Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Орозо Айтта Бишкекте кичинекейлерге кандай иш-чаралар уюштурулду?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: өздүк архив / Жарыяланды: 22 июнь 2018

Орозо Айт менен Курман Айт мусулмандардын эң чоң майрамы экенин билесизби? Бул майрамдарды кандай белгилейсиз? Балдарыңызга арнап бул күндөрдө белек бересизби? Балдарга аталган майрамдардын маани-маңызын түшүндүрүп, аларга өзгөчө атмосфера түзүү - маанилүү. Бул макалада Орозо Айтта Бишкекте атайын кичинекейлерге арналган кандай иш-чаралар өткөнүн окуй аласыздар.

Бала тарбиялоодо - майрамдардын мааниси чоң. Анткени, майрамдар аркылуу бала кандайдыр бир көрүнүштөрдү таанып,ошого карата мамилеси калыптанат. Мисалы, жаңы жыл майрамын алалы. Көпчүлүгүндө бул майрам балалык кездеги жылуу сезимдерди чакырат. Бул күнү үй-бүлө менен биргеликте балатыны кооздоп, “баардык кыялдарды аткарган” аяз ата баары уктап жатканда үйгө билинбей кирип, балатынын астына белектерди калтырып кетет. Анын үстүнө, мектептерде да бул майрам жогорку деңгээлде белгиленип, атайын программалар уюштурулат. Узак жылдар бою совет заманынын курамында болгон өлкөлөрдө элдер өздөрү түпкү маанисин түшүнүп, түшүнбөгөн бир катар майрамдарды белгилешет. Ошол эле убакта, мусулмандардын эң башкы майрамы болгон Орозо Айт жана Курман Айтка анчейин көңүл бурулбай, тилекке каршы, анын баа жеткис кадыры билинбеген бойдон кала берүүдө.

Бирок акыркы жылдары кайрадан ислам баалуулуктарына кайтуу процесси жүрүп, демилгелүү мекендештерибиз аларды жандандырууга аракеттенип жатышат.

Мисалы, жакында эле эң чоң майрамдарыбыздын бир Орозо айт майрамы болуп, ал жакшы саамалыктар менен коштолду.

Алардын эң ириси деп балдарга арналган ислам тематикасындагы “Уммалэнд” китеп дүкөнү, “Весте” кийимдер дүкөнү жана бир катар башка демилгелүү айымдар биргелешип уюштурган “Орозо айт – балдар үчүн чоң майрам” иш-чарасын атоого болот.

null
Балдардын кубанычында чек жок

Атайын балдарга арналган бул майрамдык иш-чара айттын 3-күнү “ProKazan” ресторанында өткөн. Уюштуруучулардын бири Элнура Саркобенова бизге майрам тууралуу буларды айтып берди:

“Бул күнү биз балдар үчүн баарын кооз, жогорку деңгээлде уюштурганга аракеттендик. Кичинекейлердин эсинде Орозо Айт унутулгус майрам болуп сакталып калуусун кааладык. Негизи иш-чара 100 балага ылайыкталган. Билеттерди социалдык тармактар аркылуу саттык. Бирок каалоочулар көп болуп, майрамга жалпысынан 3 жаштан 12 жашка чейинки 115 бала келди. Иш-чаранын жүрүшүндө “Биз Рамазанды кандай өткөрдүк? Бейишке карай жол, Бейишке баруу үчүн эмне кылуу керек?” деген сыяктуу таанып-билүүчү атайын программа болду. Викториналык оюндар уюштурулуп, ыр айттырылып, бөбөктөргө таттуу, баалуу белектер ыйгарылып жатты. Иш-чара болордо, катышкысы келгендер бизге алдын ала чалышты. Алардын арасында ислам менен жакындан жаңы гана таанышып жаткан ата-энелер да бар экен. Алар бизден “Балдарыбыз кандай кийинип келишсин? А апалар кандай кийинишсин?” дешип, буга олуттуу карап жатканын байкап, ичибизден абдан сүйүндүк. Биз күткөндөй эле балдарга арналып уюштурулган майрам жогорку деңгээлде өтүп, баары ыраазы болуп үйлөрүнө кайтышты”, - деди Элнура айым.

