Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Halal Bazaar: Мусулман кийимдерине суроо-талап күчөдүбү?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 26 июнь 2018

Мындан болжол менен 5-8 жыл мурун базар, дүкөндөрдөн жарашыктуу узун юбка, денени толук жапкан көйнөк, кофта, кооз жоолук, шарфтарды табуу кыйынга турса, азыр аларды түрү менен сатып алууга мүмкүн болуп калды. Мындай кийимдер башында чет өлкөлөрдөн алынып келинсе, эми ата-мекендик өндүрүүчүлөр алардан кем калышпай, сапаттуу жана жарашыктуу кийимдерди өндүрүшүүдө. Ишкерлик чөйрөдөгү активдүү айымдар бул нерсенин далили катары Бишкекте айымдарга майрам тартуулаган жакшы иш-чараны өткөрүштү. Ал "Халал базар" деп аталып, шаарыбыздагы "Проказан" алгачкы адал ресторанында 10-июнда өттү.

null
"Халал базар" жарманкеси түшкү саат 12ден кечки саат 22ге чейин уланды

Айымдар үчүн көңүлүңдөгү каалаган нерсени таап, ийгиликтүү сатып алууларды жүргүзүү өзүнчө эле майрам. А бул күнкү жарманкеде айымдардын кийимдеринин түрлөрү, кече көйнөктөрүнөн тарта, күнүмдүк жашоого кийилчү кийимдер коюлду. Ал эми жоолуктун түрдүүлүгүн айтпаңыз, көзүңүз адашат. Мындан сырткары, балдардын кийимдери, адал косметикалык каражаттар, кооз аксессуарлар жана бут кийимдер да сунушталды. Мындай иш-чара борбор калаада алгач ирет өтүп жатканына карабай, ага келгендердин саны арбын болду.

null
Жарманкеге Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөдө да аты таанылган дизайнерлер катышты

Уюштуруучулар Кыргызстанда мындай иш-чараны өткөрүүнү көптөн бери ойлонуп, ичтеринде бышырып жүрүшкөнүн айтышты.

“Эгер билсеңиздер, мусулман товарларынын жарманкеси Россияда “Ванди базар”, ал эми Алматыда “Систерс Базар” деген ат менен уюштурулат. Ал жерден шарият талаптарына жооп берген кийим-кеченин, адал стандарттарына туура келген азык-түлүктүн түрүн табууга болот. Биз Кыргызстанда да ушул сыяктуу масштабдуу иш-чара өтсө деп ойлонуп жүрчүбүз. Аракеттердин негизинде ал оюбуз ишке ашып, “Халал базарды" уюштуруп отурабыз. Бүгүн 40тай дүкөн өзүлөрүнүн продукцияларын көргөзмөгө коюшту. Негизи катышкысы келгендер мындан да көп болгон. Биз алгачкы жолу өткөрүп жаткандыктан ушул сан менен чектелдик”,-дешет уюштуруучулар.

null
Жарманкеде айымдарга арналган ар кыл темада пайдалуу кеңештер айтылды

Базарды аралап жүрүп кийимдердин көп түрдүүлүгүнөн башыбыз айланды. Сатуучулардын бирин кепке тартып көрүүнү чечтик. Жоолугун жарашыктуу салынган Ольга айым өзү дизайнын ойлоп, тиккен кийимдер менен тааныштырды. Ольга айым улуту боюнча орус. Ал мындан бир жарым жыл мурун исламды кабыл алып, шариатка ылайык кийимдерди издеп баштаган. Жаккан кийимдеринин баасы кымбат, ал эми арзаныраак кийимдер анча көңүлүнө жакпагандыктан, өзү тигип көрүүнү чечкен. Өзү тиккен кийимдерге тааныштары да суктана баштаганда Ольгага мусулман кыздарынын кийимдерин тигүү идеясы келген. Бүгүнкү күндө анын туруктуу кардарлары бар. Ольга айым кыргызстандык айымдар көбүнчө кийимдердин ыңгайлуулугуна маани беришерин жана ачык өңдөргө басым жасашарын айтат.

null
Биздин айымдар кийимдин ыңгайлуулугуна өзгөчө маани беришет

“Менин кийимдерин бир эле убакта кооз анан ыңгайлуу болушун каалайм. Анткени бул - кардарларымдын талабы. Быйыл эже-сиңдилер арасында көк өң мода болуп жатат окшойт. Мага бул өңдөн көйнөк, юбка тиктиргени көп келишүүдө”,-дейт ал.

Ал эми Айжан айымдын колунан жаралган кийимдер 5 жылдан бери рынокто. Ал өзүнүн кийим брендине “Амира” деген ат берген. “Амира араб тилинен ханбийке деп которулат. Менин кийимдеримди кийген эже-сиңдилер өзүн ханбийкедей сезүүсүн каалайм”, - дейт Айжан айым. Анын бул ишкерлик менен алектенүүсүнө да жеке муктаждыгы себеп болгон. "Мындан 5 жыл мурун мусулман кыздарына арналган жарашыктуу, ыңгайлуу кийимдерди табуу бир аз оор болчу. Менин тикмечиликке шыгым болгондуктан, өзүмө кийим тигип баштадым. Башкаларга да жаккандыктан, бул иш менен алектенүү оюма келди",-дейт ал. Ар бир улуттун кийимдерге болгон табити ар башка болот эмеспи. Айжан айымдын айтымында, кыргыз айымдары жөнөкөйлүккө басым жасышат.

"Минимализм деген түшүнүк бар эмеспи. Бул кийимдин фасонунда же өңүндөгү жөнөкөйлүктү түшүндүрөт. Биздин айымдар дал ушул нерсеге ыкташат. Анан албетте ыңгайлуулук, универсалдуулук жөнүндө да айта кетпесек болбойт. Биздин айымдар күнүмдүк турмушка кийилчү көйнөгүн кошумча аксессуарлар менен кооздоп кечеге да кийгенге ылайыктаганга эптүү",-дейт ал.

null
Айжан айымдын кийим тигүү менен алектенишине жеке муктаждыгы себеп болгон

Бул иш-чарага белгилүү жаш дизайнер Арзубек Вонама да келген. Бул мырза - кыргыз шоу-чөйрөсүндө аты таанылган дизайнерлердин бири. Көбүнчө ырчыларга кече көйнөктөрүн тигет. Ал аталган жарманкеге атайын кызыгып келгенин айтты.

“Мен да мусулман кийимдеринин үстүнөн иштеп көрсөмбү деп ойлонуп жүрөм. Бул ойго инстаграм баракчама келген каттар түрткү болду. Бир топ окурмандарым “ислам эрежелерине дал келген күнүмдүк жашоодо кийилчү жана кече көйнөктөрүн тикпейсизби" деп сунушташты. Азыр мындай кийимдер заман талабына айланып баратат. Өзүм да динге жакын болгондуктан, бул ойдун үстүнөн иштеп көрсөмбү деген пландарым бар”, - деди ал.

null
Арзубек Вонама: "Жакында мусулман кыздарынын кийимдеринин үстүнөн иштеп көргүм келет"

Түшкү саат 12 ден кечки саат 22:00го чейин уланган иш-чарада айымдар сатып алуудан тышкары бири-бири менен таанышып, байланыштарын чыңдай алышты.

null
Жарманкенин жанына мындай батуддар коюлуп, балдары менен келген апалар үчүн ыңгайлуу болду

Уюштуруучулар кийинки жолкуда бул иш-чараны мындан да масштабдуураак өткөрүүнү пландашууда.

1 / 23



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
26 сентябрь 2018г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:53
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:59
Куптан
20:14
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов