Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Дүйнөдөгү байыркы университет жана анын негиздөөчүсү менен таанышыңыз

Автору: Наристе Абсатарова, Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 28 май 2018

Дүйнөдөгү эң алгачкы университетти мусулман аял негиздегенин билдиңиз беле? Балким билген эместирсиз. Бул макалада ошол айым тууралуу кененирээк маалымат беребиз. Ал айымдын аты - Фатима бинт Мухаммад аль- Фихри. Ал эми ал негиздеген алгачкы университет – аль-Карауийин.

null

Оболу бул маалыматты айта кетишибиз керек. “Аль-Карауийин” университети Египеттеги “Аль-Азхар” университетинен 100 жыл (б.з. 975-ж. ХХ к.), Европада эң байыркы деп эсептелген Италиядагы “Болонья” университетинен (б.з.1088-ж. ХI к.) жана Улуу Британиядагы “Оксфорддон” (б.з.1096-ж. ХI к.) 200 жыл мурун негизделген. Ал эми АКШ дагы “Гарвард” университетинен (б.з.1636-ж. ХVII к.) болжолу 800 жыл мурун пайда болгон.

Фатима аль- Фихри - бай соодагердин кызы болгон. Бул айым өз заманынын интеллектуалы, өтө акылдуу, ыймандуу жана берешен аял эле.

Фатима айым 9-кылымдын 859-жылы (мусулман жыл санагы боюнча хижрийдин 245-жылы) Рамазан айында Кайраван шаарында мечит куруп баштайт. Мечитке кошуп, сөз болуп жаткан университетти да курган. Маалыматтар боюнча, мечит менен университеттин курулушу башталгандан бүткөнгө чейин Фатима айым күнүгө орозо кармаган. Ал университетти Кайраван шаарынын урматына “Карауийин” деп атаган. Ошентип, аль-Карауийин университети тарыхта өзүнүн ордун биринчи университет кылып калтырган. Ал эми университеттин жанында курулган мечит азыркы учурда Африкадагы эң чоң жана байыркы мечиттердин катарына кирет.

“Аль-Карауийин - жалпы адамзаттын билимине опол тоодой салым кошуп, бул унивеситеттен көптөгөн көрүнүктүү илимпоз жана философтор тарбияланып чыккан. Өзгөчө баса бегилей кетчү нерсе, бул университет “Гиннес” китебине“ эң байыркы жана үзгүлтүксүз билим берген жогорку окуу жай” деп кирген. Фатима аль-Фихри куруп калтырган окуу жай азыркы заманбап университеттердин үлгүсү болуп саналат. Университет бүгүнкү күнгө чейин ишмердүүлүгүн улантып, анын эшиги илим издегендер үчүн ар дайым ачык.

“Аль- Карауийин” университети - өзүнүн дүйнөгө белгилүү бүтүрүүчүлөрү менен таанымал. Алар: заманынын атактуу мусулман ойчулу Абуль-Аббас жана юрист Мухаммад аь-Фаси, улуу суфий жана ислам укукчусу Ибн аль-Араби, тарыхчы жана социология илиминин негиздөөчүсү Ибн Халдун, белгилүү географ Мухаммад аль-Идриси жана астроном Нур ад-Дин аль-Битружи (Альпетрагий), атактуу жазуучу жана саякатчы Лео Майонид, еврейлик раввин ( жөөт дининдеги дин кызматчы) жана философ папа Сильвестр II.

Алгач университетте Куран жана Ислам укугу (Фикх) гана окутулган. Кийиничерээк окуу планы кеңейип, ага математика, араб тили, медицина, астрономия, химия, тарых, география жана башка илимдер кошулган. Бул сабактарды мусулман жаштарына гана эмес, христиан жана еврей студенттери да окуп, үйрөнө алышкан. Фатима окуу жайды өзү каржылагандыгы үчүн анда окутуу бекер болгон.

Аль- Карауийин университети азыр да окутуу иштеринде активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп, бүгүнкүгө дейре Фатима аль-Фихринин ысымын алып жүрөт.

Дагы бир маанилүү нерсе, Фатима аль-Фихри университеттин китепканасын дагы негиздеген. Ал китепкана дүйнөдөгү эң байыркы китепканалардын катарына кирет. 2016-жылы аталган китепкана оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрадан элге өзүнүн эшигин ачкан. Эл аралык CNN телеканалы тарткан документалуу тасмада бул китепкананын коллекциясында 4000ден ашуун кол жазмалар, алардын ичинде 9-кылымга таандык Ыйык Куран китеби жана алгачкы хадистердин жыйнагы бар экендиги көрсөтүлөт.

Чындыгында, мусулман аялдар баштапкы ислам доорунда илимий иштерге аябай активдүү катышышкан. Буга - Фатима аль-Фихринин мисалы ачык далил. Дагы бир канча мисалдарды келтирсек: Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам- салаваттары болсун) жубайларынын бири Айша(Аллах андан ыраазы болсун) өз коомунун ислам укук таануучуларынын арасында көрүнүктүүсү болгон. Ал үчүнчү халиф Усман бин Аффан (Ага Аллахтын тынчтыгы болсун) каза болгондон кийин бир нече саясий окуяларга катышкан. Баарына жакшы белгилүү акыл жөндөмдүүлүгү жана эс тутуму аркылуу Айша (Аллах андан ыраазы болсун) хадистердин булагы эле. Ошондой эле, Куранды жатка билген жана пайгамбар өзү даңктаган Умм Варака сыяктуу, же сабаттулукту окуткан жана элдик медицина тармагында тажрыйбаланган биринчи мусулман аял аш-Шифа (“Дарыгер”) бинт Абдуллага окшогон көптөгөн мисалдар бар.

Көрүнүп тургандай эле, мусулман аялдар өз заманында билим алууну токтотушкан эмес. Бай мусулмандардын кыздар жана аялдары илим алганга, башкаларды окутканга, жада калса, окуу жайларды каржылаганга мүмкүнчүлүктөрү болгон жана алар бул мүмкүнчүлүктү эң мыкты таризде пайдаланышкан. Алардын бирөөсү Кайравандык аял - Фатима бинт Мухаммад аль-Фихри.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
16 август 2018г.
Багымдат
04:20
Күндүн чыгуу
06:04
Бешим
13:06
Аср
18:00
Шам
20:08
Куптан
21:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов