Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Айта турчу сөзүңүздү 3 электен өткөрүңүз

Жарыяланды: 29 июнь 2018

null

Акылманга бир киши келип, мындай дейт:

-Сен жѳнүндѳ досуң эмне деп айтканын билесиңби?

-Токтой турчу, алгач сүйлѳй турган сѳзүңдү үч электен ѳткѳз.

-Үч элек дейсиңби,ал кандай электер?

-Ар бир сѳздү айтаардан мурун,аны үч жолу электен ѳткѳзүү зарыл. Биринчиси ЧЫНДЫК элеги.Сен айта турган сѳз чындык экенине толук ишенесиңби?

-Жок,мен ал сѳздү бирѳѳдѳн укканмын…

-Демек сен бул нерсенин чын же калп экенин деле билбейсиң. Анда экинчи электен ээлеп кѳрѳлү. ЖАКШЫЛЫК элеги. Сен менин досум жѳнүндѳ жакшы нерсе айтайын дедиң беле?

-Жок,тескерисинче терс маанайдагы кеп…..

-Демек менин досум жѳнүндѳ мага терс маанайдагы сѳз айтайын деп жатып, ал сѳздүн чын же калп экендигине кепилдигиң да жок экен.Анда үчүнчү электен ѳткѳрѳлү. Ал ПАЙДА элеги. Сен айта турган сѳз мага абдан пайдалуу болуп, аны угууга мен муктажмынбы?

-Жок,ага муктаждыгың деле жоктой….

-Оо,азамат! Сен сүйлѳй турган сѳзүңдүн чындыгы, жакшылыгы жана пайдасы болбосо, аны сүйлѳп не кыласын?-деп тыянак чыгарган экен акылман киши.

Мусулман баласы пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) хадисине ар дайым амал кылат:

«Кимде-ким Аллахка жана Кыямат күндүн акыйкат экендигине ыйман келтирсе-жакшы сѳз сүйлѳсүн,болбосо унчукпасын».

Кээде сүйлѳгѳндѳн кѳрѳ, унчукпай коюу жакшыраак.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
26 сентябрь 2018г.
Багымдат
5:18
Күндүн чыгуу
6:53
Бешим
12:53
Аср
17:05
Шам
18:59
Куптан
20:14