Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

ФОТОБАЯН:Жаштар карылар үйүндө майрам уюштурушту

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 23 апрель 2018

Ислам дини ата-энелерге өзгөчө мээрим менен карап, аларга жакшылык кылууга чакырат. Муну менен катар улгайып калган адамдарды да унутпай, эгер алар кандайдыр бир нерсеге муктаж болуп турушса, кайдыгер карабай, колдон келген жардамды берүүгө үндөйт. Мына ушундай ураан менен 22-апрелде Кыргызстандагы "Умма" ислам журналы демилгелеп, бир катар уюмдар менен биргеликте Бишкектеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги социалдык стационарлык мекемеге зыяратка барышты. Бул жерди көбү Бишкек шаардык карылар үйү деп билишет.

null
Абай 93 дареги боюнча орун алган Бишкек шаардык карылар үйү. Имараттын курулганына быйыл 56 жыл болду

Аталган мекемеде жалпысынан 210 кары жатат. Бул тууралуу карылар үйүнүн башкы кампачысы Гүлмира Шаршенбаева айтты: "Бул жерге түрдүү тагдырлар менен түшкөн чоң ата, чоң энелер бар. Кээ бирлерин балдары бага албайм деп таштап кетишсе, айрымдары үйүнө батпай калышкан. Өз канынан жаралган балдарынын орой мамилесинен көрө "кетип калганым оң" деп таарынып чыгып кеткендери да бар", - дейт Гүлмира айым.

Балдарынын ысык чайын ичип, неберелеринин жытын жыттап, балпайып, төрдүн көркү көрчү болчу кезде алар минтип, чоң сыноого кабылышкан.

null
Бул жакта өзүлөрүн алаксытып гүл өстүрүү менен алектенген апалар бар

Албетте, коом бул адамдардын тагдырын өзгөртүп, жүрөктөрүндөгү ызаны алып сала албайт. Бирок ошондой болсо да, кайрымдуу адамдар алардын көңүлдөрүнө шаң, кубаныч тартуулап, колдон келсе материалдык жактан көмөктөшктөшө алышат.

Анткени биз алгач карылар үйүнүн абалы менен таанышканы барганда аларга көп нерсе жетишперин көрдүк. Ошондуктан, бир канча күн мурун социалдык тармактар аркылуу билдирүү тараткан элек. Бул кайрымдуулук ишке кайдыгер карабаган адамдар дароо бизге байланышка чыгышып, көңүл сүйүнтөрлүк жардамдарын беришти

"Каусар" чыгыш товарлары дүкөнү терезелерге 7 жалюзи тагып беришсе, ингуш диаспорасы 30 тумбочка белек кылышты.

22-апрель күнү бул кайрымдуулук акциясына келгендер алгач карылар үйүнүн айланасын тазалашты.

null
Жаштар кызуу киришип, чын дилдеринен ишембиликке катышышты.

Кайрымдуулук ишин колдоп борборубуздагы жогорку окуу жайларынын студенттери, "Даткайым" кыздар жатаканасы, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин "Инсандык өнүгүү" клубу, "Биз Кыргызстандын ыктыярчыларыбыз" демилгелүү тобу, А.Салымбековдун жаштар фондунан балдар ,Ч.Айтматов атындагы китеп борборунун кызматкери Айсулуу айым, чет өлкөлүк студенттер, айрымдары үй- бүлөлөрү менен келишип, активдүү катышышты.

null
Ишембилик имараттын сыртында эле эмес, ичинде да активдүү жүрдү. Ыктыярчылар карылар жаткан бөлмөлөрдү тазалап, терезелерди жууп чыгышты

Жылдан жылга карылар үйүндөгү ата, апалардын саны өсүп жатканы коомду тынчсыздандырат. Өкүнүчтүүсү, быйыл бул көрсөткүч 2 эсеге өскөн. Бирок ошондой болсо да, мындай кайрымдуулук ишине мектеп жашындагы балдардын катышып жатканын көрүп, улуу муундун жүрөгү жылыды.

null
Ишембиликке "Айзи" комуз студиясынын балдары да келген. Аларды жетекчиси Зинагүл Төлеевна алып келген.

Зинагүл айым: Балдар мындай жерге мурда келип көрүшпөгөндүктөн, апа, аталарды сырттан карашып, "ыйлагым келип жатат, эмнеге мындай, жүрөгүм дүкүлдөп атат" деп айтышты. Бул жакка келгендеги башкы максат - балдардын аң-сезимине таасир этүү, бизде ушундай көйгөй бар экенинин азыртадан билдирүү. Анан, албетте, бул улгайган адамдардын батасын алып кеткибиз келди", -дейт Зинагүл айым.

null
"Биз балдарды жаңы ачылган оюн-зоок жерлерине алып барабыз. Бирок мындай жерлерге да алып келүүнү унутпашыбыз керек. Антпесе алар турмушту түшүнбөй калышат".

Ишембиликтен соң ата, апалардын аз да болсо көңүлдөрүн көтөрүп, жүздөрүнө жылмаюу тартуулоо үчүн чакан концерттик программа да уюштурулду.

null
"Стрит ворк аут" федерациясынын мүчөлөрү Эдиль менен Эмир денеленин укмуштуудай башкарып,таң калтырган көнүгүүлөрдү жасашты.