Уюштуруучулар, бул иш-чаранын башкы максаты дүйнө таанымы калыптанып келе жаткан балдарды ислам баалуулуктары менен тааныштыруу, мусулман майрамдарын аларга сиңирүү экенин баса белгилешти.

null
"Мусулман майрамдарынын калк арасында жайылышына салым кошкубуз келет"

Дагы бир иш-чара “Айымдар KG” коомдук бирикмесинин алдындагы фонд тарабынан уюштурулду. Аталган бирикменин жетекчиси Шахризада Аданова Курман Айтка карата балдарга арналган иш-чараны Москвада өткөрүүнү пландашканын айтты.

“Москвада көптөгөн кичинекей мекендештерибиз улуттук жана диний баалуулуктардан бир аз алыстап өсүп жатышат. Ушул жагын эске алып, Москвада өткөрүүнү ойлонуп жаттык эле. Бирок бир катар себептерден бул оюбуз ишке ашпай калды. Ошондой болсо да, Бишкекте, “Ала-Тоо” аянтына айт күнү белектерибизди камдап алып, 100 балага белек тараттык. Аларга “Бул майрамды билесиңерби?” деп суроо узатып, белек берип, аз да болсо Орозо Айт мусулмандар үчүн чоң майрамдардын бири экенин айтып калганга аракет кылдык. Дагы бир жагынан ата-энелерди да бул майрамда балдарына белек берүүгө үгүттөө болчу”,-дейт Шахризада айым.
Уюштуруучулар, башкалар да бул акция тууралуу угушканда, колдошуп, эмдиги жолкуда мындан масштабдуу түрдө өткөрүүгө кошулушарын айтышкан.

Шахризада айым өзүнүн мисалында бала кездеги элестер көпкө чейин сакталарын айтты. “Жаңы жылды биз аябай күтүп, белек алабыз деп жүрөгүбүз дүкүлдөчү эле. Мусулман майрамдарында балдарыбызга белек берип, анын маанисин түшүндүрүүгө аракеттенишибиз зарыл”,-деди ал.

null
"Бул күндү балдар көпкө чейин эстеринде сактап калышат"

Эсте калган, белектерге бай дагы бир таттуу майрам "Демилгелуу мусулман кыздар тобу" тарабынан уюштурулду. Шаарыбыздагы соода борборлорунун биринде балдарга майрамдык шаңды түзгөн иш-чара алардын жөн гана белек алып, ойноп, эс алуусуна эмес, а Орозо Айттын маани-маңызын түшүнүүгө да өбөлгө түздү. Уюштуруучулар:

“Балдарга Фатиха, Ихлас сыяктуу кыска сүрөлөрдү хадистерди, шахада келимесин айттырып, майрамдык белектерди бердик. Мусулман майрамдарын белгилөө ибадаттын бир түрүнө кирерин жеткиргенге аракет кылдык. Балдарда жакшы мотивация пайда болду окшойт. Эми алар бул майрамды көпкө чейин унутушпайт”, - дешет уюштуруучулар.

Мындан тышкары, 2013-жылдан бери "Эл аралык кыргыздар ассоциациясы" Ат-башы, Жалал-Абад, Сокулук жерлеринде чоңдорго да, кичинекейлерге да масштабдуу түрдө Орозо Айт, Курман Айт майрамдарын өткөрүп келишет. Былтыр Сокулукта 20 000ге чукул адамдын катышуусунда бул майрам өткөрүлгөн эле.

“Быйыл Курман айтта майрамга 80 000 адамды чакырууну ойлонуп турабыз” , -деди ассоциациянын аткаруучу директору Жыргалбек уулу Эрлан.

1 / 13



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2018г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47