Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Теспе тартуу адамдын тынчсыздануусун жана депрессиялык абалын азайтат

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 10 июль 2018

Ойлоруңуз чачыранды болуп турабы? Бир нерсе сизди тынчсыздандырып жатабы же маанайыңыз жокбу? Мындай абалда сизге эң мыкты жардамчы эмне экенин билесизби? Бул макалада ушул нерсе тууралуу айтып беребиз.

null

Теспенин жардамы менен Аллахты эстөө, Аны улуктоо сизге – сизге эң чоң жардамчы

Теспе бул– жипке өткөрүлгөн шурулар. Теспени мусулмандар намаздан соң же башка каалаган учурдарда зикрлердин санынан адашып калбаш үчүн колдонушат.

Теспе (таспих) сөзүнүн өзү Аллахты эстөөнүн бир формасын түшүндүрөт.

Бул терминдин этимологиясы араб тилинин этиш сөзүнө барып такалат. “Мактоо”, “улуктоо” дегенди түшүндүрөт. Диний мааниде тасбих Жаратканды кыска сөздөр менен мактап, улуктаганды түшүндүрөт.

Көрсө, теспени колдонуу адамдын маанайына чоң таасирин тийгизет экен. Адамдын тынчсыздануусун жана депрессиялык абалын азайтат. Теспелердин жардамы менен манжаларда жайгашкан нерв учтарынын дүүлүгүүсү адамга тынчтануучу маанайды алып келет.

The National басылмасы Араб Эмираттарында Madinat Zayed дүкөнүндө иштеген зергер Наджибдин мындай сөзүн келтирет:

“Силер өзүңөрдүн сезимиңер жана ойлоруңарды теспеге бересиңер. Ал силердин ойлонууңарга тыюу салат. Эгер кайсы бир нерсе тынчыңызды алып жаткан болсо, колуңарга теспени алгыла да, шуруларын жылдыргыла.Тынчсыздануу өзүнөн өзү кетет. Анын сыры ушунда жатат. Дал ушул себептен теспе ар дайым мени менен”.

Теспенин тынчтандыруучу таасири бизди таң калтырбашы керек. Анткени Аллах Ыйык Куранда “Чындыгында, Аллахты эскерүүдө гана жүрөктөр тынчтык табат” (13:28) деп айткан.

Мусулмандын жашоосунда теспенин орду чоң. Ал ойду жыйнап, акылды керексиз, тынчсыздандыруучу нерселерден гана арылтпастан, адам мененАллахты байланыштыруучу зикрлер аркылуу адамдын руханий жактан өнүгүшүнө багыттап турат.

Зергер Наджибдин ою боюнча, теспени даярдоого эң мыкты материал болуп янтарь саналат. Чыныгы янтарды баш бармак менен сөөмөйдүн ортосунда сүргүлөсө карагай чайырынын жыты чыгып, бул да адамга жагымдуу таасир этет.

Эң кымбат теспелер адатта көк же сары янтардан жасалат.Мыкты теспелер кара кораллдан Йеменде жана Сауд Аравиясында жасалат. А жакшы жыгач теспелер Суданда чыгарылат.

Теспе адатта 99 шурудан турат. Намаздан соң 33 жолу тасбих (субхан Аллах), 33 жолу тахмид (альхамду ли-Ллях –“Аллахка мактоолор болсун”), 33 жолу –такбир (Аллаху Акбар – Аллах Улук) деп айтылат.

Теспенин өзүн ыйык көрүп, анда кандайдыр бир сырдуу касиет бар деп ишенүү, же элге өзүн такыбаа көрсөтүү (РИЯ) үчүн колдонуу - туура эмес. Теспени тек гана эсептөөчү курал катарында гана колдонуу керек.

Баса белгилей кетсек, теспенин ордуна манжалардагы сызыкчаларды да колдонууга болот.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
13 декабрь 2018г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов