Единение. Просвещение. Созидание.
ислам журналы
С именем Аллаха, Милостивого и Милосердного. Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын аты менен!
«Акыйкатта үммѳтүӊѳр бир эле үммѳт…» («Анбийа»сүрѳѳсү, 92-аят)

Сообу чоң 8 амал

Автору: "Умма" журналы / Жарыяланды: 1 ноябрь 2018

Мусулмандардын эң бийик максаты - бул жашоодо Аллахтын ыраазычылыгын табуу. Аллах Таала ыраазы болгон пенделерине бейишти убада кылган. Пайгамбарыбыздын (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) хадистеринде момундарга эң чоң белек бейиш убада кылынган 8 хадиске көңүлүңүздөрдү бурабыз.

1. Жетимге жакшылык кылуу. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Жетимди кепилдигине алган адам экөөбүз, Бейиште ушунчалык аралыкта жакын болобуз» – деп, ортоною менен сөөмөйүн көрсөттү. (Имам Бухари).

2. Ата-энеге сый-урмат көрсөтүү. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Мурду менен жер сүзсүн, мурду менен жер сүзсун, мурду менен жер сүзсүн» – деп кайталады. Сахабалар: Кимди айтып жатасыз? – деп сурашты, таң калышып. «Ата-энеси же алардын бири колунда картайып, бирок (аларга жакшылык кылбай) Бейишке кире албай калган адамды» – деп жооп берди. (Имам Муслим).

3. Тилди жана уяттуу мүчөлөрдү сактоо. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Мага ким эки эрининин жана эки бутунун арасындагы мүчөлөрүн күнөөдөн сактайм деп убада берсе, мен анын Бейишке кирүүсүн убада беремин» – деп айткан. (Имам Бухари).

4. Эртең мененки жана кечиндеги намаздарды толук кандуу аткаруу. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Кимде-ким эртең менен жана кечинде намаз окуса, Бейишке кирет». (Имам Бухари, Имам Муслим).

5. Ар дайым салам айтып жүрүү. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Ыймандуу болмоюнча, Бейишке кирбейсиңер. Бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө, ыймандуу боло албайсыңар. Бири-бириңерди жакшы көрүүгө түрткү болуучу амалды айтып берейинби? Саламыңарды жеткиликтүү айткыла!» (Имам Муслим).

6. Ар бир парз намаздан соң, «Аятал-Курсини» окуу. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Ар бир парз намазынан кийин «Аятал-Курсини» окуган адамды Бейишке кирүүдөн өлүм гана тосуп турат». (Имам Ан-Нисаи).

7. Беш убак намазды өз убактысында окуу. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Беш убак намазын өз убактысында окуп жүргөн адамды Бейишке киргизүүгө Алла Таала убада берген». (Имам Абу Дауд).

8. Даараттан кийин зикир кылуу. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип айткан: «Силердин кимиңер болсо да, толук даарат алып, анан: «Ашхаду аллаа илаха иллаллааху вахдаху лаа шариикалах ва ашхаду анна Мухаммадан аьбдуху ва расуулух» деп айтса, ага Бейиштин сегиз эшиги ачылат да, каалаганынан кире берет». (Имам Муслим).

Булак: Бейиш гезити



Намаз убактылары
28 март 2024г.
Багымдат
5:15
Күндүн чыгуу
6:52
Бешим
13:07
Аср
17:31
Шам
19:27
Куптан
20:42
Адис жооп берет
Сизди кызыктыргын суроого жооп издеп, же имам суроо берсеңиз болот.
Суроого жооп берген:

Кадыр Маликов