Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Уктап калбаңыз! Бүгүн - болжолдуу Кадыр түн

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 11 июнь 2018

Бүгүн, 11-июндан 12-июнга караган түн - болжолдуу түрдө Кадыр түн кечеси. Бул тууралуу муфтияттын расмий сайтында жазылат.

Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) көрсөткөнү боюнча, Рамазан айынын жыйырмасынан кийинки так түндөрүндө кадыр түнүнүн издөө зарыл. Ошентсе да кылымдардан бери келе жаткан исламдык каада катары, мусулмандар Рамазан айынын 27-түнүн кадыр түн катары тосуп келишет.

null

Бул түндү жер жүзүндөгү миллиардаган мусулмандар күтүшөт. Анткени бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете. Мусулман адам кадыр түнгө туш болуп, аны Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрсө, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат.

Кадыр Түнү эмне кылуу керек?

Кадыр Түнү эки рекеттен турган намаздарды окуп, дуа кылуу;

Куранды окуп, Аллах Тааланы көп-көп эстеп, зикр кылуу;

Белгилей кетчү нерсе, эч убакта Кадыр Түн ыр күлкү, шаан-шөкөт, кино, сериал менен өтпөйт.

Салтка айлангандай, бүгүн Кыргызстандын бардык мечиттеринде Кадыр кечеси тосулат. Жамаат менен намаз, Курандар окулуп, баяндар айтылат.

ЭлТр телеканалынан саат 23:00 дон 3:оого чейин "Бүгүн Кадыр түн!" программасы, СТВ каналында болсо 22:00дон 4:00го чейин Кадыр кечесине арналган программа көрсөтүлмөкчү.

Жалпыңыздардын эртеңки Кадыр түнүңүздөр кут болсун. Жараткан Аллах Таала мекенибизге тынчтык, биримдик жана бакубат жашоону насип кылсын.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
16 август 2018г.
Багымдат
04:20
Күндүн чыгуу
06:04
Бешим
13:06
Аср
18:00
Шам
20:08
Куптан
21:23