Айтылбаган таарынычтары менен жашап, такыр эле чоочун адамды кучак жайып тосуп алышкан ата-апалар концертти бир четинен чоң кызыгуу, экинчи четинен каректердин артында катылган көз жаш менен көрүп жатышты.

null
Музыкалык училищанин жетекчиси Анарбек Сардарбеков эски кайрыктардан обон созуп, отургандарга алардын жаштык кезин эске салдырды

Жашоонун кандай гана кыйынчылыктары болбосун ата, апалар жылмайганга аракет кылышып, жаш балдардай чын жүрөктөрүнөн сүйүнүшүп, бири-бирине колдоо көрсөтүп жатышты.

null
Оюндарга активдүү катышышып, шайыр алып баруучунун суроолоруна таамай жооп берип жатышты

Жаш курактын келгени эле болбосо адам жүрөгүндөгү жаштыгын сактап калат эмеспи.

null
"My hobby" чыгармачыл дүкөнүнүн жетекчиси Хамсия Кулинова апаларга жоолукту оңой жана кооз салынуу боюнча мастер-класс көрсөтүп, алардын ошол жаштык сезимин сууруп чыкканга аракеттенди .

Олтургандар чакан концерттик программага атайын даярданып келгендерден кем калбай, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Комузда кол ойнотуп ырдап, созолонтуп обон созуп, маңыздуу ырларды көркөм окуп ,чакан белектерге ээ болушту.

null
Бир кезде сахнага чыккан Лилия апанын "Ата-энеңерди сыйлагыла, аларды таштабагыла, эстеп жүргүлө”,-деген сөздөрү залды тунжуратып, баарыбызды таасирлентти

Иш-чаранын көркүн "Айзи" комуз студиясынан келген балдар ачышты.

null
Балдардын чебер колдорундагы комуз күүгө келип, алар чоң алкышка ээ болушту.

Отургандардын баарына белектер, ошондой эле, "Умма" журналынын акыркы саны берилди.

null
Бул арада ыктыярчы жигиттер маңдайларынан тери төгүлгөнчө эшикте арык казышты

Концерттик программадан соң ардактуу карыялар майрамдык тамак-аш, түрдүү таттуулар менен сыйланышты. Белгилей кетчү жагдай, "Кайнар" рестораны түрдүү таттуу нандарды алып келишкен.

null
Карыялар, бүгүнкү күн алар үчүн чыныгы майрам болгонун айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти

"Умма" ислам журналынын башкы редактору, иш-чаранын демилгечиси Элиана-Марьям Сатарова жылдан жылга карылар үйүндөгү адамдардын көбөйүп жатышы коомдогу болуп жаткан процесстердин күзгүсү экенин баса белгиледи. Мындай иш-чара жаштардын акыл калчап, терең ойлонушуна шарт түзөрүн айтты. Ал, ошондой эле, келечекте карылар үйү жана балдар үйү деген жерлердин болбоосу анын кыялы экенин бөлүштү.

null
Ата-энесин карабай таштап коюу - биздин каада-салтыбызга жана динибизге өтө өөн учурай турган иш"

Тилекке каршы карылар үйүндөгү атайын басып, муктаждыктарын өз алдынча аткара албагандарга арналган "Мээрим үйүндөгү" ата-апалар концерттик программага катыша алышкан жок. Бирок аларга да майрамдык тамак берилди. Бул мекемеде эмгектенгендерден "Мээрим үйүн" толугу менен белгилүү ырчы Кайрат Примбердиев салып бергенин уктук.

Өзгөчө камкордук менен кароого муткаж болгон бул үйдө айрыкча санитаркалардын эмгеги чоң. Алар оорулууларга тамак берип, 3 күндө бир киринтип, күнүнө 2 маал памперстерин алмаштырып турушат. Санитаркалардын бири Нурзат айымдын бул жакта эмгектенгенине 11 жыл болду. Бир жагынан жумуш, экинчи жагынан соопчулук үчүн иштейм дейт ал.

null
Нурзат айым: "Ата-энелерибзди карыганда жан кейиткен жалгыздыкта таштабайлы".

Жалгыздык, алсыздык, карылык, бир жагынан үмүт, экинчи жагынан үмүтсүздүк жыттанган бул үйдө белгилүү балерина, атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мугалими, согуштун ардагерлери, абышка байбичелери менен, асман менен тоолор тартылган дубалды мелтиреп карап жатышкан керебетке байланган мекендештерибизди кезиктирүүгө болот.

Капысынан балдары тууралуу сөз болуп калса, “Эмне болсо ошол болсун, башкысы аман болсун” деп оор үшкүрүнүп, аргасыздан чыккан көз жашын жашырган карыяларды көргөндө жүрөгүң тилинет.

“Анбийа” сүрөсүнүн 92-аятында Жараткан Аллах Таала “Акыйкатта, үммөтүңөр бир эле үммөт...,-деп айтылат. Андыктан, карылар үйү, же балдар үйлөрү болобу, аларды унутта калтырбай, коомдун маанилүү мүчөсү экенин сездирүү абзел.

"Умма" ислам журналы бул иш-чарага ичтен жана сырттан көмөк көрсөткөндөргө, өздөрү келе алышпаса да, ЭлСом капчыгына акча каражатын которгон бардык мекендештерибизге терең ыраазычылыгын билдирет.

Ал эми кимде ким бул жерге кандайдыр бир жардам көрсөтүүнү кааласа төмөндөгү байланыш номерине чалса болот:0554 65 77 75

1 / 44



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов