Умарды коюп кеткен. Баары бул чечимге макулдугун билдиришкен. Умар өзүнүн падышалык башкаруусунда адилеттүүлүгү менен таң калтырат. Ал адамдар эле эмес, жадагалса, жаныбарларга да сарсанаа болгон. Кийин мен жакшы каралбай калган төө же эшек үчүн суралышым мүмкүн деп тынчсызданган.

10- Умар (Аллах андан ыраазы болсун) элинин кайгы-кубанычын тең бөлүшкөн.

Хижранын 18-жылы ачкачылык болуп, муслмандар үчүн абдан оор келген. Мединага 1 жылдын ичинде эле 60 000ге чукул качкын көчүп келген. Ошол жылы Умар ибн аль - Хаттаб Аллахка мындай дуа менен кайрылган: “О, Аллах, Мухаммаддын үммөтүнүн менин көз алдымда өлүп калуусуна жол бербе”. Абу Хурайра Умар тууралуу мындай окуяларды баяндайт: “Умар көчөгө азык-түлүк салынган каптарды көтөрүп алып, өтө муктаж адамдарды издеп, аларга таратчу. Бир жолу ал темир идишин жалап жаткан адамды көрүп, ушунчалык жүрөгү ооруган. Ал кайсы бир нерседен кур калган адамды көргөндө, дароо өзүн да ошол нерседен кур калтырган. Элдер этсиз калганда, өзү да эт жегенден баш тарткан. Элдер майга жетпей калганда, ал да май жеген эмес. Бир жолу Умар үйүнө баратып, дарбыз көтөргөн уулун көрөт. Ал баласынан дарбызды тартып алып, мындай деген: “ Мусулмандардын башчысынын баласы дарбыз жеп жатабы? Мен Аллах менен ант берем, биздин үммөттүн да дасторконунда дарбыз болмоюнча, биз да дарбыз жебейбиз.

11- Умар ибн аль-Хаттаб (Аллах андан ыраазы болсун) адам эркиндигин жогору баалаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун хартиясында Умар ибн аль Хаттабдын мындай сөзү жазылган: “Эркин төрөлгөн адамды силер кантип кулга айландыра аласыңар”.

12- Умар ибн аль-Хаттабга (Аллах андан ыраазы болсун) мусулмандар жана мусулман эместер да суктанышат.

Америкалык жазуучу жана окумуштуу Майкл Харт өзүнүн “Тарыхтагы 100 таасирдүү адамдар” деген китебинде Умар ибн аль -Хаттабды 52-орунга койгон. Ал эми мусулмандар үчүн ал, албетте, Абу Бакрдан ас-Сыддыктан кийинки эле орунда турат.

Макала Али Мухаммад ас-Саллябинин "Умар ибн аль-Хаттаб-экинчи адилеттүү падыша" китеби жана Омар Сулеймандын видеолекциясынан алынып даярдалды.



Башка макалалар
Сообу чоң 8 амал Сообу чоң 8 амал
Билүү керек / 1 ноябрь 2018 / "Умма" журналы
Хэллоуин эмнеси менен коркунучтуу? Хэллоуин эмнеси менен коркунучтуу?
Билүү керек / 31 октябрь 2018 / "Умма" журналы
Карызга акча алган адамга 16 эскертүү Карызга акча алган адамга 16 эскертүү
Билүү керек / 9 октябрь 2018 / которгон Амангелди кызы Айдай
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 ноябрь 2018г.
Багымдат
06:19
Күндүн чыгуу
07:58
Бешим
12:47
Аср
15:54
Шам
17:41
Куптан
18:56
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов