Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазанда пайдалуу телекөрсөтүүлөрдү көрүңүз

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 25 май 2018

Ыйык Рамазан айында мусулмандарга парз болгон орозодон тышкары, адамдар ички жан дүйнөсүн байытып, руханий азык алып калганга аракеттенишет. Бул жаатта массалык маалымат каражаттары да жардамчы болот. Төмөндө биз кайсы телеканалдарга орозого байланышкан кандай программалар, саат канчада көгүлтүр экранга чыгарын тактап, тизмесин түзгөнгө аракеттендик.

null

1-Диний ишмер жана белгилүү журналист Мыктыбек ажы Арстанбектин алып баруусунда “Орозодо 30 күн” аттуу кызыктуу телекөрсөтүү старт алды. Бул көрсөтүүгө белгилүү диний, коомдук жана саясий ишмерлер конок катары чакырылып, коомдогу курч маселелер талкууланат.

“Орозодо 30 күн” көрсөтүүсүн ар күнү 5-каналдан саат 21:30 дан 22:10го чейинки аралыкта көрүңүздөр. Эгер берүүнү өз убагында көрө албай калсаңыз, анда аны Мыктыбек ажы Арстанбектин ютубдагы МАРСТАНБЕК аттуу каналынан каалаган учурда ачып көрө аласыздар.

2-Эгер орозо тууралуу адистердин кенен баяндамаларын уккуңуз келсе, ар күнү саат 21:30да New ТВ каналын коюңуз. Бул убакта эфирге чыкчу “Ободо орозо” программасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан адистер келип орозого байланышкан ар кыл темада баян курушмакчы.

3-Орозо темасында гана эмес, жалпы эле диний темаларда өтө кызыктуу берүүлөрү бар “Марва” телеканалын көбү билсе керек. Аталган телеканалдын журналисттери “Раййан” теледолбоорунун алкагында бир катар пайдалуу берүүлөрдү даярдашат. Саат 19:00 дон 21:00 го чейинки убакытта сиздер ислам динин кабыл алган белгилүү адамдардын окуяларын, диний ишмер Марс Ибраевдин алып баруусундагы “Ислам тарыхы” көрсөтүүсүн, “Ибадат сабактары” аталышындагы диний баяндарды көрүп, ошондой эле, “Келгиле, Куран жаттайбыз” деген көрсөтүүдө көп окула турчу сүрөлөрдүн туура окулушун үйрөнө аласыздар. Буга кошумча, ушул эле убакытта орозо кармаган кызыктуу коноктор менен маекке да болмокчу. Ал эми 21:30да көрөрмандар менен “Билим тайм” аттуу интеллектуалдык оюн ойнотулуп, кызыктуу белектер берилмекчи.

Эгер бул программаларды убагында көрө албай калсаңыздар күндүз саат 12:00дон тарта кайталоосун көрсөңүздөр болот.

4-“Азия Тв” каналында саат 19:30да “Ыйман сабактары” көрсөтүүсүнө күбө боло аласыздар. Бул программада “Диний билим берүү системасы”, “Кыргызстанда ислам кантип жайылган?”, “Бала тарбиясы” сыяктуу орчундуу темаларда тиешелүү адистер менен маек болмокчу. Бул берүүнү ар шейшемби жана жума күндөрү саат 19:30да көрүңүздөр.

Эгер бул убакытта берүүнү көрүүгө үлгүрбөй калсаңыздар, анда Asia TV ютуб-каналынан каалаган убактыңызда ачып көрсөңүз болот.

Дал ушул каналдан эле ооз ачуу убактысы келгенде “Майрамдык ооз ачуу” аттуу берүү эфирге чыгат.

5-ЭлТр телеканалы да четте калбай “30 күндүк орозо баяндары” аттуу берүүсүн тартуулайт. Аны ар күнү саат 16:10до көрө аласыздар.

6- Бул Ыйык Айда кичинекей бөбөктөргө да пайдалуу программаларды таппай жатсаңыз, анда саат 20:40та “Аян” телеканалын коюңуз. Бул убакытта «Аллахтын сүйүктүү пайгамбары Мухаммад» («Хабибулла») аталышындагы мультфильм көрсөтүлмөкчү.

Ал эми 22:00 до «Умар ибн аль-Хаттаб» көп сериялуу тасмасы берилет.

Буга удаа эле 23:00до Пайгамбарыбыздын неберелери Хасан жана Хусейн жөнүндө көп сериялуу тасма коюлмакчы.

7- 24Тв каналында «Орозодо омоктуу окуя» деп аталган таалим-тарбия берүүчү тасма көрсөтүлөт.

Ошондой эле, бул канал саат 21:00 до жана түнкү 12ден 6га чейин Меккеден түз алып бермекчи.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
20 июнь 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:21
Шам
21:06
Куптан
22:23