Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Бүгүнкү куттуу Бараат түнүн өткөрүп жибербеңиз

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 30 апрель 2018

Аллах Тааланын рахматы жааган түндөрдүн бири - Шаабан айынын 15 - түнү. Ал - Бараат кечеси деп аталат. Шаабан айынын 15-түнү бүгүн 30-апрелден 1-майга караган түнгө туура келет. Бараат кечесинде Аллах Тааладан кечирим сураса, ал пенделеринин күнөөлөрүн кечирет. Бирок 2 түрдүү адамдын каалоо-тилектери кабыл алынбайт. Алар - мушриктер (Аллах Таалага шерик кошкондор) жана мушахиндер (жүрөгүндө кек сактагандар, бирөөнү жүрөгүндө жек көргөндөр). Андыктан, мына ушул 2 түрдүү адамдарга кирип калуудан сактануу керек.

Бараат кечеси, ислам, Аллах Таала, ибадат, кечирим суроо

Шаабан айынын дагы бир өзгөчөлүгү - андагы куттуу Бараат түнүнүн (Лейлят уль-Бараат) болушу. «Бараат» деген сөздүн мааниси – «арылуу, тазаруу, айыгуу» дегенди түшүндүрөт.

Анткени бул түндү жакшы баалап, ибадат, дуба - зикир менен өткөрүүдөн улам Алла Тааланын мээримине жетип, күнөөлөрдөн арылып, каталыктардан тазаруу мүмкүнчүлүгү ар бир мусулманга ыйгарылат.

Бул түнү Аллах Таала:

"Мага дуба кылган барбы, дубасын кабыл кылайын; Менден ырыскы сураган барбы, ырыскысын берейин; Менден шыпаа сураган барбы, шыпаа берейин", - деп таң атканча пенделерин күтөт.

Бул түнү Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) кечинде үйдөн чыгып кетип, көрүстөнгө барып, өткөндөргө дуба кылып, бата, истигфар кылып келет эле.

Бараат түнүнүн өзгөчө түн экендигин тастыктаган бир нече хадистер бар:

Алардын бири, Айша энебиз (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген: “Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) бир түнү ордунан туруп намаз окуду. Саждада өтө узак туруп калганынан улам мен анын жаны үзүлүп кеттиби деп ойлоп, ордумдан туруп колумду бутуна тийгизип көрсөм, кыймылдады. Мен кайра ордума бардым. Анын (саллаллаху алейхи ва саллам) саждада мындайча дуба кылганын уктум: «Оо, Аллахым! Азабыңдан кечиримиңе, каарыңдан ыраазычылыгыңа сыйынып, Сенин каарыңан Өзүңдү коргонуума кубат деп билем. Өзүң Улуусуң, Сага багыштаган мактоо-алкыштарымды, Сен Өзүңө жасаган мактоолоруңа тең тута албаймын. Сага төп келер мактоолорго күчүм жетпейт». Ал (Алланын ага салам-салаваттары болсун) намазды бүтүргөн кезде: «Айша, Аллах Тааланын элчиси сага адилетсиздик жасайт деп ойлодуңбу?» - деп сурады. «Жок, Аллах Таалага ант берем, пайгамбарым, андай оюм жок. Бирок саждада өтө эле узак туруп калганыңызды байкап, өлүп калдыбы деп ойлодум?»- дедим. «Бүгүн кандай түн экенин билесиңби?». «Аллах жана Анын элчиси жакшы билет»,- дедим. Ошондо ал (Алланын ага салам-салаваттары болсун): «Бул түн Шаабан айынын 15-түнү. Аллах Таала Шаабандын 15-түнү кулдарына мээримин төгүп, кечирим тилегендерди кечирип, «ырайым кыла көр» деп жалбаргандарга ырайым көрсөтөт”.

Бул түнү:

1- Каза, нафил намаздарды окуу;

2- Көп-көп дуба кылып, Жараткандан кечирим суроо;

3- Куран менен алек болуу;

4- Пайгамбарыбыз Мухаммедге (Алланын ага салам-салаваттары болсун) салават айтуу;

5- Жакын адамдар, дос-тааныштар ортосунда таарынычтар болсо, ортодогу мамилелерди түздөө. Кечирим суроо, өзүң да башкаларды кечирүү;

6- Колдон келсе муктаждарга жардамдашуу, садака берүү;

7- Ички жан дүйнөбүздү көрө албастык, өзүмчүлдүк, кастык сыяктуу жаман илдеттерден тазалап, Аллах Тааланын алдына жарык маанай менен барууга ниетибизди түздөө керек.

Аллах Таала бардыгыбыздын күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайымына бөлөсүн. Аминь!



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
6 август 2020г.
Багымдат
4:05
Күндүн чыгуу
5:58
Бешим
13:08
Аср
18:10
Шам
20:21
Куптан
21:49
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов