Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Россияны багындырган дизайнер Каныкей 1-жолу Бишкекте мусулман кийимдеринин көргөзмөсүн өткөрөт

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 18 июнь 2018

24-июнда Бишкекте айымдар үчүн көңүл ачуучу, кызыктуу жана пайдалуу чоң иш-чара өтөт. Ал GREEN-CITY мейманканасында (Тынчтык проспекти, 16) саат 15:00до башталмакчы.

Бул күнү Бишкекте алгачкы жолу сиздерге Москвадагы «Kanykei Batyrova» мода үйүнүн негиздөөчүсү, Россия модасынын легендасы, дизайнер- модельер Вячеслав Зайцевдин окуучусу Каныкей Батырова ислам дининин эрежелерине ылайык тигилген, заманбап жана улуттук колоритти камтыган айымдар кийиминин коллекциясын тартуулайт. Бул тууралуу "Умма" журналы Каныкей өзү билдирди.

null

Көз жоосун алган көйнөктөрдөн тышкары, иш-чаранын 2-бөлүгүндө Москванын мода дүйнөсүнө кире алган ийгиликтүү мекендешибиз Каныкей Батырова менен жакындан таанышып, анын бизнес чөйрөсүндөгү ийгилик сырларын биле аласыздар. Белгилей кетсек, мекендешибиз студент кезинде Москвага жумуш издеп барып, өзүнө ылайыктуу иш гана таппастан, чоң мегаполисте жеке мода үйүн негиздеп, кыргызстандыктарды иш менен да камсыз кыла алган.

Каныкей Батырова дизайнер, бизнес тренер, «Bishkek –Muslim international Fest» долбоорунун гереналдык директору болуп саналат. Ал - ошондой эле, ишкерлердин эл аралык ассоциациясынын мүчөсү.

Каныкей айым тарабынан Россиянын борборунда «Kanykei Batyrova» мода үйү, ал эми Бишкекте @batyrova_school тигүү жана дизайн мектеби, “Нуридин” кайрымдуулук фонду негизделген.

null

Элибиздин сыймыгы Каныкей Батырова 2017-жылы «Асылзат Нуру» төш белгиси менен сыйланган. Ушул эле жылы Москвада “Моданын мыкты дизайнери” номинациясына ээ болгон. Бул жыл да Каныкей үчүн берекелүү болууда. Айтсак, жакында эле Казань Summit эл аралык фестивалында “Стилдин өзгөчөлүгү” номинациясына ээ болуп, ишкерчилик дүйнөсүндо “Табарман” бизнес наамын алды.

Буту-бутуна тийбей иштеген, эмгекчил жана тапкыч айымдын колунан жаралган кооз кийимдерге күбө болуп, анын ийгилик сырын билип кетиңиздер.

Иш-чаранын программасында сиздерди

1 – Каныкей Батырованын кийим көргөзмөсү (улуттук, күнүмдүк жана нике тойго көйнөктөр);

2 – “Өзүңдүн бизнесиңди кантип ачуу керек?” деген темада бизнес коучинг;

3 –«Bishkek Muslim international Fest» долбоорунун презентациясы;

4 – Суроо-жооп бөлүгү күтөт.

Келип, көңүл ачып, өзүңүзгө пайдалуу маалыматтарды алып кетиңиздер.

Билеттер боюнча 0707 06 51 60 жана 0555 95 33 55 (ЭлСом) номерлерине байланышыңыздар.

null



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 июль 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:08
Аср
18:21
Шам
20:23
Куптан
22:16
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов