Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Рамазан айы тууралуу кандай кызыктарды билесиз?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 1 июнь 2018

Бир жылда 1 гана жолу келүүчү Ыйык Рамазан айы - мусулмандар көптөн-көп күткөн ай. Бул ай тууралуу кандай кызыктарды билесиздер? Төмөндө биз Рамазан айы жөнүндө кызыктуу фактыларды топтогонго аракеттендик.

null

1. “Рамазан” сөзү арабчадан которгондо “аптап”, “күйгүзүүчү”, “ысык” деген маанилерди билдирет.

2. Рамазан убактысындагы орозо араб тилинде “саум” деп аталат. Ислам энциклопедиялык сөздүгүнө караганда, саум күн чыккандан күн батканга чейинки убакытта тамак-аш жана жыныстык катнаштан оолак болуу дегенди түшүндүрөт.

3. Орозодо кулак, көз, тил, кол, буттар да орозо кармашы керек. Бул деген – ушак сүйлөбөө, күнөө иштерди кылбоо дегенди туюндурат.

4. Айрым өлкөлөрдо Рамазанда орозо тутпагандарга айып пул жана коомдук жумуш сыяктуу жаза берилет.

5. Өлкөлөргө жараша орозо тутуу убактылары айрымаланат. Эң кыска орозо тутуу мезгили Австралияда жашагандарга туура келет – 9 саат, Ал эми эң узак Скандинавияда – 20 саат, Швеция менен Исландияда 22 саат.

6. Дубайдагы Бурдж-Халиф асман тиреген имараттын жашоочулары да оозун ар башка убакытта ачышат. Бөлмөлөрү 80-кабаттан 149-кабатка чейин орун алган жашоочулар ооздорун башкалардан 2 мүнөт кечирээк ачышса, 150-кабаттан өйдө жашагандар 3 мүнөткө кеч ачышат.

7. Рамазан айы экономикага таасир этет. Окумуштуулар мындай кызык жыйынтыкка келишкен: эгерде орозонун узактыгы 1 саатка кыскарса,өлкөдөгү экономикалык өсүш 0,6-0,9%га көбөйөт. Тескерисинче, эгер, орозо убактысы узарса, экономиканын өсүшү жайлайт.

8. 2017-жылдан баштап 16-17 жыл аралыгында орозонун убактысы акырындык менен кыскарып жүрүп отурат.

9. Рамазанда бир катар мусулман өлкөлөрү жумуш күндөрүн кыскартышат. Муну менен алар элдин кошумча ибадаттарга көбүрөөк убактысы болушуна мүмкүнчүлүк беришет.

10. Бир катар өлкөлөрдө Рамазан айында акысыз массалык ооз ачуу тамактары берилет. Анын ичинде Кыргызстанда да массалык ооз ачуу тамактары уюштурулат. Кыргызстан алгач ирет уникалдуу “Рамазан Чатыры” 2 жылдан бери өткөрүлүп келет. 15 күн бою “Рамазан Чатырында” күн сайын 250 муктаж адамга ифтар тамактары уюштурулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун указы менен 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганына байланыштуу уюштуруучулар бул жылы “Рамазан Чатырын” Ошто өткөрүүнү пландоодо. -июнда саат 20.00до Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрынын аймагында “Рамазан чатырынын” майрамдык ачылышы күтүлүүдө.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
20 июнь 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:04
Аср
18:21
Шам
21:06
Куптан
22:23
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов