Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Балдарыңызды пайдалуу эс алууга жибергиңиз келеби?

Автору: Айдай Амангелди кызы / Жарыяланды: 4 июль 2018

Жайында балдарыңызды эс алдырып, бирок ошол эле убакта алардын пайдалуу убакыт өткөзүүсү үчүн кайда жиберүүнү билбей турасызбы? Анда бул материал – сиз үчүн. Эс алуу, адеп-ахлак, баланын ой-чабытын кеңейтүү, ислам менен таанышуу программалары бар жайкы лагерлерди сунуштайбыз.

null

1- “Ыйман” лагери.

“Ыйман” лагери “Жашыл Ай” коомдук фонду тарабынан өткөрүлөт.

Лагерь өтө турчу жер: Ысык-Көл облусу, Каджы-Сай айылы, “Легенда” пансионаты.

Лагерге кабыл алуу 2 агым менен жүрөт.

1-агым: 15-25-июлга чейин;

2-агым: 25-июлдан 4-августка чейин өтөт.

“Ыйман” лагеринде төмөндөгүлөр камтылган: 4 маал адал тамак, ыйман сабактар программасы ( Куран үйрөнүү, дуа жаттоо, араб тили, икаялар, адеп сабактары, намаз жана даарат теория жана практика менен), кызыктуу, шаңдуу интеллектуалдык жана спорттук оюндар, тоого чыгуу, ат минүү, сууда сүзүү, футбол, тарыхый жерлерге зыярат ж.б оюндар.

Балдардын ден-соолугу үчүн санаторийдин доктурлары кам көрөт.

Эс алуу программасы:

Гаваиде сейилдөө; Зоо парк; Көлгө түшүү; Боз Салкын жайлоосуна экскурсия.

Окуу программасы:

Куран, адеп; араб, англис, түрк тилдери;

Прогрессивдүү программалардан:

Ата-эне менен болгон мамилени бекемдөө;

Кинотренинг;

Сүрөт;

Оюн зоок программасы:

Футбол;

Воллейбол ж.б оюндар.

Кабыл алуу жүрүп жатат. Орундар чектелүү гана!

Баасы: 6000 сом.

Байланыш тел: 0771 18 30 87; 0703 22 12 05 жана вотсап: 0777 18 30 87

Дареги: Киев көчөсү 107, 307-кабинет. (Караван соода борборунун каршысы)

2- "Алтын Данек" билим берүү комплексинин кыздарга арналган жайкы лагери

Лагерь өтө турчу жер: Бишкек

7- жаштан 15 жашка чейинки кыздар кабыл алынат.

Лагердин программасында

-Араб тили;

-Куран (тажвид);

-Hand madе (кол өнөрчүлүк);

-Түрдүү мастер- класстар;

-Сейилдөө;

Лагерь 15 күндүк болуп саналат. Саат 9дан 17:00го чейин.

Баасы-3000 сом.

Азыркы тапта каттоо иши жүрүп жатат.

Байланыш номерлери: 0779-700-227, 0703-800-186

3- Кыздар үчүн “Фирдаус” жайкы лагери

Бул лагерь “Фирдаус” окуу борбору тарабынан уюштурулууда.

Лагерь өтүүчү жер: Бишкек, Үсөнбаев көчөсү, 181.

Лагерь - 25 күндүк

Баасы - 3500 сом

4 маал тамак.

Программада:

Куран;

Пайгамбарлар тарыхы;

Араб тили;

Акыйда;

Адеп;

Ибадат.

6 жаштан 16 жашка чейинки кыздар кабыл алынат.

Эгерде лагерге барып-келип окуйм дегендер саат 9дан 13:00го чейин болсо 500 сом акы төлөшөт.

Азыркы тапта каттоо жүрүүдө.

Байланыш номерлери: 0770383683; 0705250573

4-Студент кыздар үчүн “Акыл Карачач” жайкы лагери

Лагерь өтө турчу жер: Ысык-Көл, Балыкчы шаары;

Лагерь – 3 күндүк (6-9 –июль арасы);

Каттоо эртең аяктайт.

Баасы - 1500сом;

1500 сомдун ичине 4 маал тамак-аш, жол кире, жатакана кирет.

Семинар психологдордун катышуусу менен өтүүчү тренинг-семинарлар менен коштолот.

Лагерге катталуу үчүн: паспорттун көчүрмөсү, 3x4 сүрөт 1 даана, ата-энесинен тил кат алып келүү керек.

Байланыш номерлери: 0700 054502; 0555 054502.

4- “Алтын уя” боорукерлик үйү уюштуруп жаткан эркек балдар үчүн жайкы лагерь.

Лагерь өтө турчу жер – Покровка айылы, Ленин көчөсү, 262;

8 жаштан өйдө балдар кабыл алынат;

Баасы – 2000 сом;

Лагердин программасында ыйман сабактары, Куран, хадистер, спорт оюндары, кызыктуу тасмаларды көрсөтүү каралган;

Учурда кабыл алуу жүрүп жатат;

Байланыш номери: 0709 732 583

5- “Абдулла бин Аббас” куран жаттоо медресеси уюштуруп жаткан эркек балдарга арналган лагерь

Лагерь өтүүчү жер: Чүй облусу, Арашан айылы, Ж.Акматов көчөсү 47;

10 жаштан 15 жашка чейинки балдар кабыл алынат;

Лагерь 15 күндүк, 16-июлдан 31 июлга чейин болот;

Баасы – 5000 сом;

Программада:

-Адеп-ахлак;

-Куран;

-Пайгамбарлар тарыхы;

-Менталдык арифметика;

-Фыкх;

-Намазга үйрөтүү;

- Хадис;

-Спорттук, маданий иш-чаралар.

Каттоо башталды.

Байланыш номерлери: 0557 56 78 91; 0771 92 13 07.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
19 июль 2018г.
Багымдат
03:23
Күндүн чыгуу
05:23
Бешим
13:08
Аср
18:21
Шам
20:23
Куптан
22:16
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов