Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Ислам дини татуировка жасоого уруксат береби?

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 19 сентябрь 2018

Акыркы кездерде жаштар арасында татуировка жасатуу (ийне менен териге сүрөт тартуу) популярдуу болуп бара жаткандай. Балким алар элге белгилүү адамдардан, алсак, футболист, ырчылардан үлгү алып, алар сыяктуу болгусу келгендиктендир. Мусулман жаштары да бул процесске да кызыгышкандыктан"татуировка жасатуу исламга каршы келеби, эгер каршы келсе эмне үчүн?" деген суроо аларды ойлондурбай койбойт. Бул макалада биз ушул маселени карап чыкканга аракет кылдык.

ислам. мусулмандар, татуировка жасатуу

Кувейт энциклопедиясындагы ислам укугу боюнча бөлүмдө мындай деп айтылат: “Татуировка” (аль-вашм) ийне менен терини кан чыккыдай кылып саюу жана ал жакка теринин өнү өзгөргүдөй кылып боек киргизүү.

Диний аалымдар бир ооздон татиуровка жасоого жана жасатууга болбой турганын айтышат. Бул процедура Аллахтын жаратканына ыраазы болбой, аны өзгөртүүгө болгон далалат, ошондуктан ал оор күнөөлөрдүн тобуна кирет.

Имам аль-Бухари жана Муслимдин риваяттарында пайгамбарыбыз Мухаммед (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) татуировка жасатып жана аны жасап бергендерди каргаган.

Имам Шафии (рахимахуллах) жана анын окуучулары эгер дары-дармектердин жардамы менен татуировканы өчүрүүгө мүмкүнчүлүк болсо, сөзсүз түрдө, өчүрүү керектигин айтышат. Эгер, дары-дармек менен алып салууга мүмкүн болбосо, анда хирургиялык жол менен да алып салган жакшы. Эгер мындай кылуудан ден соолук жабыркап, чоң зыян келсе, анда ошол бойдон калтырылат. Адам оор күнөөсүнө тобо келтирип, Аллахтан кечирим сурап, намаз окуп баштоосу кажет. Айрымдардын "татуировканы толугу менен өчүрүп салмайынча даарат өтпөйт" деп айтканы жаңылыш.

Денеге кеткис кылып мындай жол менен сүрөт тарттыруу медициналык көз караштан алганда да ден соолукка абдан зыян болуп саналат.

Биринчиден, татуировка жасоодо организмге инфекция кирип, аллергиялык реакция болушу ыктымал. Экинчиден, боектордо канчалык бир деңгээлде уулуу зат болгондуктан, ал боордун иштешин жабыркатат. Белгилүү болгондой, боор кандагы токсиндерди тазалоо милдетин аткарат. Жыл сайын миңдеген адамдар геппатитти жуктуруп алып жатышканы да аныкталган. Үчүнчүдөн, татуировка денедеги аномалдуу өзгөрүүлөрдү байкоого кедерги болот, мисалы-рак.

Медицина кызматкерлери белгилегендей, учурда көбүнчө татиуровканы лазер жолу менен 90-95%га дейре кетирсе болот. Бирок, бул процесс татиуровканы түшүрүү процессинен алда канча көп убакытты, жана акчаны талап кылат.

Психологдордун айтымында, денеге татуировка жасатуунун (ички жан дүйнөнүн боштугу, бир нерсе жетпей жаткандагыдай сезим), эгоцентризм, көңүл борборунда болууну каалоосунун күчтөнүшү, өз денесин оорутуп, зыян келтирүүнү каалаган психикалык оору жана башка ушул сыяктуу бир катар себептери бар.

Азыркы тапта, өзгөчө, кыздар арасында териге боек менен (хна) декоративдүү сүрөт тартуу да модага айланды. Бул процесске дин тыюу салбайт. Анткени ал тартылган сүрөттөр түбөлүк эмес, аны оңой эле кетирүүгө болот жана даарат алууда тоскоолдук жаратпайт. Бирок бул процессти аткарууда да бир катар шарттарды катуу сактоо талап кылынат.

1- Аял киши өзүнүн денесиндеги сүрөттү чоочун эркектерге көрсөтпөшү керек.

2- Эркекке жана аялга да өзүнүн денесине адамдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн тарттырууга болбойт. Негизи эле исламда мындай сүрөттөргө тыюу салынат (ал кайда гана тартылбасын).

3- Тартылган сүрөт динсиздердин сүрөтүнө окшобоосу керек (сүрөттүн маанисине кылдат көңүл бөлүү зарыл).

4- Жалган чакырыктар, лозунг, жеңил ойлуу сүрөттөлүштөрдү түшүрүүгө таптакыр тыюу салынат.

5- Тартылган сүрөт даарат алууда тоскоолдук жаратпоосу тийиш.

6- Убактылуу сүрөттөрдү дененин аврат бөлүктөрүнө тарттырууга болбойт.

Адамдын денеси Аллах Таала тарабынан убактылуу берилген аманат экенин унутпай, аны таза, тыкан жана табигый абалын сакташыбыз керектигин билип жүрөлү.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Намаз убактылары
22 октябрь 2018г.
Багымдат
05:48
Күндүн чыгуу
07:23
Бешим
12:46
Аср
16:26
Шам
18:15
Куптан
19:30
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов