Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

УММАГИД: Сизге эң керектүү курстардын тизмесин жазып алыңыз

Автору: Айдай Амангелди кызы / Сүрѳттѳр: Саид Ибраимов / Жарыяланды: 8 октябрь 2018

"Куран үйрөнүү боюнча кайсы курска барам? Тикмечиликкечи?" деп тааныштарыңыз аркылуу ар кандай курстардын даректерин, байланыш номерлерин издеп жатасызбы? Анда төмөндөгү макала- дал сиз үчүн. Сизге эң керектүү пайдалуу курстар тууралуу толук маалыматты сунуштайбыз.

курстар, Бишкек, эң керектүү, пайдалуу, Умма

1- “Хисса бинт Зайд аль Талиб” Кыргызстан аялдар өнүктүрүү борбору кыз-келиндерди кулинария курсуна чакырат. Курс бир ай созулуп, бул убакыт аралыгында улуттук жана Европа ашканасын өздөштүрүп, өзүңүздү бул тармакта ишенимдүү сезип каласыз. Баасы – 3000 сом. Дареги: Ленин проспектиси, 111 (Чкалов көчөсү менен кесилишет). Байланыш номери: 0707694700; 0555201581.

2- “Хисса бинт Зайд аль Талиб” Кыргызстан аялдар өнүктүрүү борбору балдарды араб тилин үйрөтүү курсуна кабыл алат. Аталган курстан балдарыңыз: 1- окуганды; 2- жазганды; 3- сүйлөм түзгөндү; 4- күнүмдүк турмушта сүйлөшө билгенди ; 5- мындан ары араб тилин тереңдеп үйрөнүүгө пайдубал болчу билимге ээ болуп чыгат. Курс коммуникативдик ыкмада өткөрүлүп, жогорку эффективдүүлүккө ээ болот.

1 группага 8-10 бала кабыл алынып, окутуу оюн ыкмасында жүргүзүлөт (аудио,видео материалдар);

Араб авторлорунун китептери колдонулат;Тажрыйбалуу педагогдор сабак берет.

Курс жумасына 2 ирет 1 сааттан өткөрүлөт. Айына - 1000 сом.

Байланыш номерлери: 0704027679, 0500985656, 0708736949,0708147342, 0707694700, 0555201581 (вотсап).

3- “Инсандык жардам” кайрымдуулук фонду ишемби жана жекшемби күндөрү толугу менен акысыз пайдалуу курстарды сунуштайт.

1- Куранды тажвид менен окууну, жаттоону үйрөтөт (саат 9:30-11:00);

2- Араб, түрк тили курстары (саат 11:45-12:30);

3- Негизги диний маалыматтар (саат 11:00-11:35);

4- Кулинария сабактары (саат 11:45-12,30);

5- Курандын тафсири лекциясы (12:30 – 13:15)

6- Кол эмгек курсу (13:30-14:30)

Аталган курстар толугу менен акысыз болот, жаш куракта чектөө жок. Каалаган курсуңузга тиешелүү убакытында келип катыша берсеңиз болот.

Дареги: Ишенбай Абдраимов көчөсү, 6-үй (“Азия молл” соода борборунун аркасында);

Байланыш номери: 0704 355 344 (Сабина)

4- Кыргызстандын аялдар конгресси “Швея. Дизайн” курсуна ноябрь-декабрь айына каттоо жүргүзүүнү баштады. Курстун соңунда сертификат берилет. Узактыгы – 2 ай.

Дареги: Тоголок-Молдо 60А

Байланыш номери: 0553771204

Акысы – 2000 сом.

5- Кыз Куран курсунда январь айынын 3-жумасынан баштап 5 айлык окуу башталат.

Окуу эртең мененки, түшкү жана кечки окуу болуп бөлүнөт. 5 айлык курста өтүлө турчу сабактар:

1- Куран;

2- Тажвид;

3- Сиро;

4- Акыйда;

5- Фикх;

6- Пайгамбарлар тарыхы;

7- Бала тарбия;

8- Үй-бүлө сабактары өтүлөт;

Ошондой эле, учурда тек гана Куран сабагы үчүн түштөн кийинки группага кабыл алуу жүрүүдө.

Байланыш номери – 0552 012 571.

6- "Мутакаллим"аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси бир жылдык Куран курсуна 16 жаштан 70 жашка чейинки кыз-келиндерди жана апаларды чакырат.

Өтүлүүчү сабактар: 1- Куран; 2 -Араб тили; 3-Акыйда; 4 -Фикх 5-Сиро -кошумча лекциялар.

Курска катталууга керектелүүчү документтер: 1-паспорт көчүрмөсү; 2 -3×4 өлчөмүндө сүрөт; 3 -жашаган жерден справка -түшүнүк кат.

Сабактар жумасына 3 жолу болот: дүйшөмбү, шаршемби, жума.

Дареги: Киркомстром, День Сяопин-354/Алыкулова.

Акысы- 500 сом.

Байланыш номери: 0555 622 092; 0700 250 020.

7- “Расул Акрам” ислам институтунун алдында ачылган араб тилинин грамматикасын уйрөтүү курсу бардык каалоочу мырзаларга эшигин ачат. Окуу жалпысынан 9 ай жүргүзүлөт, ар бир айга 1000 сом акы төлөнөт. Курс мырзалар гана үчүн.

Байланыш номерлери: 0777 75 23 15; 0708 87 77 86.

8- Жалдагы "Кыз Куран" курсу каалоочуларды 2 сааттык Куран курсуна чакырат. Жумасына 5 күн бою 1 сааттан Куран сабагы өтүлсө, калган 1 саатында акыйда, адеп-ахлак, сиро боюнча сабактар берилет. Баасы: айына – 500 сом.

Дареги: Ахунбаев – Баха, 200. Байланыш телефондору: 0770 614605, 0707 613643.

9- Тунгучтагы “Кыз Куран” курсу 5 айлык окууга декабрдан баштап каттоо жүргүзөт. Аталган 5 айлык курста Куран, араб тили, адеп-ахлак, сиро, пайгамбарлар тарыхы, араб тили сабактары берилет. Баасы-2000 сом. Кошумча 500 сом катталуу үчүн. Дареги: Анкара көчөсү, 28 (Чолпон Ата көчөсү менен кесилишет). Байланыш номери: 0702700595 (вотсап), 0554700595.



Башка макалалар
Дагы кѳрсѳтүү
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов

Намаз убактылары
13 декабрь 2018г.
Багымдат
06:41
Күндүн чыгуу
08:24
Бешим
12:56
Аср
15:46
Шам
17:32
Куптан
18:47